Кыргызстан: саясий кризиске карай

271
0

Кыргызстан: саясий кризиске карай

 Туркистон:

Кыргызстан кайрадан ири мамлекеттердин ич ара конфликттеринде талаштуу майданга айланып барууда. Атамбаев эл аралык саясаттагы бул оюнда, ага белгиленген рол кандай экендигин биле албай калгандай.

АКШ менен Россиянын алакасы жамандагандан-жамандап барууда. Дүйнөлүк геосаясатта Россия чоң жоготууларга дуушар болду. Эл аралык саясаттагы орду алсырап, таасир кубаты жоголуп барууда. Экономикалык абалы өтө начар. Бирок буга карабастан Путин Россияны кайрадан улуулугун көрсөтүп жаткандай аракет кыла баштады.

Каримовдун өлүмү жана андан кийинки Орто Азия тагдыры Россияны ойлондурбай койбостугу анык эле. АКШ менен Россия ортосундагы көйгөйлөр, мына ушул Каримовсуз Өзбекстандын тагдырын чечүүдөгү аракеттер жана келишпөөчүлүктөрдөн келип чыкты.

Россиянын Өзбекстанда Каримовдун режими ушул күнгө чеин сакталып келишинде салымы абдан чоң болгон. Мигранттар маселеси менен Өзбекстанда да экономикалык жана жумушсуздук көйгөйлөрүн жабып келет. Мындан тышкары батыш дүйнөсү бул мамлекетте бир катар санкцияларды койгондо да, Россиянын колдоосу менен Өзбекстан бул маселени сезбестен басып өттү. Анжиян кыргынын ойлоп табып, анын шылтоосу менен бүткүл батыш басма-сөзү жана башка уюмдарды кууп чыгарды. Россия ушул аракеттери менен Өзбекстанды Батыш сакафатынан сактап калды. Андан кийин АКШ Каримовдон бир катар кызыкчылыктары жолунда пайдаланууга аракет кылды жана пайдаланды. Лекин басма-сөзүн да, оппозициясын да, бей өкмөт уюмдарын да дээрлик алып кире албады.

АКШ, Россияны, өзүнө тобе болгон Япония, Германия сыяктуу мамлекеттер сабына кошуп алмакчы эле. Анткени АКШ баш болуп дүйнөлүк, глобалдашкан эл аралык саясаты алып келип койгон Россиянын азыркы саясий жана экономикалык абалы жана анын идеологиялык боштук менен араң башкарып келе жаткан авторитардык режими, бул мамлекетти улуулукка алып чыга албайт. Бирок Путин үчүн кулап бараткан Россияны эмес, өзүнүн башкаруу режимин сактап калуу маанилүүрөк. Путин, КМШ, ЖККУ, ШКУ жана ж.б уюмдар да, аларга мүчө мамлекеттерди да, президенттерин да жалаң гана өзүнүн режимин сактап калуусу үчүн багыттандыра баштады.

Атамбаев болсо ири мамлекеттердин бул оюнунда өз ордун таба албай жатат. Бирде Эрдогандын койнуна кирип 10 – 15 миллион доллар бергени үчүн “сиз менин жалгыз акемсиз” деди. Кийин Путин аны туулган күнүнө келгени жана крест сыйлыгы менен сыйлап койгону үчүн аны кучактай берип бардыгыбызды уяткарып койду. Бирде ачык майданда туруп Батыш дүйнөсүн акаараттайт. Эми болсо жеңилирээк айтканда АКШдан кыжалат болуп БУУнун саммитинен качып Россияга барып алыптыр.

Атамбаев эсин жыйып албаса, Кыргызстан куфр жетекчилери колунда чачырап кетет. Ал алгач бул ири колонизатор мамлекеттердин кызыкчылыктарын жакшылап түшүнүп алуусу керек. Андан соң өзүнүн жана өз мамлекетинин, жарандарынын кызыкчылыктарын анык билип алышы өтө зарыл иш. Анткени Кыргызстан президенти башка куфр мамлекеттердин колдорунда бир тараптуу куралга айланып калышы мүмкүн. Бул абал мамлекетти куфр колонизаторлору тарабынан кыйратышына ыңгайлуу абал жарата баштайт. Улуттар, уруулар, диндер жана бардык саясий партиялар ортосунда чыр-чатактар күчөйт. Азыркы күндө Кыргызстандын ички саясий абалы, күн сайын изден чыгып бара жатат.

“Эл аралык абалды түшүнүү ар бир мамлекет саясатын түшүнүүдөн турат. Айтып өктөнүбүздөй, таасир күчүнө ээ болгон мамлекеттердин саясатын түшүнүү анын негизи болгон идеологиясын түшүнүүгө байланыштуу. Эл аралык таасир көрсөтүүчү мамилелердин структурасын б.а биринчи мамлекет жана ага атаандаш мамлекеттер абалын көрсөтүүчү эл аралык абал болсо идеологияга эмес, эл аралык мамилелерге жана мамлекеттер ортосунда болуп жаткан, биринчиликти ээлө, таасир күчүнө ээ болууга болгон жарышууларына байланыштуу. Ушуга карай, эл аралык абалды түшүнүү зарыл.”  “Хизб ут Тахрирдин саясий түшүнүктөр” китебинен.

Кыргызстан жетекчилеринин кемчилиги, эл аралык саясатты түшүнө албай жаткандыктарында. Мындан өлкө жарандары көп жапа чегишүүдө. Башчылар өз орундарын сактап калуу максатында же башка кызыкчылыктарына жетишүү үчүн, эл аралык саясатта таасирге ээ мамлекеттердин кызыкчылыктарына билип же билбестен кызмат кылып жатышат. Жарандардын же үммөттүн мүлктөрүн ит бекер берип жиберишүүдө. Мындан тышкары алардын ыплас максаттары да бар. Бирер бир саясий максатты жүзөгө чыгаруу үчүн абдан көп иш-чараларды уюштурушат. Жүздөгөн жарандардын өлүмү менен улуттук чыр-чатактарды уюштуруу, мусулмандар атынан көптөгөн иштерди жана аларды атайын түрмөдөн качырып өлтүрүп жиберүү иштери. Ушулардын бардыгы арзыбаган креслолору же башка дүнүйө маталарын сактап калуу үчүн гана кылынат. Мунун артында болсо, куфр жетекчилеринин кызыкчылыктары жатканын сезишпейт.

Мисал катарында, 2010-жылдагы ОШ окуясы. Кыргызстан убактылуу өкмөтү, Бакиевди  кетирүүдө пайдаланып калуу максатында коогалаңды атайын күчөтүп жиберишкен Өзбек элитасын жок кылып алуу максат кылынган. Лекин Россия, Өзбекстанды качкындар менен толтуруп жиберүү аркылуу, бир аз өзүнө тобъелигин күчөтүп алууну көздөгөн эле. Ошон үчүн убактылуу өкмөт чакан бир улуттук жаңжал чыгарууга даярданганда, Россия мурунтан даярдап койгон снайперлери аркылуу согушту күчөтүп жиберди. Натыйжада азыркыга келип, убактылуу өкмөт мүчөлөрү бири-бирин айыптуу деп эсептей башташты.

Бирок бири дагы тышкы күчтөр туурасында айтпай жатышат. Анткени алардын ар бири кайрадан ошол жетекчи мамлекеттердин колдорунда куурчак болуп калууну же куурчак болуудан үмүттөрү бар.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here