Мусулман Түркия калкы үчүн жападан-жалгыз чечим Халифалык
Президент Режеп Таййип Эрдоган “Түркия ШКУга мүчө болушу мүмкүндүгү” туурасында билдирүү бергенден кийин, ага карата түрдүү пикирлер билдириле баштады. Россия, Кытай жана Кыргызстан сыяктуу мамлекеттердин өкүлдөрү Эрдогандын бул пикирин алкыштады. Ал тургай? ага ШКУ алкагында милдет да жүктөлдү.
Спутник маалымат агенттиги тараткан кабарга ылайык, Түркия Шанхай Энергетикалык клубунун 2017-жылдагы ишмердүүлүгүнө төрагалык кылат. Шанхай Энергетика Клубу саммити 2017-жылы Стамбул же Анкарада болуп өтүшү пландаштырылган. Бирок, ШКУнун башкы катчысы Рашид Алимов болсо учурда уюмду кеӊейтүүгө шашылбай жаткандыгын билдирди.
“Уюмду кеңейтүүгө шашылып жаткан жерибиз жок. Бүгүнкү күндө Индия жана Пакистандын мүчө болушу туурасындагы иштер менен алектенип жатабыз. Бул жаатта программаларыбыз бар жана акырындык менен бир калыпта аракет кылып жатабыз”, – деди ШКУнун башкы катчысы.
Хизб ут-Тахрир Түркия вилаяты президент Эрдогандын жогорудагы билдирүүсүнө комментарий берип, Түркия бийлиги Европа союзу менен мамиле начарлаган учурда ШКУга мүчө болуу темасын көтөрүп чыга тургандыгын айтты. Хизб ут-Тахрир Түркия вилаятынын билдиришинче, Түркия өкмөтүнүн бул билдирүүсү 2013-жылы берилген билдирүүнүн дал өзү. Курулган күндөн баштап өнүгүү жана бийиктикти Батыштын бузук баалуулуктарынан издеп келе жаткан илманий демократиялык республиканы сындаган Хизб ут-Тахрир Европа Союзу да, ШКУ да, мусулмандардын дартына дабаа болбостугун баса белгиледи.
Хизб ут-Тахрир Түркия вилаятынын басма сөз бөлүмү тарабынан чыгарылган баянатта: “Ислам жана мусулмандардын душманы болгон Европа Союзу мусулмандарды эксплуатация кылып, Түркияга бир базар катары карап келди. Европа мамлекеттеринин Жакынкы Чыгыш жана Африкадагы мусулмандарга кылган зулумдары эч кимге сыр эмес. ШКУга мүчө мамлекеттер да мусулмандарга зулум кылууда алардан кем калышпайт. Европа Союзу да, Шанхай кызматташтык уюму да Ислам жана мусулмандарга каршы кандай душмандык кылып жатканы ачык-айкын. Ушундай болгон соӊ, Азиядагы мазлум мусулмандарга каршы залимдердин жанында болуу, аларга карата кыянат эмеспи? Же ШКУга мүчө мамлекеттердин жетекчилери кылып жаткан иштерден кабарыӊар жокпу? Күн сайын Халабды бомбалап жаткан жана Крымды басып алган Россия эмеспи? Чыгыш Түркстандагы боордошторубузду геноцид кылып жаткан Кытай эмеспи? Мусулмандардын сакалына да чыдай албай жаткан Тажикстан эмеспи? Коомдук жайларда намаз окууга тыюу салган Казакстан эмеспи? Камакка алынган мусулмандарды кайра чыгарбай жаткан мамлекет Өзбекстан эмеспи? Ислам жана мусулмандарга душмандык кылып жаткан бул жетекчилер менен бир уюмга биригүү, бул залимдердин зулумдарына шерик болууга барабар. Мусулман Түркия калкы үчүн Европа Союзу да, ШКУ да чечим боло албайт. Алты жылдан бери башына бомба жаап жаткан сириялыктарды, бутпарасттардын кыйноосу астында өлтүрүлүп жаткан аракандыктарды жана азанга да тыюу салынып жаткан Палестинаны куткара турган жападан-жалгыз чечим – Халифалык”, – деп айтылат.