Порошенко: Россия тараптан кеңири масштабдуу чабуул болушу мүмкүн

445
0

 Порошенко: Россия тараптан кеңири масштабдуу чабуул болушу мүмкүн

Украина президенти Петр Порошенконун айтымында, Россиянын кеңири масштабдуу чабуул менен Украинага бастырып кирүү ыктымалы бар. Бул тууралуу “Украинская правда” сайты кабарлаган.

Анын билдиришинче, украиналык аскерлер Россия  тараптан болуучу ар кандай аракетке жооп берүүгө даяр.

 Порошенко Львов облусунда сүйлөгөн сөзүндө: “Конфликт күчөп кетүү мүмкүнчүлүгү бар. О.э. россиялыктар кеңири масштабдуу чабуул менен бастырып кириши мүмкүн экендигин да четке какпайбыз”,- деди.

Анын айтымында, “оор абалдын сакталып калышы – күтүлгөн абал”.

 Ал кошумчалап:“Куралдуу күчтөр ар кандай кырдаалга, ар кандай тапшырманы аткарууга даяр турушу керек”, — деди.

Мындан бир аз мурда, АКШнын вице-президенти Жо Байден Петро Порошенко менен телефон аркылуу сүйлөшүп, аны Россия менен чыңалуунун алдын алуу боюнча өз милдеттерин аткарууга чакырган эле.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here