ИИМ: Наркотикалык заттар соодасы менен алектенип келген милиция кызматкерлери кармалды

309
0

ИИМ: Наркотикалык заттар соодасы менен алектенип келген милиция кызматкерлери кармалды

Наркотикалык заттар соодасы менен алектенип келген милиция кызматкерлери кылмыш үстүнөн колго түшүрүлдү. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалымат кызматынын кабар беришинче, ИИМ өздүк курамынын коопсуздук кызматына бир топ милиция кызматкерлеринин кылмыштуу иштери тууралуу оперативдик маалымат келип түшкөн. Ошондон кийин ИИМдин өздүк коопсуздук кызматы Бишкек шаардык прокуратура менен биргеликте айрым милиция кызматкерлерин көзөмөлгө алган.

 Кабарда: “Бул милиция кызматкерлеринен турган кылмыштуу топ көптөн бери мыйзамсыз наркотикалык заттар соодасы менен алектенип келгени о.э. наркотикалык заттарды таштап коюу аркылуу жарандардан акча өндүрүп келгени аныкталды. Бул маалыматты тастыктоо үчүн бир нече жолу контролдук сатып алуу ишке ашырылып, 28 грамм наркотикалык зат сатып алынды”, – деп айтылат.

 Кабарда келишинче, Бишкек шаардык прокуратурасы 8-ноябрь күнү КР Кылмыш кодексинин 247- беренеси (наркотикалык заттарды мыйзамсыз жол менен даярдоо, сатуу, сактоо, ташуу) жана 304- (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Кабарга ылайык, шаршембиге өткөн түнү шаардын борборунда ишке ашырылган операциянын алкагында шарттуу кардардан акча алып жаткан учурда Биринчи Май райондук ИИБнин кылмыш издөө бөлүмүнүн кызматкерлери К. Б жана К. Ж кылмыш учурунда колго түшүрүлдү. Кармоо учурунда каршылык көрсөтүп, коопсуздук кызматынын кызматкерлерин коркутууга аракет кылышкан. Алардын жанынан атайын белги коюлган 64 миӊ сом жана 1,8 грамм наркотикалык зат табылган.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here