Кытайда “Чоң Жыйырмалык”тын саммити болот
Ушул жылдын 4-5-сентябрында Кытайдын Гуанчжоу шаарында “Чоң жыйырмалык”тын саммити болуп өтөт.
Саммит өтүүчү Гуанчжоу шаарынын расмийлери коопсуздук чараларын күчөтүп, бир катар чектөөлөрдү киргизишти. Шаар бийлигинин сайтында жарыя кылынгандай, 20-августтан баштап шаардын айрым жерлерине кирүү чектелет. Саммит өтүүчү жердин айланасында жашаган калк жана ишкана кызматкерлери атайын күбөлүктөр негизинде гана кириши мүмкүн. Башка жарандар болсо коопсуздук көзөмөлүнөн өтүшү керек. Мындан тышкары бул жерге тиешеси болбогон автотранспорттордун кирип-чыгышына тыюу салынат. Бул сыяктуу чаралар 31-августка чейин уланат. 1-сентябрдан баштап жергиликтүү калк жана компания кызматкерлеринен башкалар киргизилбейт. Атайын күбөлүккө ээ болгон болгон жарандар болсо жакшылап текшерилет. Саммиттин уюштуруучуларынын уруксаты болгон автомобилдер гана саммит өтүүчү аймакка кириши мүмкүн.
Гуанчжоу расмийлери 28-августтан баштап бул аймакка почта алып кирүүгө да тыюу салуу тууралуу чечим кабыл алышты. Тийиштүү мекемелердин талабы боюнча полиция жана башка түзүмдөр райондогу компания жана ишканалардын ишмердүүлүгүн убактылуу токтотуп турушу да мүмкүн. Мындан мурда Гуанчжоу шаарына жана анын айланасындагы калктуу пункттарга жүк машиналардын жана тракторлордун киришине тыюу салынган эле. Бул тыюу 28-августтан 6-сентябрга чейин уланат. Ушул убакыттын ичинде саат 14.00дөн түн жарымына чейин так сандагы күндөрдө так сандагы номерлүү машиналар, жуп сандагы күндөрдө болсо жуп сандагы номерлүү машиналар жүрүшөт. Чжэцзян провинциясындагы жолдордо пиротехникалык продукцияларды жана химиялык заттарды ташуучу транспорттордун жүрүшүнө тыюу салынат.
Саммит 4-сентябрда түштөн кийин ачылып, 5-сентябрда түшкө чейин аяктайт. Саммиттин алкагында мамлекет башчылардын эки тараптуу жолугушуулары да өткөрүлөт. Саммиттин аягында Кытай Элдик Республикасынын башчысы Си Цзиньпин массалык маалымат каражаттары үчүн маалымат жыйынын өткөрөт. Бул саммит мурункулардан айырмаланат. Саммиттин алкагында бизнес-саммит өткөрүлүп, ага Си Цзиньпин катышат.
Туркистон: Жогорудагы “Чоң жыйырмалык” жана “Чоң жети” уюмдар кандай максатта түзүлгөн?
“Чоң жыйырмалык” – бул уюм 1999-жылы ишмердүүлүгүн баштады. Максаты, дүйнөдөгү өнүккөн жана өнүгүп бара жаткан мамлекеттерди о.э. эл аралык банк жана башка ири финансылык ишканаларды бириктирип, алардын финансылык алакаларын тартипке салып туруу менен дүйнөлүк экономикалык системаны глобалдашкан абалда кармап туруу. Бул уюм, дүйнөнүн 85% каржысын башкарат жана аны көзөмөлдөп, тартиптештирип турат.
“Чоң жетилик” — бул расмий эмес уюм да дүйнөлүк экономикалык балансты көзөмөл кылуучу уюм болуп, негизинен жетекчи мамлекеттерден, же алардын кол астындагы өнүккөн мамлекеттерден турат. Бул уюмдун уставы жана башкы штабы болбогондой эле, расмий дүйнөлүк уюм деп тан алынбайт. Бул уюмдун кеңеш берүү укугу гана бар деп айтылышына карабастан, ал дүйнөлүк башкаруу системасынын негизи болуп эсептелет.
Бул уюмдардын максаты эмне? Буларды капиталисттик дүйнөлүк системанын негизги багыттоочулары жана жараксыз экономикалык системанын жамакчылары деп атасак туура болот. Себеби, капиталисттик системанын саясий жана экономикалык системасы дүйнөлүк капитал бир жерге топтолуп калышына о.э. финансылык системанын бузулушуна алып барышы анык. Муну биз турмушта көрүп жатабыз.
Т.а. бул системаны албетте капиталисттер башкарышат. Алар болсо, экономикалык өнүгүүнүн кепилдиги болгон оор жана жеңил өнөр жайларды колго алышат. Андан соң бул тармактарды монополия кылып алуу үчүн мамлекеттерге жана эл аралык уюмдарга басым өткөрүшөт. Жетекчи мамлекеттердин башчылары ушул капиталисттердин кызыкчылыгы үчүн эл аралык уюмдарды түзүшөт жана алар аркылуу глобалдык системаларды түзүшөт. Мисалы, патент системасы БУУда эл аралык мыйзам катары кабыл алынып, анын катуу корголушу. Бир катар дүйнөлүк стандарттарды шылтооолоп, алардын чектөө катары мыйзамдаштырылышы. Алсыз мамлекеттердин бийликтерине ар түрдүү басымдарды өткөрүү менен мамлекетте өнөржайды өнүктүрүүгө тоскоолдук кылуучу мыйзамдарды кабыл алдырууга мажбурлоо…….
Ушундай болгон соң, бул система тез арада кризиске учурашы анык болчу. Бирок, бул мамлекеттер капиталисттик системаны сактап калуу үчүн жогорудагы сыяктуу бир катар уюмдарды түзүштү. “Чоң жыйырмалык” жана “Чоң жетилик” сыяктуу уюмдардын милдети – финансылык түзүмдү көзөмөл кылуу менен бирге, капитал бир мекенде же белгилүү бир адамдарда топтолуп калышынын натыйжасында экономикалык баланс бузулушунун алдын алып туруу. Т.а. бул уюмдар ири мамлекеттердин кичинекей жана алсыз мамлекеттерге финансылык жардам көрсөтүп турушун тартиптештирүү менен алектенишет. Жөнөкөй кылып айтканда, бүт инвестиция тармагы, мамлекеттик эмес фонддор, мамлекеттик эмес уюмдар жана башка каржылоонун бардык тармагы ушул уюмдардын көзөмөлү жана таасири астында. Бул уюмдар үчүнчү дүйнө мамлекеттерин сырьё базасы катары кармап турууга аракет кылышат. Бирок, ушул жараянда бул мамлекеттердин экономикасы өтө начарлап, натыйжада саясий нааразылыктар келип чыгышы мүмкүн. Бул уюмдун милдети ушул нааразылык пайда кылышы мүмкүн болгон чегараны аныктап, ошол мамлекет үчүн бир аз көмөк көрсөтүүгө аракет кылуудан турат.
Бу сыяктуу уюмдар дүйнөдөгү жетекчи мамлекеттин кол астында болот. Бул глобалдык системанын башкаруу тизгини кимдин колунда болсо, ал каалаган мамлекетти экономикалык санкциялар менен кордой алат. Же тескерисинче, каалаган мамлекетти экономикалык жактан өнүктүрө алышы мүмкүн. Т.а. бул уюмдар капиталисттер үчүн дүйнөлүк экономикалык глобалдык система жаратып берет. Капиталисттердин дүйнөлүк зулумдарынын саясий жарылуу чегарасын белгилеп берет. Дүйнөлүк системанын кесепетинен улам жардамга өтө муктаж болгон мамлекеттерди аныктап, аларга жардам берүүнүн чегараларын аныктап берет. Жетекчи жана өнүккөн мамлекеттер арасындагы экономикалык жана финансылык проблемаларды да кандайдыр өлчөмдө тартиптештире алат.