Жээнбеков: Россияга каршы санкциялар Кыргызстан экономикасына да таасирин тийгизди

240
0

Жээнбеков: Россияга каршы санкциялар Кыргызстан экономикасына да таасирин тийгизди

 Эгерде Батыш мамлекеттеринин Россияга каршы санкциялары болбогондо, Россия менен Кыргызстандын экономикасы башкача болмок. Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков парламенттин мамлекеттик бюджетти талкуулап жаткан жыйынында айтып өттү.

 Анын айтымында, санкциялар себептүү импорттун көлөмү азайып жатат. Себеби, негизги өнөктөшүбүз Россия. Санкциялар РФ экономикасына таасирин тийгизген жана бул нерсе Кыргызстандагы экономикалык абалга да таасирин тийгизди.

 Жээнбековдун билдиришинче, импортту көбөйтүү жаатында үчүнчү мамлекеттер менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Анын айтымында, бир катар кыйынчылыктар да болгон, мисалы, кыргызстандык ишкерлер август айынан бери Кытайга виза ала алышпаган. Бул маселелер чечилүүдө.

 Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчиси Азамат Сулайманов Кыргызстан ЕАЭБге бажыдан түшкөн кирешенин канчасын алат деген суроого жооп берип жатып, 2016-жылдагы прогноздорго караганда мамлекет 17,9 миллиард сом пайда алышы керек деген. А бирок анын айтымында, үчүнчү мамлекеттерден импорттун азайышы себептүү, киреше болжол менен 2 миллиард сомго аз болушу мүмкүн.

 Бажы биримдигинин жалпы кирешесиндеги Кыргызстандын үлүшү 1,9% кылып белгиленген. Акыркы кездерде ЕАЭБ мамлекеттеринде импорт көлөмүнүн азаюусу күзөтүлүүдө, бул болсо, бажы төлөмдөрүнүн азайышына алып барат.

Туркистон: 

Кыргызстан президенти мамлекетти ЕАЭБге алып кирип бара жатканда Россия экономикалык санкциялар кысымында эле. Кыргызстанда премьер-министрлер  тез-тез алмашуусунун себеби да ушунда. Алардын колу менен жогорудагы сыяктуу тарыхий каталар ишке ашырылат. Андан соӊ алар четтетилип, кийинки премьер-министр мурункусунун каталарына жооп бербейт. Түпкүлүгүндө, премьер-министрлер президент жүргүзүп  жаткан тышкы саясатка ылайык иш алып барышат. Т.а. алардын бири да бул тышкы саясатта, айрыкча эл аралык уюмдарга кошулуу маселесинде, өз ыктыяры менен чечим кабыл алышпайт.

Жогоруда премьер-министр, ансыз деле тартыштык менен менен кабыл алынган 2016-жылдын бюджетинин дефицитин толтуруу үчүн, элге кошумча төлөмдөрдү жүктөөнүн алдында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Т.а. жумушчу жана пенсионерлерге айлык акы жана пособиелерди берүү кечигип калышы мүмкүн.

Бул дефицитти толтуруу үчүн, эл аралык банктар, мамлекеттер же уюмдардан карыз алынат эле. Бүгүнкү күнгө келип, Кыргызстандын карызы ИДПнын 70% пайызынан ашып барууда. Эл аралык банк тарабынан тынчсыздануулар билдирилип, бир нече жолу эскертүүлөр берилген. Ошондуктан, өкмөт ички ресурстарды кысымга алып, бажы жана салык кызматкерлерине басым өткөрүү менен, бюджеттин дефицитин ансыз деле экономикалык абалы начарлап бара жаткан жарандардын мойнуна жүктөмөкчү болууда.

Өкмөттүн бул иш-чаралары, экономикалык сокур жана эртеӊкисин ойлобогон манкурттардын аракети болуп, мамлекеттик экономиканын калган бөлүгүн да кыйроого учуратат. Себеби, бажы төлөмдөрүнүн көтөрүлүшү ишкерлерге катуу сокку болот. Ичкеридеги салык системасын күчөтүү же көбөйтүү болсо, ишкерлердин иш-аракетине катуу сокку болуп, мамлекеттеги ишкерлердин жок эле дегенде жарымынын иши токтоп калышына себеп болот. Бул болсо, салыктан түшүүчү кирешелерди көбөйтпөйт. Тескерисинче, инфляциянын ого бетер күчөшүнө, экономикалык, социалдык жана саясий кризистерге алып барат.

Чечим барбы? Бар!  Эл аралык уюмдар ушул күндөгү кризистик абалдан чыгуу долбоорун беришибизди талап кылышууда. Биз аларга, бул абалыбыздан кутулуунун бирден-бир жолу, эл аралык глобалдык экономикалык мыйзамдарды четке кагуу экенин айтышыбыз керек. О.э. өнөржай өнүгүшүнө тоскоол болуп турган ар кандай уюмдарды өлкөбүздөн чыгарып, өнөржайга болгон салыкты өзүбүзгө ылайыктуу кылып белгилеп алышыбыз керек. Т.а. жарандарыбыз үчүн иштеп чыгарууга болгон бардык шарттарды түзүп берүү керек. Бул нерсе албетте жогорудагы премьер-министр ойлоп жаткандай бир-эки айда чечиле турган долбоор эмес. Тескерисинче, үстүбүздөгү куфр колонизаторлорун четке кагуучу жаӊы экономикалык система болот. Бир гана ушул экономикалык система бизди карыздардан куткарышы мүмкүн. Антпесе, колубуз кишенделип туруп, кишендеп койгон колонизатор бизге эмне үчүн карызды бере албай жатасын дегендей көрүнүш болууда. Биз болсо бул кишенге ушунчалык үйрөнүп калдык дейсиӊ, муну чечип жиберсе кантип иштейбиз деп, ал тургай чечип жибериши тууралуу пикирлөөдөн да коркобуз. Т.а. ушундай саясий элита үстүбүздө саясат жүргүзүүдө.

Премьер-министр болсо, президент баш болгон жетекчи режимди сактап калуу позициясынан туруп пикирлеп жатат. Кыргыз элитасынын арасында, Кыргызстан жарандарынын кызыкчылыгынан келип чыгып пикирлей турган саясатчы жок жана болгон да эмес. Илгери Советтер Союзу о.э. Россия кызыкчылыгынан келип чыгып пикирлешкен болсо, эми Россия, Батыш мамлекеттери жана АКШ кызыкчылыктарына ылайык пикирлешет. Үстүбүздөгү экономикалык, саясий, социалдык жана сакафий кризистердин дээрлик бардыгы ушул саясий элитанын кесепетинен келип чыгууда!

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here