Эндрюс аскерий саммитинен көздөлгөн максаттар

304
0

Эндрюс аскерий саммитинен көздөлгөн максаттар

 Үстүбүздөгү жылдын 20-21-июлунда АКШнын Мэриленд штатындагы Эндрюс авиа базасында аскерий саммит болуп өттү. Коргоо министрлери, тышкы иштер министрлери жана НАТОго мүчө мамлекеттерден аскерий жетекчилер катышкан бул саммит мындай саммиттердин алгачкысы болду. Бул саммит, алардын дааба кылышынча, “Ислам Мамлекети” уюмун жеңүү үчүн кеңири камтуучу стратегияны белгилөө максатында өткөрүлдү.

Саммитте аскерий техникалык тармак боюнча эки генерал: АКШ армиясынын башкы штаб башчысы Мартин Демпси менен Жакынкы Чыгыш жана Түштүк Азия маселелери боюнча АКШ борбордук командачылыгынын жетекчиси Ллойд Остин төрагалык кылды. Саясий аскерий жактан болсо АКШ коргоо министри Эштон Картер менен АКШ тышкы иштер министри Жон Керри төрагалык кылды.

Эштон Картер АКШнын коалициядагы максаттары тууралуу айтып: «Коалициянын негизги үч максаты бар, алар Ирак жана Сирияда илдет болуп турган ИШИМ уюмунун башкы чебин жок кылуу, дүйнөнүн башка жерлериндеги топторго каршы күрөшүп, куугунтуктоо о.э. жергиликтүү бийликтерди аскерий, коопсуздук жана разведка менен колдоп-кубаттоо», — деди. Ал союздаш мамлекеттердин коргоо министрлери «Ирактын Мосул жана Сириянын Ракка шаарларындагы ИШИМ көзөмөлүн жок кылуу» келишимине кошулушун баса белгиледи. Ушул нерсени ишке ашыруу үчүн иштелип чыккан стратегиянын максаты, «Уюмдун Мосул жана Ракка шаарларындагы топторун курчоого алуу”. Коалиция Ирак жана Сирияда бир командачылык астында аскерий чабуулдарды алып баруу планын бир жыл мурда иштеп чыгып, операциялар үчүн командачы катары генерал Шон Макфарландды өкүл кылганын, эми ушул планды колдоп-кубаттоо учуру келгенин билдирди.

Жон Керри да коалиция мүчөлөрүн маалымат алмашууну күчөтүүгө чакырып, «биргелешкен аракеттерди бекемдөө жана ушул коркунучтар тууралуу маалымат алмашууну күчөтүү үчүн уюмдук чектөөлөрдү алып таштоо» зарыл экендигин баса белгиледи. Кийин «Вашингтон коалицияга мүчө мамлекеттер ортосунда разведкалык маалымат алмашууну жеңилдетүү үчүн бюрократиялык тоскоолдуктарды жарып өтүүгө аракет кыла тургандыгын» кошумчалады. Саммиттин катышуучуларын “Ислам Мамлекети” уюму ал тургай кууп ташталгандан кийин кийин да кооптуу экендиги менен коркутуп: «ИШИМ ылайыкташуучу уюм жана реалдуу иш кылат, ал жасалма бир мамлекеттен эл аралык тармакка өзгөрүүгө дагы аракет кылат, анын бирден-бир максаты мүмкүн болушунча көбүрөөк адамдарды өлтүрүү», — деди.

ИШИМ уюмуна каршы күрөштү каржылоо маселесинде АКШнын БУУдагы элчиси Саманта Пауэр донор мамлекеттерди тезинен финансылык салым кошууга үндөп: «Бүгүн үзүп коюлган финансылык төлөмдөрдү тезирээк жана толук көрүнүштө берүүнүн убагы келди, себеби акыркы кездердеги бардык гуманитардык кампанияларда биз донор мамлекеттер убадаларын аткарбай жатышканына күбө болдук», — деди.

Демек, саммиттеги америкалык жооптуулар берген билдирүүлөрдөн даана көрүнүп тургандай, АКШ арабий жана исламий өлкөлөрдүн башчыларын бардык тармактарда кызматташууга шантаж кылууда. Мисалы аскерий жактан алсак, Картер араб жооптууларына өз мамлекеттери жана бийликтерин коргоо үчүн аскерий, коопсуздук жана разведка боюнча АКШ менен кызматташууга мажбур экендигин ачыктады. Керри да өз ара маалымат алмашууну күчөтүү аркылуу уюмдук чектөөлөрдү алып таштоо зарыл экендигин, бир да маалымат, кичине болсо да, Америка разведкасынан жашыруун калбастыгын өзгөчө баса белгиледи. Чогулгандарды, эгерде АКШ менен кызматташпай турган болсо, келечекте «Ислам Мамлекети» уюму алардын мамлекеттерине коркунуч туудура тургандыгын айтуу менен коркутту. АКШнын БУУдагы элчиси бул мамлекеттер менен АКШ ортосундагы финансылык мамилени чечип, ушул уюмга каршы АКШ жетекчилик кылып жаткан кампанияны каржылоо үчүн алардан тезирээк, түздөн-түз каражат берүүнү талап кылды, каражат берүүүнү кечиктирүүнүн натыйжасынан эскертти.

Америка итааткөй акимдерди өз калкы алдында шантаж кылуу жаатында аларга дагы да ишеним пайда кылуу үчүн «Ислам Мамлекети» уюмуна каршы кандайдыр утуштарга жетишүүнү каалап жатат.  Бирок, бул утуш «Ислам Мамлекети» уюмун биротоло жок кылууну түшүндүрбөйт, себеби, АКШ андан көп пайдаланууну улантып жатат. Ошондуктан, аны жок кылышы мүмкүн эмес. Эгерде кааласа алда качан эле жок кылат болчу. Бирок, бул уюмду жеңүүдө сезиле турган утуштарга ээ болууну көздөп жатат.

Ооба, мындай малай уюмдар себептүү калкыбыз эмне деген гана балээлерди баштан өткөрбөдү?! Бул башчылар өз калкына каршы кандай гана кылмыштарды кылышпады?!

Америка болсо бизден эл аралык коалиция түзүп, өлкөлөрүбүздө аскерий базаларды ачып жатат. Армияларыбызды “Ислам Мамлекети” уюмуна каршы согушка тартууда. Бул согуштун чыгымдарын биздин байлыктарыбыз менен каржылап жатат, тиги жамандык акимдери болсо – ушул уюм себептүү – Америкага разведка маалыматтарын сунуштап жатышат… Бул кордуктардын бардыгы “бир уюмга каршы күрөш” деген шылтоо жана жалган аркылуу ишке ашырылып жатат. Ушул уюмга каршы согушта армияларыбыз алсыздык кылып жаткандай, АКШ сыяктуу кылмышкер колонизатор мамлекеттен жардам сурап жатышат. АКШ болсо ошол уюмга каршы согушка жетекчилик кылууда… Кордук жана шерменделигибиз мына ушундай!

Эгерде бул малай акимдерибизз өз алдынча чечим кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгондо, анда ушунча кыйынчылыктардан кутулат болчу. О.э. көбүртүп көрсөтүлүп  жаткан мындай кичинекей проблеманы – АКШ же башка мамлекеттерге кайрылбастан – өздөрү эле чечип коюшат эле. Колубузда байлыгыбыз, жарак-жабдыктарыбыз жана армияларыбыз бар. Демек, эч нерсе керек эмес, болгону чечкиндүү токтом кабыл алуу гана керек. Бирок, маселе мындан да татаал. Себеби, бул акимдер колонизатор кафирге жалданышкан. АКШ ушул уюмдардан пайдаланып, аларды көбүртүп көрсөттү жана анын шылтоосунда өлкөлөрүбүзгө кирип алды. Ниети болсо регионду толук көзөмөл кылып, таасирин орнотуп алуу о.э. козголоңдорду жок кылып, өзүнө малайлык кылуучу акимдерди сактап туруу….

Эми, Британия, Франция жана Германия сыяктуу башка ири мамлекеттердин АКШ тарапта турушуна келсек, бул башка маселе. Бул мамлекеттер АКШнын ниеттерин билет о.э. тышкы саясатта эмнени көздөп жатканын түшүнүшөт. Алар бир аз үлүшкө ээ болуу үчүн коалицияга кирип жатышат. Америка да аларга муктаж. АКШ дүйнөгө жетекчилик кылуу ролун ушулар жардамында аткаруу үчүн жана өзүнүн колонизатордугуна мыйзамдуу түс берүү үчүн буларга муктаж. Ошондуктан, АКШ Эндрюс саммити башталбай туруп, андагы иштерди ушул мамлекеттерге ачыктады, аларды өзүнүн Россия менен болгон айрым жашыруун келишимдеринен кабардар кылды. Мисалы, АКШ тышкы иштер министри Жон Керри саммиттен мурда Британия, Франция, Германия, Италия жана Европа Союзунун премьер-министрлери менен Лондондо жолугушуп, аларга АКШнын региондогу стратегияларынын бир бөлүгүн ачыктады. О.э. алардын бардыгына ролдорду бөлүштүрүп берди. Адаттагыдай эле, эң көп зыян тарткан биз болдук. Бул зыяндарга акимдердин төмөндүгү, коркоктугу жана малайлыгы себептүү дуушар болдук.

 

Абу Хамза Хутваний калемине таандык

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here