ИИМдин кезектеги жалаасы

372
0

ИИМдин кезектеги жалаасы

«Сводка» (АКИpress) – маалымат агенттиги 24-ноябрдагы санында “Октябрь айынын аягында Ош аэропортунан Түркияга учуп барып, ал жерден ИШИМ уюмуна кошулуп кетүүнү көздөгөн” деген шек менен кармалган бир аял тууралуу кабар таратты. Алардын билдиришинче, бул аял Хизб ут-Тахрир уюмунун аялдар канатынын башчысы имиш.

Туркистон: 

Кызыгы, ИИМдин маалымат кызматы билдиришинче, ИШИМ тарапка учуп бара жаткан бул аялдын жанынан ИШИМ уюмуна кошулууга үндөгөн бир нече адабияттар жана символикалык белгилер чыккан имиш. Бул орган кызматкерлери акылынан адашып калышкан, же элди “келесоо, эмне десе ишене бере турган көк-мээлер” деп ойлоп жатышат. Себеби, “ал жактан биз тарапка үгүт материалдарын алып келе жаткан экен” деп айтышса да бир аз акылга туура келмек. Бирок, ал жактын өзүндө толуп жаткан, ал тургай, алар биз тарапка алып кире албай кыйналып жатышкан символдор жана үгүттөөчү материалдарды ал жакка учуп бара жаткан бечара аялга жабыштырып коюусу эч кандай логикага туура келбейт. Бул нерсе, маселенин бир тарабы жана сценарий туура эмес уюштурулгандыгынын о.э. бул сценарий жалаа жабуу негизине курулгандыгынын биринчи далили.

Экинчи тараптан карай турган болсок, бул бечара аялдын Хизб ут-Тахрир уюмуна эч кандай тиешеси жок! Тиешеси болгон күндө да, эч нерсе өзгөрмөк эмес. Себеби, орган кызматкерлери бул сыяктуу ыпылас операцияны ишке ашырып жатканда адам  тандап отурушпайт. Ал аял ким болушуна карабастан, биздин эжебиз же карындашыбыз болуп эсептелет! Себеби, ал муслима аял!

 Бийлик Хизб ут-Тахрирге каршы саясий күрөш баштады. Өзү саясий күрөш жетекчи топко каршы хизбдер тарабынан болушу керек эле. Бирок, Кыргызстан бийлиги ар тараптан алсырап бара жатканы себептүү, өтө төмөн, жалаа жабуу негизиндеги ыкмалар жардамында Хизбди элден бөлүп жиберүү үчүн ушундай жийиркеничтүү саясий күрөшүн күчөтүп жиберди.

قَاتَلَهُمْ اللَّهُ أَنَّى يُؤْفَكُونَ

“Аларды Аллах наалаттасын! Алар кандай гана адашууда!”

781Хизб ут-Тахрир исламий, саясий уюм болгондугу себептүү, ал өзүн же жамаатын коргоо үчүн иш алып барбайт. Хизб үммөттү жана үммөттүн сабындагы ар бир адамды коргоо үчүн алардын ар бир кызыкчылыгын коргоп барат. Бул жолдо хизб мүчөлөрүнүн мүлктөрү банктарда тоӊдурулуп жатат, өздөрү ондогон жылдарга эркинен ажыратылып, айрымдары абактарда шейит болуп, сөөктөрү кайтып келүүдө. Бийлик жана күч түзүмүнүн кызматкерлеринен турган үммөт өкүлдөрү хизб жигиттерине зулум кылышканда да, хизб эч качан позициясын өзгөрткөн эмес жана мындан кийин да өзгөртпөйт. Алар куфр кызыкчылыктарын коргоп жана куфр түзүмү менен өкүм кылып, мусулмандарга ачык зулум кылып жатышканда да, биз аларга такфир тамгасын баскан жокпуз. Себеби, “адамдын үстүнөн чыгарылган өкүм башарий эмес, илахий болушу керек” деп ыйман келтиргенбиз. Хизб үммөттүн бир бөлүгү болгон пикирий вужуд! Анын мүчөлөрү үммөт өкүлдөрүнөн турат! Ал эч качан шаръий өкүмгө тескери иш кылбайт жана ушундан келип чыгып, үммөт кызыкчылыктарына тескери иш кылбайт!

Орган кызматкерлеринин жогорудагы иши да, дал ушул хизб мүчөлөрүн үммөт жана калктан ажыратып жиберүү үчүн кылынган кезектеги аракет болду. Бирок, мунусу да мурункудай эле окшошпой калды. Баарыбызга белгилүү болгондой, хизб мүчөлөрү Хизб ут-Тахрирдин мүчөсү экендигин жашырышпайт. Кандай балээ-кырсык келишинин айырмасы жок. Алар сот залында баштарын бийик көтөрүп, хизб мүчөсү экендигин моюнга алышат. Ал тургай, шаръий үзүр болушу мүмкүн болгон абалдарда да, бул мусулмандар абзелин тандап, акыйкатты куфрдун жүзүнө ачык айтып камалып кетишүүдө. Көпчүлүк мусулмандар бизге боор тартып: “Эмнеге моюнга аласыӊар, хизбден экениӊерди айтпай эле койбойсуӊарбы?” – деген суроону беришет. Биз аларга: “Биз кылып жаткан аракеттерибизди – жогорудагы муслима карындашыбыз сыяктуу – башка мусулмандарга жабыштырып, аларды камап жиберишпесин үчүн”, –  деп жооп беребиз!

 Кыргызстандагы Хизб ут-Тахрирдин атынан үммөткө кайрылып айтарыбыз, куфр системасы мусулмандар үстүндө фитна кылып жатат. Силер куфрга каршы Ислам жана мусулмандар кызыкчылыгына жардамчы болгула! Ал үчүн силер куфр үгүттөрүн четке сүрүп, акыйкат менен батылды ажыратышыӊар, туура мамиле билдирип барышыӊар жетиштүү болот. Мындан тышкары, ар бириӊер иш-аракетиӊерди исламдаштырууга көӊүл бургула. Т.а. коомубуз исламдашып барышы куфрдун коомубуздан сүрүлүп чыгып бара жаткандыгын билдирет. Ал үчүн бардык тармактагы адамдар исламдашып барышы керек. Мисалы, медицина тармагындагы кызматкер төрөтканаларда эркектер иштешине тыюу салуу менен өз тармагындагы куфрга тиешелүү баалуулуктарды чыгарып жиберүүгө аракет кылышы керек. Учкуч, шофёр, мугалим, саясатчы жана башка бардык тармактын өкүлдөрү иш-аракетинде ушул багыт менен исламдашып барышы керек. Мындан тышкары, үй-бүлөлүк, коомдук иштерди исламдаштырып барышыбыз керек. Мына ушулардын бардыгы, Исламга жана дүйнө жүзүндөгү мазлум мусулмандарга берген жардамыбыз болот. Бул аракеттер, Сирия, Ирак, Палестина жана башка жерлерде куфрдун зулумунан азап тартып жаткан алсыз боордошторубузга биздин жардамыбыз болот, инша Аллах! Себеби, куфр Африкада да куфр! Ага каршы күрөш дүйнөлүк масштабда исламий күрөш болбосо, региондордун өзүнө калтырып коюу менен ийгиликке жетишүү мүмкүн эмес. Куфрга каршы күрөш дүйнө жүзүнүн кайсы жеринде жүрүп жатканы маанилүү эмес. Маанилүүсү, кайдыгер болбостук! Куфр ыкмалары менен жана алардын кызыкчылыктарына ылайык иш жүргүзбөш керек! Эй боордоштор, биздин кубатыбыз биримдикте! Ошондуктан, бири-бирибизге каршы эмес, тескерисинче, арабызга кирип алган куфр илдеттерине, ушул илдеттердин булагы болгон куфр идеологиясына жана алардын бузук баалуулуктарына каршы күрөшүүбүз керек! Антпесе, жогорудагы сыяктуу мазлума аялдарыбызга болуп жаткан зулумдар, Сириядагы кырылып жаткан балдар, Мьянмада тирүүлөй өрттөлүп жаткан мазлум жана мазлумалар үчүн кантип жооп беребиз?!

إِنَّ هَذَا لَهُوَ الْفَوْزُ الْعَظِيمُ”لِمِثْلِ هَذَا فَلْيَعْمَلْ الْعَامِلُونَ

“Демек, амал кылуучулар мына ушундай (түбөлүк бактылуулук) үчүн амал кылышсын!”.

Хизб ут-Тахрир – Кыргызстан басма сөз бөлүмүнүн төрагасы.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here