Текебаев: Атамбаевге импичмент жарыялоо боюнча иш башталды
“Ата Мекен” фракциясынын башчысы Өмүрбек Текебаев Бишкекте болгон маалымат жыйынында президент Алмазбек Атамбаевге каршы импичмент жарыялоо үчүн материал топтоо башталгандыгын кабарлады.
Анын айтымында, президент жана анын айлана-чөйрөсү өзүм билемдик жолу менен бийликти кармап келе жатат жана “Альфа Телеком” иши боюнча оппозициядагы саясатчылардын аброюн түшүрүү үчүн кампания жүргүзүп жатышат.
Текебаевдин айтымында, импичмент үчүн зарыл болгон документтерди топтоо үчүн болжол менен 2-3 ай убакыт керек болот. Ал үчүн мамлекеттик кызматкерлердин бир нечесинен маалымат алуу зарыл болот.
“Ата Мекен” фракциясынын башчысы жарандык коомдорго, мамлекеттик эмес уюмдарга жана парламентке кайрылып, аларды импичмент жарыя кылууда жардам берүүгө чакырды.
Текебаев: “Эӊ негизгиси Атамбаев кетет, бул анык. Анын айлана-чөйрөсү бийликти кармап кала албайт, бул да анык. Эптеп бирөөнү президент кылып өткөрсө дагы ал көпкө отура албайт, бул да анык”, – деди.