Европа Союзу билим берүү тармагын өнүктүрүү үчүн 10 миллион евро бөлдү
Кыргызстандын Каржы министрлигинин басма сөз катчысы Гүлмира Түгөлбаеванын билдиришинче, Европа Союзу бөлгөн каражат билим берүүнүн сапатын жакшыртуу, мектептерге окуу куралдары жана жабыдктарды сатып алууга жумшалат. Кабарда келишинче, бул каражат Билим берүү жана илим министрлигине грант катары берилүүдө.
Туркистон:
Белгилүү болгондой, колонизатор мамлекеттер өздөрүнчө “үчүнчү дүйнө” деп атап алган мамлекеттерге, негизинен айыл чарбасы, жол курулушу, суу менен камсыздоону жакшыртуу жана билим берүү тармактарына жумшоо үчүн гана карыз беришет. Колонизатор мамлекеттер эч качан өнүгүп келе жаткан же башкача айтканда үчүнчи дүйнө мамлекеттерине оор өнөржай, аскердик өнөржай же машинакуруучулукту өнүктүрүү үчүн акча беришпейт. Себеби, бул тармактар үлкөн киреше алып келүүчү булак болуп, бул тармакка жумшалган каражат эч канча убакыт өтпөстөн өзүн актайт жана жумшалгандан бир нече эсеге көбүрөөк пайда алып келет. Жетекчи мамлекеттер үчүн болсо кол астындагы мамлекеттер аскердик же оор өнөржайга ээ болушунан эч кандай пайда жок. Мындан тышкары, ушул мамлекеттер кызыкчылыгына кызмат кылуу үчүн түзүлгөн Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) да колония мамлекеттерде оор өнөржай өнүгүшүнө жол бербестик үчүн түзулгөн. Ал эл аралык мыйзам жана өлчөөлөр аркылуу бул мамлекеттерди көзөмөлдөп келет.
Жетекчи мамлекеттер тарабынан карызга каражат бөлүнө турган айыл чарбасы жана башка тармактарга канча каражат жумшасаӊ да өзүн-өзү актабайт. Тескерисинче, мамлекеттерди карызга батыруу үчүн гана кызмат кылат. Колонизатор мамлекеттер бере турган карыз же гранттардын эң кооптуусу билим берүү тармагына бөлүнө турган каражаттар болуп эсептелет. Себеби, бул мамлекеттер билим берүү тармагына карыз берип жатканда, карыз алып жаткан мамлекеттен билим берүү программасын кандай түзүү, өсүп келе жаткан жаш муунга кайсы предметтен кандай сабак берүү жол-жобосун да түзүп беришет. Ал тургай, бул тармактын майда-чүйдөсүнө чейин киришип, окуучулар кандай кийиниши керектигине чейин аралашат.
Экономикалык жактан алсыз, мамлекеттик бюджети тышкарыдан алына турган карызга таянып калган мамлекетти болсо бул нерсе кызыктырбайт. Мунун натыйжасында болсо бардык иштерин бир гана материалдык кызыкчылык үстүнө кура турган жана билим берүүдө да ушул нерсени үстөм коё турган Батыш сакафатынын кесепетинен ата-бала, ага-ини ортосундагы мээрим жоголуп кетет. Жетим балдар жана карылар үйү болсо жакындары баш тарткан балдар менен карыларга толуп кетет. Булардын бардыгы, ушул дүйнөдө гана жакшы жашап калуу түшүнүгү негизинде калыптандырылган билим берүү программасынын натыйжасы болуп эсептелет.