ИИМ адашуусун улантууда
Шаардык милициянын кабар беришинче, Бишкек шаарында өткөрүлгөн атайын операциянын алкагында беш даана колго жасалган жардыруучу зат менен экстремист кармалган.
Кабарда келишинче, УКМК жана милиция кызматкерлери 29-ноябрь күнү ыкчам-иликтөө операциясынын алкагында Жалал-Абад облусунда төрөлгөн 31 жаштагы жарандын үйүндө тинтүү өткөрүшкөн. Алардын билдиришинче, бул адам мамлекетте тыюу салынган диний экстремисттик уюмдун активдүү мүчөсү болгон.
Тинтүү учурунда анын үйүнөн колго жасалган детонатору жок беш даана жардыруучу зат табылган. Ошондой эле диний-экстремисттик уюмдун китептери да табылган.
Кабарда келишинче, кармалган адамдын апасы жана агасы экстремисттик ишмердүүлүгү үчүн камакка алынып, жаза мөөнөтүн өтөп жатышат.
Туркистон:
Акыркы кездерде Кыргызстандын күч органдары исламий жамааттарды, айрыкча Хизб ут-Тахрирди жаманатты кылуу, исламий жамааттар менен Үммөт ортосунда ажырым пайда кылуу аракеттерин күчөтүп, бул максатына жетишү жолунда ачык эле айла-амал иштетүү, курулай доомат кылуу жана жалаа жабуу жолуна өтүп алышты.
Күч түзүмдөрү кечээ күнү өткөргөн кезектеги операциясында да колго жасалган жардыруучу заттар менен бирге экстремисттик мазмундагы китептер табылганын айтышып, табылган нерселердин арасына Хизбдин китебин кошуп коюшуптур. Телевидение аркылуу көрсөтүлгөн материалда болсо 2009-жылы чыккан “Ал- Ваъй” журналы чоӊ планда көрсөтүлдү.
Белгилүү болгондой, өткөн аптада ИИМ Ош шаарынын тургуну болгон аялды “ИШИМ”ге кошулуу максатында бара жаткан учурда кармалгандыгы, анын жанынан “ИШИМ” уюмуна чакыруучу бир нече материалдар жана символдор табылганы, ал аял Хизб ут-Тахрирдин мүчөсү экендиги тууралуу эч бир уялбастан кабар тараткан болсо, андан бир аз убакыт мурда УКМК Хизб ут-Тахрир өз ыкмасын өзгөрткөнү тууралуу билдирип чыккан эле. Алардын максаты, кандай жол менен болсо да Хизбди куралдуу уюмдар менен бир катарда кылып көрсөтүү.
Өкмөт Хизб ут-Тахрирге каршы саясий күрөш баштады. А бирок, бул күрөштө өзүнүн мабдаий жана пикирий жактан алсыз экендигин билгендиктен, жалаа жабуу негизинде күрөшүп жатат. Ал эми, алардын кылып жаткан иштери болсо жабылбаган жамак сыяктуу болуп чыгууда. Алар жалаа жабуу иштеринде да караӊгы жана наадан экендиктерин көрсөтүп коюшууда. ЖМКлар болсо жаманатты кылуу кампаниясына кошулуу менен алардын күнөөлөрүнө шерик болушууда.
Хизб ут-Тахрир саясий хизб болуп, анын мабдасы Ислам. Хизб өз фикраты боюнча Үммөт менен бирге жана ал аркылуу Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалыкты тикелеп, исламий турмушту кайрадан баштоо үчүн ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Хизб өз максатына жетүү үчүн Расулуллах с.а.в.дын тарыйкатын карманат. Ал адамдарга пикирий жетекчилик кылат жана Үммөт кызыкчылыктарын Ислам негизинде табанний кылат, акимдерди өзгөртүү үчүн саясий жана пикирий күрөш алып барат. Хизб ут-Тахрир 60 жылдан бери исламий дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттеринде ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Ал акыйкат сөздү гана айтат, жалгандарды четке кагат, арзыбаган куру кыялдарды ишенимдүү көрүнүштө жок кылат. Хизб Аллахка даъват кылат, мында маддий (материалдык) күч колдонууга өтпөйт. Ошондуктан, Хизбдин эч кандай куралдуу канаты жок жана мунун тескерисин далидеген эч кандай окуя да жок.
Четке кагып болбой турган далилдер бар экендигине карабастан, расмий бийлик Россиянын көрсөтмөсү негизинде Хизб ут-Тахрирге каршы аны жаманатты кылуу күрөшүн улантууда. Биз алардын бул аракеттерине жооп иретинде, Расулуллах с.а.в.дын:
“Уялбасаӊ, каалаганыӊды кыл”, – деген хадисин эскертебиз.