Түркия Халаб кыргынын бир күндө токтотуп коюуга кудуреттүү
Халабдын түндүк бөлүгүн басып алган Асад аскерлери жана Ирандан келген жалданма желдеттер шаарда массалык кыргын кылууда. Окуяга күбө болгон Махмуд Шайхтын билдиришинче, 67 киши атып өлтүрүлүп, 4 аял жана 9 жаш бала тирүүлөй өрттөлгөн.
“Атымды жашыруунун кереги жок. Корко турган жерибиз калбады. Баарыбир биз да өлөбүз”, – деди Махмуд Шайх массалык маалымат каражаттарына берген интервьюсунда.
Хизб ут-Тахрир Түркия вилаяты бүтүндөй үммөттү, айрыкча күч-кубат ээлерин Халаб кыргынына кайдыгер болбостукка чакырып, “Түркия Халаб кыргынын бир күндө токтотуп коюуга кудуреттүү” деген аталышта видео кайрылуу чыгарды. Видео кайрылууда мындай деп айтылат:
“Түркия деңиз күчтөрүнөн тышкары, кургактык күчтөрүнүн 25 пайызын гана Сирияга жиберүү менен 5 жылдан бери уланып жаткан согушту токтотуп коё алат.
АКШ, Россия, Иран жана Асад кошууну 5 жылдан бери токтото албай жаткан Сирия жаңжалын чечүү үчүн, Дамашк жана Халаб шаарларын курчап алуунун өзү жетиштүү болот. Мына ошондо жогорудагы мамлекеттер жана бүтүндөй Батыш дүйнөсү Түркия алдында чөгөлөйт.
Түркия Сирияга чектеш өлкө болгондуктан, ал жерге кыска убакытта кошуунун жеткирүү мүмкүнчүлү бар. Түркия куралдуу күчтөрү Асаддын коргонуусун бир заматта талкалап таштайт. Түркия бронетехника жана танктарды өзү иштеп чыгарат. Сириянын болсо мындай өнөр жайы жок. Сирия режими жок кылынган техникаларды кайрадан калыбына келтирүүдө аскерий жардамга муктаж болот. Себеби, ал аскерий техникалар жаатында чет мамлекеттерге көз каранды. Түркиянын болсо согуш жүрүп жаткан кезде да аскерий техникаларды иштеп чыгаруу мүмкүнчүлүгү бар.
Авиациядан колдоо алып турган жердеги кошуун Сириянын асманга көтөрүлө турган ракета батареяларын таасирсиз абалга келтирет. Түркия өз кубаты менен учкучсуз самолёттору аркылуу Сириянын ракета системасын жок кыла алат. Мындан тышкары, Түркиянын жогорку ылддамдыктагы 240 даана F16 аскерий самолёту жана 800 даана 9G бомбалоочу самолёту бар. Асаддын колундагы 1960-жылдары чыккан СССРдин “MIG”дерин бул аскерий самолётторго мүмкүн эмес.
Мындай операция үчүн Диярбакр жана Малатяда башкаруу көзөмөл борбору түзүлөт. Батман жана Еркилетте жайгашкан учкучсуз самолёттор базалары да абадан колдоп-кубаттап турат. Сирия аба майданын толук көзөмөлгө алуу үчүн Инжирлик авиа базасында аскерий самолёттор үчүн учуп-конуучу тилке даярдоо мүмкүнчүлүгү бар. Түркия жана Сирия авиа аракеттери ортосундагы эӊ көрүнүктүү айырма, Түркиянын абадагы самолёттору “жерден колдоо алуучу заманбап системага” ээ. Мунун мааниси, аскерий операция үчүн белгиленген ар кандай учурда көптгөн самолёттор бир эле мезгилде учууга кудуреттүү.
Түркия мындай операцияны аткаруу үчүн тарыхий күчкө ээ. Айрыкча мындай аракет бүтүндөй мусулмандар, өзгөчө Жакынкы Чыгыштын калкы тарабынан колдоого ээ болот. Түркиянын Халабды куткаруу о.э. Сирия калкын АКШ, Россия, Иран жана Асад режиминен куткаруу үчүн баштаган аскерий аракети региондогу куурчак акимдерди араб калкынын назарында этибарсыз адамдарга айландырат.
Мындай аскерий аракет негизинен региондо тынымсыз зулумду улантып жаткан баскынчы Израилдин жүрөгүн түшүрөт. Түркиянын Сирияны куткаруусу – анын яхудий вужуду менен чектеш болгондугунун белгиси. Т.а. Түркиянын Шам өлкөлөрүнө аким болушу Израиль башын көтөрө албайт дегенди түшүндүрөт.
Түркиянын мындай күчтүү аскерий аракети каршысында PПK(Курдистан жумушчулар партиясы) сыяктуу топтордун деми ичине түшүп кетет. Түркия стратегиялык жактан жайгашуусу, аскерлеринин саны, запасы, калкы арасында жаштардын көптүгү жана элдин колдоп-кубаттоосу себептүү бул аскерий операцияны ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Демек, Түркия дүйнөлүк масштабда исламий супер күч катары дагы кайрадан өздүгүнө кайтышы үчүн саясий эркке муктаж. Себеби, куру сөзгө караганда “иш жүзүндө аткаруу” өз күчүн көрсөтөт. Ушундай болгон соӊ, көп сүйлөгөндү токтотуп, аракетти баштагыла. Сирия жаӊжалына бир күндө чекит койгула!”.