Сирия кризисиндеги эл аралык мамлекеттердин ролу

321
0

Сирия кризисиндеги эл аралык мамлекеттердин ролу

Суроо:
Олланд Орусиянын Алеппого абадан урган соккусун “аскерий кылмыш” деп атады. Муну Олланд Парижде 19-октябрда Путиндин катышуусусуз Орус ортодоксал диний-маданий борборунун ачылыш аземинде айтты. Буга чейин Кремлдин пресс секретары Песков ушул айдын 19уна белгиленген Путиндин Францияга болгон расмий сапары болбой калгандыгы тууралуу билдирүү берген. Бул билдирүү Франция президенти Путинди тосуп алууда экиленип жаткандыгын жарыя кылгандан кийин эле болду. Бул жарыяга чейин болсо, Орусия Франциянын Сирия тууралуу долбооруна вето койгондон кийин, эки өлкө алакасында чыңалуу жүз берген эле. Булардын себеби эмнеде? Алардын Орусиянын Европа менен болгон алакасына таасири кандай? Бул окуялар Сирия кризисине аралашып жаткан эл аралык мамлекеттердин орундары өзгөрүшүнө себеб болобу? Тактап айтканда, Европанын ролу жогорулап, Орусиянын ролунун төмөндөшү күтүлөбү? Аллах ыраазы болсун.

Жооб:

Биринчиден: Орусиянын Сирия кризисинде эл аралык вазыйпа аткаруу милдети Обама администирациясы аркылуу болду. Тактап айтканда, Орусияга Сирия кризисинде эл аралык вазыйпа аткаруу милдетин Америка берди. Сирия кризисин талкуулоодо Американын үстөмдүк кылгандыгын кээ бир орус расмийлери моюндарына алышууда. Орусиянын Сириядагы кан төгүү иштеринин артында Америка турат. Ошондой эле, Сирия маселесинен Европаны алыстатуунун, айрыкча, Британия менен Францияны алыстатуунун артында Америка турат. Орусия Сирияда Америка берген вазыйпаны аткаруу аркылуу эл аралык майданда Орусиянын ролун кайтарып алам деп ишенген. Бирок, Америка башка эл аралык маселелерге Орусияны аралаштырууну четке кагууда, бул Орусияга күтүлбөгөн окуя болду. Жада калса, Орусия үчүн маанилүү болгон Украина маселесинде да – Америка менен Орусиянын Сирия кризиси жаатындагы кызматташуусу – Украина маселесин чечүүдө Орусия кызыкчылыгы үчүн болбойт деп карады. Сирия өзүнчө бир, Украина өзүнчө бир маселе деп карады.

Мына ушундайча Орусия Сирия маселесине аралашуу жана аскерин алдыңкы сапка коюу аркылуу эл аралык майданда көрүндү. Вашингтондогу айрым саясатчылар Орусияны мындай эл аралык маселеге аралаштырууну айыптап чыкканына карабастан, Америка Орусияны Сирия маселесине аралаштырды. Америка тышкы иштер министирлигинин дипломатиялык кеңешинде, Сирия маселесин эчкимди аралаштырбай жалгыз чечүү, тактап айтканда, Орусияны аралаштырбай чечүү Америка администирациясынан талап кылынган. Бирок, Орусияны Сирия маселесинде колдонуу саясаты Вашингтондо өз күчүндө болчу. Американын бул саясаты, тактап айтканда, Америка Орусияны Сирия маселесине аралаштыруу аркылуу эл аралык майданга чыгаруусу Батыш Европаны каттуу кыжырлантты.

Экинчиден: Орусия Сирия маселесине аралашуу ага улуулугун кайтарат деп о.э. Кери менен Лавровдун Сирия жаатындагы жолугушуулары аркылуу өзүнүн эл аралык майдандагы позициясын күчөтүп алам деп ойлоду. Ошондуктан, ал Сирия маселесинен Европаны алыстатууда Америка менен бүтүндөй тил бириктирүүлөргө барды. Ал Америка Сирия маселесин экөөнүн ортосуна чектеп койгонуна кубанды. А түгүл, Америка кожоюндук кылган аймакта Вашингтондун көрсөтмөсү менен рол ойноп жатканына курсант болду. Бирок, эл аралык аренада (эл көзүнө) Орусия өзүнчөдөй болуп көрүндү. Америка болсо, Европадагы ири мамлекеттер менен Сирия жаатында кызматташпай койду. Европа мамлекеттери Орусия Американын артынан изме-из барбайт деп күткөн. Ал тургай, Орусия Американын эл аралык майдандагы таасири төмөндөшүнө салым кошот деп күтүшкөн. Мына ушундайча Орусиянын Америка менен бүтүндөй келишүүлөргө баруусу Европанын ачуусун келтирди.

Үчүнчүдөн: Европаны Сирия маселесинен алыстатууда жана Сирия маселесин Америка менен Орусия ортосуна чектеп койууда Америка негизги ролду ойноду. Бирок, Европа акыркы мезгилде Американын бул тосмосун жарып өтө турган ыңгайлуу учурду тапты. Ушул учурдан пайдаланып, Сирия маселесине аралашууну көздөдү. Ал төмөнкүчө:

1. Өткөн айларда Америка Сирия маселесинде ийгиликке жетүү үчүн катуу аракет кылды. Анткени, бул ийгилик жакында кете турган Обаманын тарыхына жазылып калышы керек эле. О.э. бул нерсе Америка президенттигине ат салышып жаткан демократ Хиллари Клинтондун шайлоо кампаниясына да колдоо болуп калмак. Ошентип, Америка менен Орусия ортосунда көптөгөн келишимдер болду жана Орусиянын Халаб (Алеппо) шаарын үстөккө-босток бомбалап кыргын кылуусу да Америка менен келишүү аркылуу болду. Америка менен Орусиянынын акыркы келишими 9-сентябрда ок атышууну токтотуу тууралуу келишими болду.

2. Сирия эли бул келишимди четке какты. Тактап айтканда, Америка планын четке кагышты. Жада калса өлүм астында жаткандар да бул келишимди четке кагышты. Мындай иш-аракеттер Эрдоган “ Ефрат калканы” алкагында киргизген Америка куралдуу күчтөрү менен кызматашууну четке кагууга чейин жетип барды. Ошондон соң, Америка Сирия элине таасир этүү жана каршылык кыймылдары Америка планын аз да болсо кабыл алуулары үчүн Халаб шаарын аёосуз бомбалатты. Эгер Обама бул планын ишке ашыра алганда, анын акыркы мөөнөтү ийгиликтүү болду деп анын тарыхына жазылып калмак. Бирок, ушул эле учурда, Америка өзүн оппозиция менен биргедей кылып жана Орусиянын кыргынына каршы экендей кылып көрсөтүүсү Америка менен Орусия ортосунда чыңалууну жаратты. Чыңалуу Американын Орусия менен мындан ары Сирия маселеси жаатында кызматташпай тургандыгы тууралуу билдирүү берүүсүнө чейин жетип барды.

3. Нью-Йорктогу 20-22-сентябрдагы БУУ башкы ассамблеясынын жолугушуусунда Америка менен Орусия ортосундагы сөз атышуу туу чокусуна чыкты. Бул Америка Сирия маселесинде жаңы көйгөйгө туш болгондугун билдирер эле. Тактап айтканда, Керри менен Лавровдун жөнгө салуусу оңунан чыкпай калды. Бул абалды Европа Американын тосмосун жарып өтүү үчүн ыңгайлуу учур деп билди. Европа өлкөлөрү БУУ башкы ассамбелясынын жыйынында Керри менен Лавровдун Сирия кризисин жөнгө салуудагы аракеттери ийгиликсиз аяктаганын кубаныч менен кабыл алышты. Алар учурдан пайдаланып, Сирия кризисин чечүүдө Америка тараптан туруп белгилүү бир рол ойноп калууну колго алышты. Кийин Американын Орусияны Сирия маселесинен алыстатуу үмүтүн ишке ашыруу үчүн Орусия менен пикир келишпестиктерди кеңейтти. Мына ушул жаатта Европа менен Орусия ортосунда чыңалуу пайда болду.

Төртүнчү: Учурдан пайдаланып, Америка тосмосун жарып өтүү жана Сирия маселесине аралашуу үчүн Европанын билдирүүлөрдү бериши табигый. Муну Франция баштады:

1. Американын мындан ары Сирия маселесинде Орусия менен кызматашпашын айтышы Францияга дем берди. Франция Коопсуздук Кеңешинде согушту токтотуу долбоорун жарыя кылды. Франция өз долбооруна орус тарапты канаатандырыш үчүн 5-6-октябрь күндөрү Франция тышкы иштер министри Эйрону Москвага жөнөттү. Франция долбоору Халабды абадан чабуулга алууну токтотууну талап кылат эле. Бул болсо, Сирия элин тизе бүктүрүү үчүн Америка менен Орусия ортосунда келишилген бомбалоону күчөтүү келишимине тескери келет болчу. Ошондуктан, Франция ТИМинин Орусияга болгон иш сапары Орусия үчүн ыңгайсыз абалды жаратты. Бир тараптан Франция долбоору иштерди создуктурат десе, дагы бир тараптан аны четке кагуудан кооптонду. Франция өз долбоорун ишке ашыруу үчүн аркетин токтоткон жок. Франция ТИМи Франция долбоору копсуздук кеңешинде Америка колдоосуна ээ болушу үчүн, Москвадан кийин Вашингтонго кетти.

2. Орусия 8-октябрда коопсуздук кеңешинде вето койуу менен Франция аракетин жокко чыгарды. Ушундан улам, Европа мамлекеттери менен Орусия ортосунда чыңалуу пайда болду. Европа мамлекеттери Орусияны Европанын Сирия маселесине аралашуусуна тоскоолдук жараткан бир тосмо деп билди. Америка Сирияда Орусияга берген вазыйпасын аткарууга Орусия бекем турганын көргөндөн кийин, Европа оюнчулары Сирия маселесине киришиши үчүн, өзүнүн Европага койгон тосмосунан жылчык ачып койду.

3. Франция менен Орусия ортосундагы чыңалуу Путиндин Парижге жасачу расмий сапары алдында күчөп кетти. Бул сапар Парижде орус ортодоксал чиркөөсүнүн диний-маданий борборунун ачылыш аземине катышуу үчүн деп белгиленген болчу жана азем алкагында Олланд менен Путиндин жолугушуусу да болору келишилген эле. Бирок, чыңалуунун айынан эки өлкө ортосундагы маанай сууй түштү. Франция президенти 10-октябрда Путинди тосуп алууда экиленип жаткандыгын жар салды. Ошол маалда расмий Кремль адаттагыдай эле Путиндин визитине карата даярдыктар болуп жатканын билдиришкен эле. Мына ушундайча Орусия ыңгайсыз абалда калды. Анткени, Олланд Путиндин Парижге болгон иш сапарында аны менен диний борбордун ачылышына катышпай тургандыгын жана Путин менен боло турган жолугушуусунда Сирия маселеси жөнүндө гана талкуулашарын билдирди. Орусиянын буга ачуусу келди. 11-октябрда расмий Кремль Путиндин Парижге белгиленген иш сапары болбой калгандыгы тууралуу билдирүү берди. Мына ушундай көрүнүштө Орусия менен Франция ортосунда чыңалуу жогорку чекке жетти.

4. Франция эскалация кылууну уланта берди. Франция жергиликтүү гезиттеринин бири: Франсуа Олланд “мен Орусия Сирия режимин колдоп жана опозицияга каршы күрөшүп жаткандыгы себебтүү Орусияга болгон кысымды жеңилдетпейм. Бирок, согуш тууралуу талкуу кылуу үчүн Путин менен жолугушууга даярмын” – деген билдирүүсүн басып чыкты.

5. Франция президенти жана Германия канцлери Меркель 20-октябрда, Орусия жана Сирия режиминин Халаб шаарына абадан урган соккусун катуу айыпташты. Бул билдирүүнү алар Франция, Германия жана Орусиянын Берлиндеги жолугушуусунан кийинки пресс-конференцияда айтышты. Олланд абадан жасалган бул чабуулдарды“аскерий кылмыш” деп атады. Меркель болсо Орусия жана Сирия режиминин Халаб шаарына абадан жасаган чабуулдарын “адамзатка жат” деп атады.

Мына ушул себебтер Орусия менен Франция ортосундагы алакалардын чыңалуусун келтирип чыгарды. Эми Сирия маселесинде Франция да, Орусия да саясий жаатта жакшы болуп кете алышпайт. Тактап айтканда, эки өлкөнүн ортосундагы чыңалуу барган сайын күчөп бара берет.

Бешинчиден: Франция менен Орусия ортосундагы чыңалуунун таасирине келсек, ал мындай:
1. Орусия менен Франция ортосундагы чыңалуу бүткүл Европа менен Орусия ортосундагы алакаларга толук таасир этет. Айрыкча, таасирге ээ Европа мамлекеттеринин алакаларына. Британиядан Германияга чейинки… Франциянын коопсуздук кеңешине койгон долбоору ЕБдин долбоору катары түшүнүлөт. Анын ичинде мүчөлүктөн ажырай элек Британия да бар. Балким, Британия өз саясатын көп иштерде Франция менен биргеликте алып барат. Франция адаттагы аңдап жетпестен туруп аракеттенген сыпаты менен ЕБдин найза учуна айланган. Ал эми Британиянын болсо, айрыкча, эл аралык саясатта өзүнө таандык куйтулук ыкмасы бар. Бул ыкма анын Франция менен Орусия ортосундагы чыңалуудан тезиенен пайдаланып кеткендигинен да көрүнүп турат. Тактап айтканда, Франция менен Орусия ортосундагы чыңалууну Британия менен Орусия ортосунда чыналууга айлантты. Коопсуздук кеңешинде добуш берүүнүн артынан эле Британия өкүлү Орусия ветосун айыптап “биз Орусиянын амалын билебиз – бул арсыздык” деди. Бритиния парламентинде Жонсон мындай деди: “Эгер Орусия азыркыдай жолун уланта берсе, бул зор мамлекет коркунучтагы жана обочолонуп калган мамлекетке айланат”. Ал Орусия элчиканасы алдында согушка каршы митингке чыгууга чакырык таштады. Ал дагы кошумчалап мындай деди: “бардык далилдер бул үрөй учурган жаман иштер (гуманитардык жардам кербенин бомбалоо иштери) үчүн Орусия жоопкер экендигин көргөзүп турат”. Кийинки күнү буга жооп катары Орусия коргоо министирлиги: “Жонсон башкаларга карата кытмыр душмандыгын койнуна каткан психикалык жактан оорукчан адам” – деди. Орусия коргоо министирлигинин пресс катчысы Игорь Конашенков болсо: “ Жонсондун айткандары – кээ бир Британ жетекчилери Жонсондун тили менен айткысы келип жаткан, Орусияга каршы душмандык истерикасы”- деди. Ушундан кийин, биз жогоруда айтып өткөндөй, Европа жетекчилери билдирүүлөрдү беришти. ( Олланд “аскерий кылмыш” деди. Меркель Орусия жана Сирия режиминин аба соккуларын “инсанийлик эмес” деди.

Тактап айтканда, Орусия менен ЕБдин ортосундагы чыңалуу барган сайын кеңейип баратат. Сирия себебтүү Орусияга карата жаңы санкцияларды киргизүү талабы Европадан бийик үн менен чыга баштады. Мына ушундайча Франция, Британия жана башка Европа өлкөрү Орусия жана анын саясатынан жүз үйрүшүп, аны менен болгон алакаларын чыңалта башташты. Мунун баарында алар Сирия кризисин №1 эл аралык маселе кылып, алар дагы Сирия маселесин чечүүгө катышып калууну көздөп жатышат. Бул мамлекеттердин тилеги мусулмандарга жакшылык алып келүү эмес. Европа мамлекеттеринин максаты Орусиянын мусулмандарга каршы Сирияда кан төгүп жатканын токтотуу же ага каршы чыгуу эмес. Алар алты жылдан бери Сирияда төгүлгөн кандар дарыя болуп акканына деле кошкөңул карап келишкен. Булардын максаты – ири державалар биримдиги катары Сирия кризисинин чечимине катышып калуу гана.

2. Орусия жана Франция алакалары чыналуүсуна ылайык ЕБде окуялар ылдамдай баштады. Франция, Британия ЕБди Орусиянын Сириядагы аба чабуулдарын каралоого жана Москвага каршы кошумча санкцияларды киргизүүгө чакыра башташты. Франция ТИМи Жон Марк Эйро мындай деди: “Орусияга каршы кысым катуу жана күчтүү болушу зарыл”. ЕБдин бирдиктүү позициясына ишара кылып, Халаб шаарынын жай тургундарын кыргын кылууну токтотуп калуу мүмкүн экендигин айтты. Дагы кошумчалап: “ 20 сириялык, 12 орусиялык ж.б. у.с. дагы 200 адамды, алардын ичинде үч ирандык да бар – булардын Сириядагы согушта ролдору бар экендиги үчүн, Британия менен Франиция алардын өздөрүнө кирүүсүнө тыйуу салууну караштырып жатат” деди. Ошондой эле, финансылык санкциялар эч бир токтомсуз эле ишке киргизилди. “Россия сегодня” кабар агенттиги Британиянын эки банкы эч бир токтомсуз жана себебин түшүндүрбөстөн эле, ага тийиштүү бардык акцияларды тоңдуруп салгандыгын жарыя кылды. (“Россия сегодня” редактор Маргарита Симоньяндын тввиттерддеги сөзүн басып чыкты: “Биздин Британиядагы бардык акцияларыбызды тоңдуруп салышты! Токтом кайра каралбайт”. ) (“2016 10 20 Брюсселде Европа жетекчилери Орусия менен алакаларын талкуулашат жана Орусиянын Сириядагы аракеттери үчүн санкцияларды киргизүү да каралат”. Рейтерс арабий 2016 10 19)

3. Эгер Франция менен Орусиянын алакалары дагы да чыңала берсе, Орусия менен Европа өлкөлөрүнүн ортосундагы алакалар да чыңалып бара берет. Анын кесепеттери Украинада, тактап айтканда, Чыгыш Европада көрүнө баштайт. Европа өлкөлөрү Орусияга санкцияларды киргизе баштайт. Орусия менен Европа ортосунда чыңалуунун күчөшүнө көптөгөн себебтер бар. Ал бир эле Сирия маселесине чектелбейт. Эгер Орусия Европа менен болгон алакасында тезирээк акыл калчап иш алып барбаса, ал Европа менен болгон алакасында чоң зыянга учурайт. Сирия кризисинде Орусия эл аралык алакаларында толук кандуу акыл калчап иш кыла албады. Ушул эле учурда, Орусиянын Халаб шаарын бомбалоо кылмышын бүткүл аалам каралап жатат. Бул Орусиянын саясий жактан төмөн түшүп кетүүсүнө себеб болот. Орусия Америка менен болгон алакасына курсант болуп жатат. Орусия Америка менен Сирия жаатындагы алакасындагы пайда болгон чыналуунун акыйкатын билбей жатат. Бул чыңалуу абалында да, 15-октябрда Америка ТИМи Керри Лавров менен Лозаннада жолугушуу өткөрдү. Бул жолугушуу чүмбөтөлүп, ага кээ бир малайларды да кошуп койушту. Анткени, Америка бир аз мурдараак мындан ары Орусия менен Сирия маселеси тууралуу талкуулашпбай тургандыгын билдирген эле. Лекин, Россия менен жолугушуп, бирок бул жолугушууга Европаны келтирбеди!

4. Орусия өзү түшүп калган кыйын абалды сезе баштады. Америка аны жырткычтарча кыргын кылуучунун символу кылып көрсөтүп койду. Европа Америка менен Орусия ортосунда пайда болгон чыңалуудан пайдаланууда. Орусиянын жапайы кыргынына каршылыкты күчөтө баштады. Орусия Европанын бул кысымын жумшартуу максатында аны менен тынчтык темасы тууралуу сүйлөшө баштады. Орусия “гуманитардык тынчтык” жарыялады. Бул тынчтыкта Халаб шаарын бомбалоо токтотулат. Орусиянын билдиришинче, 2016 10 20 баштап жергиликтүү убакыт менен таң эртеден тартып асрга чейин сегиз саат аралыгында бомбалоо токтотулат. Бул билдирүү Халабды бомбалоодо 14 кишиден турган бир үй-бүлө өлгөндүгү тууралуу кабар менен тушма-туш чыкты. Мына ушундайча Путин мурдараакта Олланд менен Сирия маселесин талкуулоону четке каккандан кийин, эми кайра Сирия маселесин европалыктар менен бирге кароого макул болду. Франция президенти Олланд, Орусия президенти Путин жана Германия канцлери Меркел Берлинде Сирия маселесин карап чыгуу үчүн “иштиктүү жолугушуу” өткөрүшөрүн Франция жетекчилиги билдирди.

Мына ушундайча Орусия менен Франция ортосундагы пайда болгон чыңалуу Европа өлкөлөрүндө көрүндү. Анын кесепетинен Орусия кыйын абалга кептелип калды. Орусия мурдараак Олланд менен талкуулашуудан баш тартып, Парижге болгон сапарын токтотуп койгон. Эми болсо бул абалды жайгаруу үчүн Сирия маселесин ЕБдин башчылары менен талкулоого кайрадан макул болду.

Алтынчы: Бул окуялар Сирия маселесине аралашып жаткан жергиликтүү жана эл аралык мамлкеттердин орду өзгөрүшүнө алып келеби дегенге келсек, келечекте андай өзгөрүү болушу күтүлбөйт, абал мурдагыдай эле өзгөрүүсүз калат. Мурдагы оюнчулар өз орундарында эле калышат. Тактап айтканда, Америка жана анын өкүлдөрү Орусия, Иран, Түркия жана Саудия. Ал эми Европа болсо, анын үлүшү чеке жылытарлык болбойт. Буга далил, Европа Орусияга каршы абалды курчутуп, Сирия маселесинде бир орунга ээ болуп калыш максатында Америкага жакындоо аракетин кылганына карабастан, Америка 15-октябрдагы Лозанна жоолугушуусуна Европаны чакырбай, Орусияны чакырды. Конференцияда Америка менен алакаларды токтотуу чыналуусунун келип чыгышына карабастан, Орусия Америка тарапта турду! Европанын буга кыжырданганын көрүп, Америка аны ыраазы кылуу максатында, 16-октябрда, башка тарапты чакырбастан, Европаны жолугушууга чакырды. Алар менен кең-кесири талкуу кылды жана жолугушуу кандай башталган болсо ошондой бойдон тарады.

Ошондуктан, келечекте Сирия кризисин чечүүдөгү эл аралык роль Америка жана анын өкүлү Орусияга, андан кийин малай агенттерге ( Иран, Туркия, Саудия) чектелип турат деген пикир басымдуурак.
Бул жергиликтүү жана эл аралык тараптан алып караганда. Алар айла-амал, тил бириктирүүлөрдү кылып жатышат. Бирок, Шам жана Шамдан башка жерлерде Аллах жана Анын расулу үчүн жанын сайып койгон чыныгы ыхластуу эркектер бар. Алардын Шамда бекем тургандыгы себебтүү, Америка, Орусия жана башка малай акимдер эч качан өз максаттарына жетише алышпайт, пландарын да ишке ашыра алышпайт. Балким, алардын абалы Аллах Куранда эстеткендей, өздөрүнөн мурунку коомдордун абалындай болот:

“Алардан мурункулар да айла-амал кылышты. Аллах алардын өздөрүнүн үйлөрунүн пайдубалынан алды. Алардын үстүнө шыптары кулап түштү, азап аларга өздөрү сезбеген тараптан келди”

Ато абу Рушта 2016 10 20

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here