Түркия гезиттери Халифалык жөнүндө жаза башташты

301
0

Түркия гезиттери Халифалык жөнүндө жаза башташты

Түркияда чыгуучу “Миллиет” гезити “Халифалык шарт” деген темадагы макаланы басып чыкты. Жазуучу Мехмет Шевкет Эйгинин калемине таандык макалада Ислам үммөтү үчүн Халифалыктын зарыл жана шарт экендиги баса белгиленет. Гезит Ислам дүйнөсүндөгү бардык балээлер Халифалык жоктугу себептүү болуп жатканын жазып, макалада жалпысынан мындай дейт:

“Нажат табуучу фирка болуп эсептелген Ахли-Сунна вал-жамаадан болгон акылдуу жана аӊ-сезимдүү ар бир мусулман Халифалыктын тарапкери. Себеби, Расулуллах с.а.в.: “Мойнунда байъаты болбогон абалда өлгөн адам жахилият өлүмүндө өлүптүр”, – деп айткан. Дүйнөдөгү ар бир дин, акыйда, тайпа жана коомдордун жетекчиси бар. Исламий Үммөттүн жетекчиси болсо Халифа, Имам, Амирул-муъминин деген даражага ээ болгон адам. Сиз капитаны жок кемени элестете аласызбы? Учкучсуз самолёт…? Жетекчисиз завод…?. Кумурскалардын да башчысы бар. Үйүр болуп жашаган айбандардын да жетекчиси бар.

Ислам үммөтүнүн акыркы халифасы Абдулмажид ибн Абдулазиз 1924-жылы чет өлкөгө сүргүн кылынды. Ислам үммөтү 1924-жылдан бери халифасыз жашап келүүдө. Бардык мусулмандар бир Үммөт болушу жана бул үммөттүн башында байъат кылып, итаат кылына турган рошид, адилеттүү, солих, таква, жөндөмдүү халифасы болушу наклий жактан да, аклий жактан да важиб.

АКШ, Европа Союзу, Израиль, Россия, Кытай жана Индия мамлекеттери Ислам үммөтү биригишин жана бир халифасы болушун каалашпайт. Алардын каалабастыгы жана каршылыгы мусулмандар үчүн шылтоо боло албайт. Акыл-эси ордунда болгон ар бир мусулмандын Халифалыкты тикелөөгө аракет кылышы шарт. Мусулмандардын башына түшүп жаткан балээлер жана кыйынчылыктар үммөттүн биримдиги жана халифасы жоктугу себептүү болууда.

“Дин иштери боюнча министрлик бар, демек Халифалыкка муктаждык жок”, – деп айтуу туура эмес. Бул министрлик Халифалыктын, министр болсо Халифанын ордун баса албайт. Дин иштери боюнча министрлик көз карандысыз уюм да эмес, ал илманий (светтик) Кемелчи режимге көз каранды уюм. Дин болсо илманийликке бүтүндөй тескери.

Халифалыкты жана халифаны четке кагуу куфрга алып баруучу көпүрө болуп эсептелет. Рошид халифа мусулмандарды кыйынчылыктардан кутулуп, өнүгүүсүнө эле эмес, бүтүндөй адамзаттын нажат табышына себепкер болот. Халифасыз бир жарым миллиарддык Ислам дүйнөсү тогуз миллиондук Израилге каршы чыга албай жатат.

Халифалык, Халифа шарт, зарыл, важиб. (Миллиет гезитинен кыскартып алынды).

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here