Саудия бюджетиндеги дефицит жана карыз алуу саясаты
Кечээ жакында эле экономикалык жактан региондогу эң күчтүү мамлекеттердин бири болуп эсептелген о.э. инвестиция жаткыруу үчүн жакшы чөйрө издеген дүйнөдөгү ири ишкерлердин «кыбыласы» болуп келген Саудия, бүгүнкү күнгө келип, акыркы он жылдыктагы эң оор экономикалык кризистин олжосуна айланып олтурат… Бүгүн анын каржылык дефицити, валюта запасынын азайышы өз жарандарына каршы өтө эле үнөмдүүлүк саясатын колдонууга мажбурлап жатат, андан соӊ көпчүлүктүн планын жокко чыгарып, Эл Аралык Банктардан карыз алууга мажбур кылууда.
Отчёттордо келишинче, Эр-Рияд Яманга чабуул кылышы, экстремисттик жамааттарды о.э. партия жана адамдарды каржылашынын натыйжасында өзүнүн валюта запасынан жетимиш миллиард доллар чыгарып алган. Мындан тышкары, ал ОПЕК уюмунда нефтинин баасын түшүрүү үчүн негизги ролду ойноду. Бул иштер анын бюджетинде ири көлөмдө дефицит жүз беришине себепкер болду.
Нефть байлыгында сүзүп жүргөн бир мамлекеттин мындай оор абалга түшүүсү Эл аралык Валюта Фондун тынчсыздандырып койду. Натыйжада ал Саудияны запастарды сактап калуу үчүн финансылык саясат чөйрөсүн кеӊейтүүдөн тышкары өзгөртүү чараларын колдонууга чакырды. О.э. өлкөдө жаңы салыктарды киргизүүнү, мамлекеттик компаниялар деӊгээлинде ачык-айкын жана расмий жумушчу орундарды сунуштоону талап кылды. Эл аралык Валюта Фонду Эр-Риядды ички талаптагы өсүүгө жооп иретинде нефть баасын көтөрүп баруу чараларын колдонууга чакырды.
Акыркы кездерде нефтинин баасы төмөндөп кетиши натыйжасында Саудиянын экономикасы кыйроону көздөй бара жатат. Бир баррель нефть 120 доллардан 48 долларга түшүп кетти. Бул болсо, ички кирешенин 85%дан көбүрөөк бөлүгүн нефть продукцияларын экспорттоодон ала турган бир экономика катуу соккуга дуушар болгонун түшүндүрөт.
Саудиянын улуттук мекемеси болуп эсептелген «Инвестициялык киреше» мекемесинин кабар беришинче, мамлекеттин валюта запасы бир нече жылдан бери алгачкы жолу эӊ төмөнкү даражага түшүп кеткен. Мисалы, 2014-жылдагы 732 миллиард доллар, 2015-жылга келип 611.9га, 2016-жылы август айынын аягында болсо 562 миллиард долларга түшүп кеткен.
Мамлекет чыгарган финансылык отчётторго ылайык, мамлекеттик бюджеттеги рекорддук дефицит 2015-жылдын бюджетинде 98 миллиардга жеткен. Ушул дефицит 2016-жылдын бюджетинде 87 миллиардга, 2016-жылдын аягына барып 107 миллиард долларга жетиши божомол кылынууда.
«Инвестициялык киреше» мекемесинин божомолдору боюнча, 2015-жылы 142 миллиард риялды түзгөн ички карыз үстүбүздөгү жылдын аягына барып 263 миллиард риялга көтөрүлөт, 2017-жылы 503 миллиардга көтөрүлүшү о.э. карыздын ушул жана келерки жылдардагы Ички дүӊ продукцияга карата көрсөткчү 11.1 % жана 20.1 %га жетиши божомол кылынууда.
Саудиянын баалуу кагаздары жана Эр-Рияддын тышкы саясаты:
Мына ушундай абалда, Саудиянын бир нече газета жана маалымат булактары биринчи саясий мүнөзгө ээ, андан соӊ экономикалык мүнөзгө ээ болгон бир катар пикирлерде Саудия экономикасы жакшы деп айтылбаганын кабарлады.
Саясий мүнөзгө ээ пикирлердин биринчисинде баалуу кагаздарды сатыкка чыгаруу айтылган. Т.а. башында эле жарыя кылынышынча, баалуу кагаздар Лондон биржасы аркылуу сатыкка чыгарылбаган, тескерисинче Ирландия базары аркылуу чыгарылган.
Эксперттер буга төмөнкүдөй түшүндүрмө беришет: Эр-Рияд бул үчүн Лондонго ачуулангандыгын билдирген. Себеби, Британиядагы саясий жана маалыматтык чөйрөлөр, ошону менен бирге, өкмөт жана өкмөттүк эмес чөйрөлөр тарабынан үлкөн каралоолор болуп, аларда Саудияда адам укуктары бузулуп жатканы, Яманга каршы согушта Эр-Рияд жетекчилик кылып жаткан коалициялык күчтөр кылмыштарды кылып жатканы айтылган. Кылмыштар ушунчалык олуттуу болгон дейсиӊ, натыйжада, Британиядагы айрым саясатчылар жана партиялар Саудияга экспорт кылынуучу куралдарга эмбарго киргизүүгө чакырган.
Саясий мүнөздөгү пикирлердин экинчиси боюнча, Эр-Рияд өз саясаты жана эл аралык мамилелеринде реалдуу көрүнүштө Англо-Саксония чөйрөсүнөн акырындап четтеп жатат. Саудия бийлиги баалуу кагаз кардарлары жана өнөктөштөргө басып чыгууга тиешелүү айрым шарттарды киргизди. Ага ылайык, кардарлар жана инвесторлорго мекемеден толук басып чыгуу укугун берди, а бирок АКШ жаранынан башка адамдар болушун шарт кылды.
Лондондо чыгуучу «Жакынкы Чыгыш» гезитинин билдиришинче, Саудия бийлиги ушул жылдын 23-октябрында баалуу кагаздарды АКШ базарында – түздөн-түз же кыйыр түрдө – сатуу жана мамиле кылуу о.э. АКШ жараны болгон адамдар пайдасына сатуу мүмкүн эместигин баса белгиледи.
«Bloomberg» экономикалык агенттиги Саудиянын ушул маселедеги иши саясий мүнөзгө ээ экендигин баса белгилейт. Анын билдиришинче, проблема Саудиянын финансылык структурасында жана Эр-Рияддын аларды жакын арада чечиши күтүлбөй жаткандыгында.
Мисалы, «Иктисадия» гезити он миллиарддаган доллар баалуу кагаз басып чыгууда биринчи күтүлгөн сатыкка чыгарууда 17.5 миллиард долларга жетип, бардык карыздар толук жабылганын кабарлады.
Жалпысынан алганда, Саудиянын баалуу кагаздарды соодага чыгаруусу 5 жылдык, 10 жылдык, 30 жылдык болуп үч доорго бөлүнөт. Биринчи бөлүктөгү 5 жылдык карыздар 5.5 миллиард доллар болуп, жылдык проценттик ставкасы номиналдык жактан 2.375 %га жетет. Де-факто жагынан (негизин алганда) 2.588 %га жетет. Үчүнчү бөлүктөгү 10 жылдык карыздар да 5.5 миллиард доллар көлөмүндө болуп, жылдык проценттик ставкасы номиналдык жактан 3.25 %га, де-факто жагынан 3.407 %га жетет. Үчүнчү бөлүктөгү 30 жылдык карыздар 6.5 миллиард болуп, жылдык проценттик ставкасы номиналдык жактан 4.5 %га, де-факто жагынан 4.623 %га жетет.
Проценттин номиналдык жана де-факто ставкалары ортосундагы айырма, доллардын ошол кездеги айырбаштоо баасы менен басып чыгуу убактылары (5, 10 жана 30 жыл) арасында күтүлгөн баасы ортосундагы айырма. Бул болсо, Саудия илгерки абалынан артка чегингендигин о.э. өзүнүн улуттук валютасы болгон риялды АКШ доллары менен байлоодон баш тартканын жарыя кылгандыгын түшүндүрөт.
Бирок, айрым саудиялык чөйрөлөр ушул кадамды зарыл деп эсептешет. Алардын айтымында, бул кадам үстүбүздөгү жылдын апрелинен бери 20 %дан көпкө түшүп кеткен Саудия банктарынын үлүштөрү көрсөткүчүн 3.5 %га көтөрүүгө алып барган о.э. доллар агып киришине жаңы булак ачты. Бул болсо, эки негизги натыйжаны келтирип чыгарды: бири, АКШ долларынын Саудия риялына басым кылышын токтотту, экинчи, чет элдик валюталардын Саудия запасына болгон басымдарын азайтты.
Ырасында, бул баалуу кагаздарды басып чыгаруу Саудиянын маанилүү экономикалык секторларунда оӊ натыйжаларга алып келген соӊ, арзан нефть кылымынын токтобой уланышы да божомол кылынып жаткан соӊ, демек, бул эки нерсеге ишара кылат: биринчиден, түпкүлүгүндө, Саудия экономикасы түпкү проблемаларды баштан өткөрүп жатат. Экинчиден, Саудия экономикасы булактарын иргеп алуу жана анын өсүү мүнөзүн бекемдөө үчүн жумшалган аракеттердин көпчүлүгү ийгиликсиз болду.
Ушул эки харам өлкөсүндө – Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык көлөкөсүндө Аллахтын шарияты колдонулбаган соӊ, анын байлыктарынан, ресурстарынан тогут өкүмдарлар кызыкчылыгы үчүн эмес, мусулмандар кызыкчылыгы үчүн пайдаланылбаган соӊ – эч качан түпкү пайдалуу чечимдер болбойт.
Абдуллах Наимий