Өзбекстан өкмөтү алгачкы туура кадамдарын таштады

277
0

بسم الله الرحمن الرحيم

Өзбекстан өкмөтү алгачкы туура кадамдарын таштады

Байыртан алды-берди, бир туугандык мамиледе болуп келген элдердин ортосундагы жасалма чек араларды коюуу карапайым калктын жек көрүүсүнө гана себеп болду. Бул калктардын дини, үрп-адаттары бир болгондуктан бири-бири менен куда-сөөк мамилелеринен тышкары, материалдык да, моралдык да тосуктар жок болчу. Бул менен биримдик күчөп келген. Буларды ажыратууга болгон аракеттер душмандардын максатына ылайык келет. Жасалма чек аралар өз калкын эч пайдасы жок бир кыйынчылыктарга гана дуушар кылат, карапайым калктын өкмөткө карата жек көрүүсүн козгойт.
Ушул жылдын 1-чи октябрында 130 кишиден турган Кыргызстан элинин өкүлдөрү Өзбекстанга болгон сапары биримдикти күчөтүү үчүн болгон туура кадам болду. Бул менен эки эл ортосундагы жасалма тосуктарды жок кылууга болгон кадам болду деп эсептесек болот. Бийликтин өз калкына болгон саясатында, алардын көйгөйлөрүнө туура чечимдерди берүү менен өкмөт калктын колдоосуна жетишет. Мындай жол менен өкмөт чыныгы күчкө таянган болот. Өзбекстан-Кыргызстан өкмөттөрү бири-бири менен жакшы мамилелерди орнотуу максатында уюштурулган бул жолугушуу карапайым калкка кубаныч тартуулады.

Бирок бул иш “жамандын зыяны тийбегендиги да бир жакшылык” деген сыяктуу болбошу керек. Ошон үчүн өкмөттөр алдында реформаланышы керек болгон, карапайым калкты кыйнап келе жаткан көптөгөн көйгөйлөрдү чечүү керек. Чек аралардын ачылышы жана өз ара бир туугандык, достук мамилелер менен биреликте экономикалык алакаларда да эч кандай тосуктар болбоштугу да бул эки элдин башка мамлекеттерде кыйналып, сарсанаа болуп жүргөн жумушчу мигранттардын санын азайтууну аз да болсо алдын алган болот эле. Анткени Өзбекстанда иштеп чыгылган дыйкандардын продукциялары менен Кыргызстандагы туризмдин өнүктүрүлүшү же чарбачылардын (кымыз сыяктуу) продукциялардын айырбаштоолору натыйжасында бир аз болсо да карапайым ишкерлердин күн кечиришине жеңилдик болот эле.

Түпкүрүндө бул сыяктуу жасалма чек аралар мурун болбогон. Чек ара белгилөө жоопкерчилик жүзөсүнөн гана облусттар аралык эле болгон. Бирок карапайым калк өз ара мамилелеринде кыйынчылык сезген эмес. Бирок 1966-жылдагы чыгарылган чечим менен бул калктарды бөлүп таштаган жасалма чек аралар өз таасирин СССР урагандан кийин көрсөтө баштады. Бир тууган элдин бири-бирине барып келүүлөрү, алды-берди кылышы абдан татаалдашып кетти. Форма кийген “каракчыларды ыраазы кылуу”, узак мөөнөт кезектерде туруу сыяктуу кыйынчылыктарды жеңүү, жада калса акыркы убактарда катташуу такыр эле мүмкүн эмес боло баштаган. Бул чечим исламий дүйнөнү бөлүп-жарып таштоодогу Сайкс-Пико(1916) келишимине паралель түрдө иштеп чыгылган. Бул сыяктуу жасалма чек араларды тан алуу, ошол негизде тосуктарды коюп, тууганчылк, карым-катнаштык сыяктуу фарздарды кылуудан чектөө же ошол негизде урушуу, жаңжалдашыш арам. Мусулмандардын мамлекети, кудум өтмүштө болгондой бир болушу важиб.

“Арабий жана Исламий” же “Өзбекстандык-Кыргызстандык” дегендей атамалар негизинде бири-бирине душмандардай мамиледе болгон ар бир киши Аллах Тааланын өкүмүнө каршы, колонизатордун пикирин кабыл алган болот:

إِنَّ هَذِهِ أُمَّتُكُمْ أُمَّةً وَاحِدَةً وَأَنَا رَبُّكُمْ فَاعْبُدُونِي

– “Эй инсандар), силердин улутуңар чындыгында бир Үммөт (т.а Ислам). Мен болсо (бардыгыңардын) Жаратуучуңармын. Мага гана ибадат кылгыла!”. [21:92] Абу Зар.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here