Диний айыптоолор менен камалгандар өзүнчө сакталат
Мамлекеттик Жаза аткаруу кызматынын башчысы Таалайбек Жапаровдун билдиришинче, Кыргызстан камактарында диний айыптоолор менен эркиндигинен ажыратылган туткундарды башкалардан обочо кармоо пландаштырылууда. Анын сөздөрүно караганда, мындай атайын камактарды Чүйдөгү үч мекемеде уюштуруу пландаштырылган.
Өкмөттүн айтышынча, диний айыптоолор менен камалган туткундар камакканаларда башка статьялар менен камалгандарды да өз саптарына тартып жатышыптыр.
Расмий маалыматтарга ылайык, учурда мамлекет боюнча 300дөн ашуун адам диний айыптоолор менен жаза мөөнөтүн өтөп жатат.
Түркистон:
“Диний айыптоолор” деген атаманын өзү түшүнүксүз. Бу, Кыргызстан туткундары арасында дини үчүн же диндарлыгы үчүн қамалган адамдар бар экендигин түшүндүрөбү? Эмне, Кыргызстанда дин карманганы үчүн адамдар камалышы мүмкүнбү?Кыргызстанда диндарлар (негизинен 299-ст. боюнча) диний түшүнүктөрү же ибадат жана аракеттери боюнча жазаланышкан. Т.а. алар өздөрүндөгү эркин пикирлери же амалдары үчүн эмес, балким, Ислам дининин көрсөтмөлөрүнө итаат кылгандыктары же диний пикирлерин сыртка алып чыккандыктары үчүн жазаланышкан. Негизи, бул эки абалда тең – булардын мыйзамдары боюнча – камаш мүмкүн эмес эле. Т.а. диний болобу же өзүнүн эркин пикириби, “сөз эркиндиги кол тийгис” деп жарыяланган мамлекетте аларды камаш мүмкүн эмес эле.
Бул диндар жарандар камалгандарынан кийин, эми аларды камакканаларда да ооздорун жаап коюшмакчы болуп жатышат. Алар соттун өкүмү менен эркиндиктеринен гана ажыратылышты. Алардын азык-түлүктөрүн, кийим-кечелерин чектөө, пикирден тыюу, үй-бүлөлүк алакалардан тыюу же чектөө мүмкүн эмес. Бул үчүн өзүнчө сот өкүмү керек. Эгер мыйзамдарында ушуга урухсат берген жаза-чаралары бар болсо.
Ушундан келип чыгып, мусулман бир туугандарга кайрылабыз.
Өкмөт Аллахка ширк келтирип, шарият өкүмдөрүн тебелеп-тепсеп, коомдо биз айткан нерсе гана болот деп келе жатат. Кааласак хижаб кийгизебиз, каалабасак жок деген сыяктуу. Өзбекстанда ал тургай сыртта намаз окуганга да тыюу салып койду. Эми Өзбекстан динге каршы күрөштө Кыргызстанга басым өткөрө баштады. Демек, жакында намазга да чабуул кылышмакчы. Уламаларыбыз болсо, айыпты кайра өзүбүзгө жүктөп, алардын өкүмдөрүнө шарияттан жол таап беришке аракет кылышат. Куду Өзбекстан уламалары сыяктуу. Себеби, Кыргызстан да Өзбекстан сыяктуу уламаларга эки жолдун бирин: зулумга толо камакты; же ширкке шерик болуу менен ушул дүйнө жыргалчылыгын – ушулардын бирин тандоону көрсөтүп жатышат. Абдан азчылык адам гана ахиретин дүйнөсү үчүн сатып жиберүүгө ыраазы болот. Ошондуктан, демек, камактарда диний адамдар көбөйүшү күтүлөт.
Момун мусулман бир туугандар. Бизге сыноолор келиши анык! Бу Аллах Тааланын муминге ахиреттеги даражаларын дагы да көтөрүп алышына мүмкүнчүлүк берүү тарыйкаты. Лекин камактарда муминдин иши токтоп калышы мүмкүн эмес. Аллах Таала Юсуф а.с.ды зындан менен сынап, бизге кыямат күнүнө чейин өрнөк кылып берди. Т.а. даъват камактагы мусулман махбустардын (туткундардын) мойнунан сакыт болбойт.
Ошондуктан, бурадарлар,махбустукка даярдык көрүү иштерин жолго коёлу. Т.а. махбус адам оболу өзүнө тиешелүү нерселердин баарын жакшылап үйрөнүп алуусу важиб. Азирети Умар р.а. “мен бирөөнүн акысын жебейм, бирөөгө да акымды жедирип койбойм” деген. Камактарда да Аллахтын өкүмдөрүнө мүмкүнчүлүк болушунча катуу моюн сунулушу важиб.
Өкмөт жооптуулары т.а. ушул тармактагы министрлерден тартып катардагы кызматкерлерге чейин, бардыгы махбустардын үстүнөн байлык арттыруу жолунда коррупциялык система түзүп алышкан. Алар махбустарга тиешелүү болгон азык-түлүк, кийим-кече ж.б.у.с.зарылдыктардын ири бөлүгүн өздөштүрүп алуу менен миллиондогон каражаттарды уурдашат. Ошондуктан, бюджеттен бөлүнгөн же эл аралык укук нормалары боюнча белгиленген, адамды адамдык даражада кармап туруу үчүн керек болгон чен-өлчөмдөрдү тезинен үйрөнүп чыгып, камактар ичинде да, сыртта да ушул өлчөмдөрдүн берилишин талап кылышыбыз керек. Биз, муминдер, куфр системасынын ыфлас саясаты жана коррупциялык жолдору ишке ашуусу үчүн куралдарга айланып калуудабыз. Негизи, ар бир махбус – анын дини, улуту жана кылмышынын даражасына каралбастан – өз акыларын алуу укугуна ээ. Бурадарлар, бу жаатта биз өзүбуз же муминдер үчүн эле эмес, балким, бүткүл адамзат үчүн, анын ичинде кайрыдиндер үстүнөн да жоопкербиз. Алардын акысын – ал ттургай алар өздөрү талап кылбаса да – биз талап кыла беребиз. Анткени, Аллах Субханаху ва Таала мумин мусулмандарды адамзат үчүн куткаруучу жана жоопкер кылып жаратты. Буга нусустарда далилдер аябай көп.
Даъват бу сөз менен гана айтыла турган кептер эмес. Балким, ал адамдын – ар бир абалдарда, ошол абалга карата шаръий позициясын бекем карманып – туруп берүүсү дегени. Бу кээде кеп менен, кээде сүкүт менен, кээде болсо эч нерсе айтпастан кандайдыр бир амалга чектелүү менен, кээде болсо, акы-укукту талап кылуу менен ж.б.у.с.лар менен улантылат.
Эгер алар акы-укуктарыбызды өтөп бере алышпаса, камагандан тыйылышсын. Жарандарды жакырчылык иримине оп тарттырып жаткан бир учурда, булар кайра махбустар санын ашырып барышууда. Неге мындай? Анткени, алар махбустарга “кайрадан тарбияланышы керек болгон адам” деп эмес, балким, “киреше булагы” деп карашат.