36 мамлекеттен 30 миң аскер Масул операциясында катышат
Бир нече күндөн бери АКШ башчылыгындагы 36 мамлекеттен турган коалициялык күчтөр ИШИМди кууп чыгаруу максатында Ирактын Масул шаарына кирип барууда. Ирак өкмөтүнүн каршылыгына карабай, Түркия кошуундары да согуштарда активдүү катышууда. Кабарларга ылайык, бир канча айылдар ИШИМден тазаланган, бирок Масул шаарына али жетип бара элек.
Бардык массалык маалымат каражаттары абалды саат сайын чагылдырып барууда. Алардын бардыгы жалаң бутага алынган объектилер жана колго киргизилген аймактар туурасында кабар таркатышууда.
Хизб ут-Тахрир – Түркия вилаяты басма-сөз катчысы Махмуд Кар болсо Масул операциясы артында жашырынган чындыктарды түшүндүрүп мындай дейт: АКШ беш жарым жылдан бери уланып келе жаткан Сирия көйгөйүн чече албады. Түзүлгөн бардык пландар жокко чыкты. Акыркы Лозанна жолугушуусу да муну далилдеп турат. Ушундай болгон соң, АКШ президенти Барак Обама өзүнүн ийгиликсиздиктерин тан алган абалда президенттик ордун тапшырышты каалабай жатат. Эми ал ИШИМди Масулдан кууп чыгаруу “жеңиши” менен президенттик мөөнөтүнө чекит коймокчу. Анткени Масул операциясы АКШ үчүн жалпы Сирия маселесин чечүүгө караганда арзыбаган иш.
Мунун үстүнө АКШнын ИШИМди колдоп жаткандыгы туурасындагы дооматтар жана анын Ирак, Сириядагы ийгиликсиздиги АКШ президенттигине демократтардан талапкер болгон Хиллари Клинтондун атына так түшүрүүдө. Президентикке дагы бир талапкер Доналд Трамп да дал ушул чекиттен туруп Клинтонго чабуул кылууда. Масул операциясынын ийгилиги болсо, Клинтондун башынан кара булуттарды бир аз азайтат.
Мындан тышкары Масулдан чегинген ИШИМ күчтөрү Сирияга өтүшү табигый. Бул да АКШ үчүн Сирияда ИШИМге каршы күрөш шылтоосу үчүн мүмкүнчүлүк жаратат.
Масул операциясы АКШ башчылыгында ишке ашырылып жаткандыгында эч күмөн жок. Бирок ал Афганистан жана Иракта жетиштүү деңгээлде ийгиликсиздикке учурагандыгына байланыштуу өзүн отко таштай албай жатат. Балким жергиликтүү жана жакын аймактагы күчтөрдөн пайдаланып жатат. Б.а, согуш жүргүзүп жаткан жетекчи мамлекет АКШ болгону менен, анын атынан башкалар согуш кылууда. 3 жыл мурун ИШИМдин Масулга киришине жол берген АКШнын өзү бүгүн ага каршы Ирак армиясын түзүп койду.
Бул операциядан АКШ жана Батыш мамлекеттери гана пайда көрөт. Зыян тарта тургандар болсо мусулмандар. Масул калкы кыргындарга дуушар болот. Бирок, Түркия, Иран мамлекеттери болсо бул күрөштө АКШнын негизги кызматын аткара турган саткындар катарында тарыхта калышат. Кыскача айтканда, Ирак, Түркия, Иран мамлекеттеринин Масул операциясында катышууга талпынып жаткандыктары алар үчүн шерменделик.