Майкл Флинн: Күрөш диктаторлорго эмес, Исламга каратылышы керек
АКШнын жаңы президенти Дональд Трамптын башкы кеңешчиси жана учурда Трамптын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси болушу күтүлүп жаткан Майкл Флинн Американын тышкы саясаты глобалдык көрүнүштө “Исламга каршы күрөшкө” каратылышы керектигин баса белгиледи. Ал Республикачылар Партиясынын Конгрессинде сөзгө чыккан учурда ушундай пикирин билдирди.
АКШ Коргоо министрлигине караштуу разведка бөлүмүнүн мурдагы директору генерал-лейтенант Майкл Томас Флинндин айтымында, АКШ “радикал” Исламга каршы күрөштө союздаштары менен биргеликте аракет кылышы керек. Ошол себептен улам Жакынкы Чыгыштагы диктаторлор колдоп-кубатталышы жана негизги максат Исламга каратылышы керек.
Диктатор режимдер менен достук мамиле орнотуу мүмкүн экендигин көтөрүп чыккан Флинн, буга Мисир президенти Абдулфаттах Сисини мисал келтирди. О.э. Америка тышкы саясатында “демократияны жаюу жана күчтүү достор менен кызматташуу” стратегиясын көзөмөлгө алуу зарыл экендигин да баса белгиледи.
Брукинг институтунун адиси Уильям МcCаnce АКШнын жаңы тышкы саясатын ачыктоого аракет кылып, Флинндин жакында эле жарык көргөн “Радикал Ислам жана анын союздаштарына каршы Глобалдык күрөш майданы”, деген аталыштагы китебине көӊүлдү бурду. МcCаnce келтирген маалыматтарга ылайык, анда Майкл Флинндин Исламга душмандыгы ачык-айкын көрүнүп турат. Флинндин китебинде келишинче, тышкы саясат жана эл аралык коопсуздук жаатында анын түшүнүктөрү “радикал” Ислам түшүнүктөрүнө каршы аракет баштоодон турат.
Туркистон:
АКШ Трампты дээрлик шоу бизнес дүйнөсүнөн таап, президенттикке алып келүүдөн максаты ушул болчу. Т.а. АКШ Сирияда Ислам жана мусулмандардан идеологиялык жактан жеңилгенден кийин Трамп сыяктуу жеңил ойлуу, олутту саясатчы деп тан алынбаган жана олуттуу аракеттеринде жоопкерчиликти сезбей турган саясатчы керек болчу.
АКШ абдан көп аракет кылганына карабай Сириядагы исламий мужахид жамаатарды жана алардын артында турган исламийреволюциячыл үммөт өкүлдөрү болгон Шам калкын сүйлөшүүлөргө алып келе албады. Кийин аларды Орус армиясына таштап берди, дүйнөдө тыюу салынган бомбалар менен абадан чабуул уюштурушуп, массалык кыргын кылышты.Жүз миңдеген жаш балдар, аялдар жана башка жай тургундар өлтүрүлүп жатат. Бирок АКШнын максаты ошондо да ишке ашпады. Шам калкы оор күндөрдү баштан кечирип жаткан болсо да, куфр агрессорлору менен арам келишимдерди түзүүдөн баш тартышууда.
Натыйжада АКШ мусулмандар менен кызматташып, аларды курал катары пайдаланып Сирияда куфр системасын тикелей алышынан үмүтүн үздү. Эми куфр дүйнөсү чыныгыжүзүн Трамп аркылуу көрсөтөт. Т.а. эми алар зордук жана баскынчылык жолун карманып мурун өздөрү коргоп келе жаткан гумандуулук чек араларын өздөрү ашкере буза башташат. Куфр системасы өзүнүн чыныгы жүзүн көрсөтөт! Пайгамбарыбыз с.а.в.
كَـمَـا تَـكُـونُـوا يُـولَّـى عَـلَـيْـكُـم
“Силер кандай болсоңор, үстүлөрүңөргө ошондой башчылар келет” деген. АКШ үстүнөТрамп сыяктуу туруксуз жетекчи келди.
Бирок бул биз үчүн күтүлгөн жана Пайгамбарыбыз С.А.В. көрсөтүп өткөн сүннөт жана тарыйкаттарына ылайык болгон көрүнүш экендигин билебиз. Т.а. куфр дүйнөсү идеологиялык жактан жеңилгенде, мусулмандарга каршы материалдык күч колдоно баштайт. Бул болсо анын жеңишин эмес тескерисинче айласыздыгын жана жеңилүүсүн тан алдырууга мажбур кылат, инша Аллах. Башка чарасы калбайт!