Португалиянын мурунку премьер-министри БУУ Баш катчысы болуп дайындалды
БУУ Баш ассамблеясы бейшемби күнү Португалиянын мурунку премьер-министри Антониу Гутерришти эл аралык уюмдун баш катчысы кылып дайындады.
Жыйында португалиялык саясатчынын 2017-жылдын 1-январынан тарта БУУ баш катчысы болуп дайындалышы туурасындагы резолюция көрүп чыгылды. Гутерриш ушул убакыт аралыгында 2021-жылдын 31- декабрына чеин иш алып барат.
“Мен Антониу Гутерришти БУУ Баш катчысы катарында 2017-жылдын 1-январынан 2021-жылдын 31-декбрына чеин дайындалганын жарыя кыламын”, – деп жарыялады БУУ Баш ассамблеясынын раиси Питем Томсон.
Гутерриш бейшемби күнкү сүйлөгөн сөзүндө дүйнөдөгү конфликттерди өзүнүн башкы максаттарынын бири экендигин айтты.
Ал жаштыгында лицейде окуп жүргөн убагында тарыхка абдан кызыккандыгын айтып, “Мен ошондо мурунку согуштарда жеңүүчүлөр болгондугун билдим. Бүгүн мындай эмес, биз жалаң утулуп жаткандарды көрүп жатабыз, согуштун өзү болсо түгөнбөйт экен. Биздин коомдук милдетибиз – мындай абалга чекит коюуу”, – деди Антониу Гутерриш.