Казакстан мектептеринде кыздардын оромол оронушуна каршылык күчөп жатат!
Казакстандык беш миң муслима окуучу кыздар мектепте оромол оронушуна уруксат сураган кайрылуусуна, Казакстан өкмөтү тарабынан четке каккан жооп келди. Казакстан өкмөтү мектептерде оромол ороо мүмкүн эместигине мамлекет илманий экендигин себеп кылып көрсөтүүдө.
Казакстан билим берүү министрлигинин орун басары Эльмира Суханбердиева пресс-конференция уюштуруп, бул туурасында баянат берди. Суханбердиеванын маалымдашынча, мамлекет илманий таалим түзүмүнө ээ. Ошон үчүн мамлекет боюнча эч бир мектепте диний баалулуктарга жол берүүгө болбойт.
“Казакстан конституциясына ылайык, мамлекетибиздин таалим түзүмү илманий (дүнүйөлүк). Мектептерибизде ар кандай диний пропаганда үчүн түздөн-түз же кыйыр түрдө да уруксат берилбейт”, дейт Суханбердиева.
Билим берүү министринин орун басары мектепке оромол оронуп келген окуучу кыздардын ата-энелери менен учурашуу өткөрүлгөнү жана түшүндүрүү иштери алып барылгандыгын да кошумчалады. Эльмира айымдын айтышынча, кыздар мектептен чыккандарынан кийин оромолдорун ороп алуулары мүмкүн.
“Окуучу кыздар дарс убагында оромолдорун чечип отуруулары керек. Мектептен тышкарыга чыккандарында болсо оромолдорун ороолору мүмкүн, эч кимге руханий зыян берген жерибиз жок”, дейт Суханбердиева.
Туркистон:
жарандарды чалгытуу жана чаташтыруу максатында “илманийлик” же “дүнүйөлүк таалим”, “рухий таалим” деген түшүнүксүз терминдерден колдонушат.
Кыздардын оромол ороштору дүнүйөлүк аракет же дагы кандай амалдар сыпатынан деп түшүнүлөт? Оорулу адамга куран окуп дем салуу, дуа кылуу же акырет туурасында ойлонуу сыяктуу амалдарды мейли кандай аташса да булар материалдык аракет же натыйжасы материалдык болбогон иштер катарына кирет. Бирок, оромол оронуу, сакал өстүрүү, намаз окуу, садака, эхсан кылуу, илим алуу, дарс берүү….. булардын бардыгы дүнүйөлүк материалдык аракеттер го! Илманийлик же демократияга негизделген капиталисттик идеология, бул көйгөйлөргө кандай чечим берген? Же бул дүнүйөлүк система бир гана куфрда жашай турган адамдар үчүн ылайыкталган идеологиялык түзүмбү? Анда бул система эмнеге мусулмандарга колдонулуп жатат?!
Элмира Сухамбердиева сыяктуу министрлер бул суроолорго жооп бере алышпайт. Булардын демократиялык идеологиясында, кыздардын оромол оронуу, жарым жылаңач же европадагы адамдар сыяктуу каалашса жылаңач жүрүш укугуна ээ. Алардын ушул аркеттери башка адамдарга зыян жеткирбесе болду. Окуучу кыздардын оромол оронуулары кимге зыян жеткизиши мүмкүн? Бул суроолорго Сухамбердиева сыяктуу маңкурттарды багыттап бара жаткан алардын европалык кураторлору жооп бере алышат.
Бирок европа кураторлорунун максаттары башка. Алар, исламий мамлекеттерде илманийликти өнүктүрүү программасы негизинде иш алып барышат. Коомдун исламийлешип кетүсүнүн алдын алууга каратылган аракеттеринин бардыгы б.а бузукучулукту пландаштырган иштери илманий түзүмдү бекемдейт. Алар, оромол оронгон кыздардын акы-укуктары тепселенип жаткандыктарын билип турушат. Бирок бул исламийлешүү б.а Ислам дининин баалулуктарынан келип чыгып жаткан көрүнүш болгондуктан, өздөрү бир четте туруп, маңкурт министрлерди ишке салышууда. Демократиялык идеологиясы бузулуп жаткандыгына карабай, адам укуктарын коргоочулар бул ишке баа бериштен жана муслималардын акы-укуктарын коргоодон баш тартышууда.
Эгерде Сухамбердиева лезбиянкалардын укугун чектөөгө аракет кылганда барбы! Укук коргоочулар аны дүйнөлүк сотко чеин сүйрөп барышмак. Анткени лезбиянка жана бачабаздар, алардын ыйык деп билген баалулуктарынан деп карашат.
Муслималардын оромол оронуулары, исламий баалулуктарга кирет. Эмнеге дегенде Ислам идеологиясы, аялдарды аруу деп билип, аларга коргоо кылуу керек болгон ар-намыс деп карайт. Кыздарыбыздын оромол менен хижабданып жүрүштөрү, исламий баалулуктарыбызды коомдо пайда кылыш үчүн ташталган кадамдарыбызды бекемдейт. Исламды жашообузга кирип келишин тездетет. Ошон үчүн куфр дүйнөсү, бул көрүнүшкө каршы мыйзамсыз жолдор менен болсо да катуу аракет алып барат.