Россия менен АКШ ортосунда Сирияда күрөш жана атаандашуу барбы?

313
0

Россия менен АКШ ортосунда Сирияда күрөш жана атаандашуу барбы?

Же АКШ өз пландарын ишке ашыруу үчүн Россияны пайдаланып жатабы?

 Бардык маалымат каражаттары Россиянын Сириядагы аскердик аралашуусун жана кылмышкер Асад режимине каршы козголгон элибизге мектептеринде жана ооруканаларында бомба жаадырышын эл аралык күрөш жана атаандаштык алкагына кирет деп чечмелешүүдө. Аларга ылайык, Россия Сирия режими тарапташы болуп, аны колдоп-кубаттоодо, АКШ козголоңчу оппозиция тарабында туруп, аларды колдоп-кубаттоодо… Чынында эле ушундайбы? Же бул бир адаштыруу жана акыйкатты жашыруубу? Төмөндөгү анчалык көп эмес сүйлөмдөрүбүздө мына ушуларга жооп бермекчибиз:

Экинчи дүйнөлүк согуш бүткөндөн кийин, Коопсуздук Кеңеши – АКШ жана Британия кыстоосу менен – колонизатор Франция күчтөрүнүн Сириядан чыгып кетиштерин шарт кылуучу чечим кабыл кылды. Мына ошондо Сирия чейрек кылым аралыгында саясий жана аскердик өзгөрүүлөр доорунда жашады. Бул доор аралыгында мамлекет алгач Британия таасиринен Америка таасирине өтүү баскычында, кийин болсо, 1970-жылы бийликке Хафиз Асад келгенден кийин ал жерде бүтүндөй АКШ өкүмдарлыгы чечим кылган баскычта жашады. Мына ушул доорлордун биреринде да Россиянын араб регионуна жакындашуусуна жол бербеди. Анткени бүткүл араб мамлекеттери Түндүк Атлантика Альянсы (НАТО)нун капиталисттик мамлекеттери өкүмдарлыгы астында болгон.

Яхудийлер мамлекетин пайда кылып, аны катуу коргогон Батыш мамлекеттери, өзгөчө Америка жана Британия, ошол убакта региондогу өз малайларына саткындык айыптоосу жабыштырылышын каалабады. Ушул максатта мусулмандарда бул өкүмдарлар Советтер Союзу менен союздаш, деген элестетүүнү пайда кылышты. Кийин адаштырууну бекемдеш үчүн Батыш мамлекеттери өздөрүнүн малай өкмөттөрүнө Советтер Союзу менен куралдануу келишимине кол коюштарына уруксат беришти.

Бирок Сириядагы Хафиз Асад доорунда болгон режимди жана анын кылган маанилүү иштерин дыккат күзөткөн киши, бул режим бир гана АКШ кызыкчылыктарына кызмат кылгандыгына, Советтер Союзу жана башка ири мамлекеттер кызыкчылыгына кызмат кылбагандыгына күбө болот. Мындай иштерге мисалдар көп, алсак коммунисттердин бастырылышы, 1976-жылы Сирия күчтөрүн Ливанга киргизип, Тоиф келишиминен кийин Ливанды бүгүнгө чеин АКШ өкүмдарлыгы астында калтыруу, Британия жана Франция малайларынын өз позициялары менен Сирия режимине таасир өткөрүүлөрүнө жол бербестик, АКШ 1990-жылы Кувейтти басып алыш артынан Саддам Хусейн режимине сокку берүү максатында түзгөн эл аралык коалицияга Сирия режимин мүчө кылуу, бул режимдин Британияга тобе кошуна мамлекеттер режимдери менен ар дайым терең мамиледе кармап туруу… сыяктуу. Британия тобелерине мисал, Ирак режими, Иордания режими, Ясир Арафат заманындагы Палестина Азаттык уюму, Түркиянын Британияга тобе кемелчи армияга моюн сунуучу режими… сыяктуулар.

Асад режиминин бир күн да Советтер Союзуна тобе болбогондугуна эң күчтүү далил ушул, Советтер Союзу кулап, социалисттик түзүм урагандан кийин, Сирия режими капиталисттик түзүмгө карай аста-секин көчүүнү баштады. 1990-жылы чыккан 10-сандагы указды дал ушул көчүү үчүн уруксат берилген документ, деш мүмкүн. Бул убакта, араб инвесторлоруна Сирияга өз инвестицияларын киргизүүсүнө уруксат берилди. Буга чеин инвестиция жаткыруу арам эсептелчү эле, анткени бул мамлекетти чет элдиктерге сатуу болуп эсептелчү! Кийин аста-секин мыйзам өзгөрүүлөр башталды жана мамлекет өз сектордук мекемелерин приватизациялоо жолунан жүрө баштады, мамлекет тарабынан колдоп-кубатталуучу товарлардан колдоп-кубаттоо алып ташталды…

Башар Асаддын бийликке келиши менен Сириянын капитализмге өтүшү да тездешип кетти жана бул иш АКШнын ошол убактагы тышкы иштер министри Мадлен Олбрайт  демилгеси менен ишке ашты. Башар Асад өз кожоюну Американын бардык буйруктарына кулак салып, баш ийген абалда, мамлекеттерди кыдырып, инвесторлорду мамлекетти сатууга чакырды, аларды провакациядан тартып, фитналарга чеин бардык нерселерге үгүттөдү… Анын америкапарасттыгына эң чоң далил, Рафик Харирий өлтүрүлгөндөн кийин АКШга Европа тарабынан басым күчөп, европалыктар Асадга Ливандан кошуундарын алып чыгып кетүүсүнө байланыштуу буйрук чыгарышты, ошондо америкапарас Башар Асад бир күндө ал жерден чыгып кетти. Кийин Башар Америка тарабынан колдоп-кубатталуучу түрк өкмөтү т.а Эрдоган башчылыгындагы Адилет жана Өнүгүү партиясы өкмөтү менен жакын мамилелерди орнотту.

Демек, Советтер Союзу күчтүү болуп турган кезинде да, Америка менен дүйнө өкүмдарлыгын талашып жаткан убакта да Америкадан уруксат сурамайынча Сирия иштерине аралаша алган эмес. Ушундай болгон соң, бүгүн, Россия Советтер Союзу кулагандан кийин эл аралык мартабасынан түшүп кеткен жана Американын басымдарына кандай жооп кайтарышты билбей, кайта регионалдык бир мамлекетке айланып калган бир убакта, кантип эле Сирия үстүндө Америка менен күрөшө алсын?!

Жогоруда келген нерселерге карай, Сириядагы окуялар агымын козголоң башталгандан бери тыкыр, токтоосуз күзөтүп келе жаткан калыс киши, алгач Россиянын коопсуздук кеңешинде эл аралык каралоого каршы Америка малайы болгон Сирия режимин коргоо ролун аткарганына күбө болот. Кийин Иран менен бирге бул режимди курал-жарактар менен камсыздап тургандыгына күбө болот. Кийин болсо режимди коргоо, козголоңчуларды Американын саясий чечимине жана аларга мүмкүнчүлүк артынан мүмкүнчүлүк берип мажбур түрдө көндүрүү максатында Сирияда кыйыр түрдө аскердик аралашуу алып баргандыгына күбө болот. Калыс күзөтүүчү киши мына ушул айтылган нерселерге күбө болгондон кийин бир нерсени тан алыштан башка чарасы калбайт. Ал да болсо, Россия Сирияда АКШ ишин гана аткарууда, максаты Американын саясий чечимин ишке ашыруу жана канкор режим армиясы менен коопсуздук түзүмүн сактап калуу.

Сирия масалесинде Россия менен АКШ ортосундагы алака чындыгында мына ушундай. Көпчүлүк бизге да тыгыштырууга урунуп жаткан атаандаштык мамилеси эмес. Айрыкча, Америка Россиядан пайдаланууда, аны канкор режимди сактап калуу жана мубарек Шам козголоңуна чекит коюууда өз максаттарын ишке ашырууга иштетүүдө. Мубарек Шам козголоңу болсо, Американын жинин келтирди, президентинин чачтарын агартты. Биз Аллах Таалага дуа кылып, козголоң убагын узартпастан, жер жүзүнүн бардык тарабына чачылган нурун тезирээк балкытып чыгаруусун жана Шамдын калыс перзенттери колу менен Өзүнүн убадасын, сүйүктүү Расулубуз Aдын башараттарын ишке ашыруусун, б.а Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалыкты тикелөөсүн сурап калабыз.

وَنُرِيدُ أَن نَّمُنَّ عَلَى الَّذِينَ اسْتُضْعِفُوا فِي الأَرْضِ وَنَجْعَلَهُمْ أَئِمَّةً وَنَجْعَلَهُمُ الْوَارِثِينَ * وَنُمَكِّنَ لَهُمْ فِي الأَرْضِ وَنُرِي فِرْعَوْنَ وَهَامَانَ وَجُنُودَهُمَا مِنْهُم مَّا كَانُوا يَحْذَرُونَ

«Биз болсо ал жерде кордолгон кишилерге камкордук кылууну, аларды (кордук, бечаралыктан чыгарып, бардык адамдарга) башчы заттарга айландырууну жана аларды мураскорлор кылууну каалайбыз» [Касас 5-6]

Абдулхамид Абдулхамид

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here