Тажикстан мечиттеринде коопсуздук чаралары күчөтүлүүдө

352
0

Тажикстан мечиттеринде коопсуздук чаралары күчөтүлүүдө

 “Намазкандар коопсуздугун камсыздоо” үчүн “жан кейитип жаткан” Тажикстан бийлиги борбор Дүйшөмбү шаарындагы бардык мечиттерде металл издөөчү атайын аппараттарды орнотуп чыгуу милдетин жүктөдү. Маалыматтарга караганда, мындай каражаттар алгачкылардан болуп Дүйшөмбүдөгү Хожи Якуб борбордук мечитине алып келинди.

 Тажикстан Уламалар кеңешинин фатва бөлүмү башчысы Жамалиддин Хамушинин сөздөрүнө караганда, аппараттар орнотулгандан кийин аларды күч органдары жана мечит кызматкерлери көзөмөл кылышат. Мындан тышкары мечиттерге кошумча күзөтүү камераларын орнотуу тапшырыгы да жүктөтүлдү.

Эмкиде, “бардык мечиттерде жамаат тартиби жана жарандар коопсуздугун камсыздоо үчүн” мечитке келүүчү ар бир адам металл издөөчү аппарат аркылуу текшерилет.

 Дүйшөмбү шаар мэри Махмадсаид Убайдуллаев тийиштүү органдарга “бардык мечиттердеги күзөтүү камералары аркылуу алынган тасмалар шаардагы борбордук мечитке келип түшүшүн камсыздоо максатында” мечиттер үстүнөн болгон көзөмөлдү борборлоштуруу буйругун берди.

 Бул сыяктуу коопсуздук чаралары үчүн мечиттердин өздөрү жоопкер болушат. Мамлекет тарабынан мечиттер үчүн акча ажыратылбайт.

Туркистон:

Бир кызык мезгилдер болуп жатат. Мусулмандар:  бизден жарандарга эч кандай коркунуч жок, биз үчүн силер айтып жаткан жардыруу иштерине баруу шарий арам, деп баянат бергендерине карабай, коопсуздук чараларын шылтоо кылып мусулмандарга каршы басма-сөз чабуулун улантып жатышат.

Борбордук Азияда, Каримовдун өлүмүнөн кийин Өзбекстан Россиянын көзөмөлү астына өтүп барууда. Россия, Өзбекстанды кошуна мамлекеттер менен достошууга үндөп жатат. Ал өз кезегинде Өзбек режими, баланс орнотулушу үчүн бул кошуна мамлекеттерди да анын жолу менен жүрүүгө б.а мусулмандарга каршы режимдерин күчөтүп барууларын талап кылат.

Аймакта исламий мухит күчөп барышы менен, куфрлардын, мусулмандарды провакация кылуу максатын жүзөгө чыгарып берүүчү исламий жамааттар жана шарттар жоголуп бара жатат. Мусулмандар максатсыз жана арам амалдарды, өкмөт же башка тышкы күчтөрдүн ыплас кызыкчылыктары үчүн ишке ашырып бериштен баш тартып жатышат. Исламий мухит тазаланып жаткандыктан, мусулмандар туйгулары менен гана көр сокурларча максатсыз аракеттерди алып барышты четке кагышууда. Жада калса Сириядан Кыргыз мужахид жигиттери кайрылуу аркылуу, “биздин Орто Азияда аскерий аракет алып баруу ниетибиз жок. Силер мусулмандар атынан ыплас иштерди кылуудан жана аларга жалаа жаап, аларды куугунтуктоодон тыйылгыла” дешти.

Путин болсо өзүнүн ыплас табиятынан келип чыгып иш кылууда. О.э бул аймак бийликтерин мусулмандарды провакация кылышын улантууга үндөп бара жатат. Мусулмандар болсо алардын провакацияларынан таасирленбей, сабыр кылып келишүүдө. Эми Путин буларга, мусулмандардын атынан өздөрү ыплас иштерди алып барышын талап кыла баштады. Тажикстан жана Кыргызстанда ушул айларда бирер бир ыплас пландарды ишке ашырышы мүмкүн экендиги туурасында миш-миштер айтылып жатат..

Эй момун мусулман бурадарлар, Куфр ааламы бүткүл дүйнөдө биригишти. Алар бири-биринин ыплас иштерин колдоп-кубаттап келе жатышат. Мусулмандарга карата кылып жатышкан жалааларын билип туруп, абалдарга эч кандай калыс мамиле кылышпай жатат. Путиндин Сирияда жүргүзүп жаткан кыргындарын карагыла!!!!!

Биз мусулмандар, эч болбогондо өзүбүздүн үстүбүздө болуп жаткан ыплас иштерге туура жана калыс баа берели. Аларга, биз силердин куулук айла-амалдарыңарга ишенбейбиз! Убара болуп, жүздөгөн жарандарды кырып жибере турган ыплас пландарыңарды токтоткула, деген мамилелер менен чыгалы. Анткени куфрдан таасирленген күчтөр, биз мусулман жарандарды, исламий кандайдыр бир аракеттерден коопсуроого ишендирмекчи болушууда. Тескерисинче алардын өздөрү бул жасалма исламий деп атап алышкан топтордун атынан бир катар жардыруу иштерин уюштурушун кандай ыкмалар менен ишке ашырышы туурасында пландарды түзүп беришүүдө.

 Биз аларга ишеничсиздик билдирсек, балким алар токтоп калышат. Анткени алардын мурунку максаттары болгону бизди ишендирүү. Мусулмандарга карата дагы да репрессивдүүрөк аракеттерди алып баруулары үчүн, мечиттерди бекитип, исламий баалулуктарыбызды тепселөө үчүн алар исламий кооп-коркунучтар бар экендигине алгач бизди ишендириши керек! Кийин Ислам жана мусулмандарга каршы репрессия башташат. Өзбекстандагы 16-февраль окуясын эстеңиз!

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here