Кыргыз өкмөтү отставкага кетти
Кыргызстан парламентиндеги президент тарапташтарынан турган социал-демократиялык партиясы (КСДП) фракциясы парламент коалициясынан чыккандыгын жарыя кылды. Бул фракциянын чачырашы жана өкмөттүн отставкага кетүүсүн түшүндүрөт.
“Социал-демократиялык партиясы көпчүлүк орунду ээлейт”, – деди парламент фракциясынын башчысы Иса Өмүркулов.
Анын түшүндүрүшүнчө, КСДП коалициядан “саясий караштар дал келбегендиги” себептүү чыгууга туура келген. 24-октябрь күнү болуп өткөн фракция межлисинде ушундай чечим кабыл алынган.
Мамлекет конституциясынын талабына ылайык, көпчүлүктү түзгөн фракциядан бири көпчүлүк коалициядан чыкса, ал чачыраган болуп эсептелет жана өкмөттүн отставкага кетүүсүнө алып келет. Кыргызстандын 2015-жылдын октябрында түзүлгөн парламентинде алты фракция болуп, андан төртөөсү т.а Социал-демократтар, Кыргызстан, Өнүгүү-Прогресс жана Ата-Мекен партиялары коалицияга биригишкен эле. Ошондо, өкмөттү түзүү укугун президент тарап социал-демократиялык партиясы колго алган эле.
Сооронбой Жээнбеков башчылыгындагы азыркы өкмөт ушул жылдын апрелинде түзүлгөн эле. Мыйзамга ылайык, мамлекет башчысы өкмөт отставкага кеткенден кийин 3 күн аралыгында бирер партияга парламент коалициясын түзүү милдетин тапшырат.