Иран президенти расмий сапар менен Кыргызстанга келет

262
0

Иран президенти расмий сапар менен Кыргызстанга келет

 Ирандын президенти Хасан Роухани 22-декабрь, бейшемби күнү расмий сапар менен Кыргызстанга келет.

Ирандын президенти буга чейин Армения жана Казакстанда болду.

Ирандын Кыргызстандаги элчиканасы кабар беришинче, Роухани президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушат. Жолугушууда өлкө башчылары эки тараптуу кызматташтыктын өнүгүшүн талкуулап, аймактык жана эл аралык маселелер боюнча пикир алышат.

Бул Иран президенти Роуханинин Кыргызстанга экинчи сапары. Ал буга чейин 2013-жылдын сентябрь айында ШКУнун самитине катышуу үчүн келген.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here