Афганистан президенти куралдуу оппозиция менен тынчтык келишимге кол койду
Афган маалыматтык каражаттарынын кабар беришинче, Афганистан президенти Ашраф Гани бейшемби күнү Гулбиддин Хикматяр башчылыгындагы мамлекетеги ири куралдуу оппозиция – Афганистан Ислам партиясы менен тынчтык келишимине кол койду.
Маалыматка ылайык, куралдуу топтун башчысы азыркы убакта Пакистан аймагында делип жаткан Хикматяр келишимге шаршемби күнү кол койгон. Тынчтык келишиминин биринчи варианты делегациялар тарабынан 22-сентябрда Кабулдагы сүйлөшүүлөрдө тастыкталган эле.
Европа Союзунун тышкы саясат мекемесинин башчысы Федерики Могерини ушул келишим туурасында токтолуп, “акыркы 15 жылда Афганистанда бүгүн тынчтык келишимине кол коюлду. Эми тараптардан аны аткаруу талап кылынат. Бул сабырдуулукту, өзүн тыя билгендикти талап кылат. Европа Союзу Афганистанды да саясий да финансылык жактан да колдоп-кубаттайт”, – деди Могерини.
Хикматяр башчылык кылып жаткан куралдуу топтор мамлекетте “Талибан”дан кийинки туруучу чоң күч. Топ лидери 1993-1994-жылдарда Афганистан премьер-министри болуп иштеген. 2003-жылдан АКШ аны ошол убактагы Талибан башчысы Мулла Умар, “Ал-Коида” жетекчиси Бин Ладен катарындагы экстремисттер сабына киргизген. Азырга чеин Хикматярдын жашаган жери белгисиз.