Маалымат каражаттарынын ролу

321
0

Маалымат каражаттарынын ролу

Дүйнөдө адамдарга карата эки стандарттуу көз караштын пайда болушунда жана аны жашыруун абалда кармап турууда маалымат каражаттарынын ролу

Белгилүү болгондой, дүйнөдө куфр системасы эки же андан да көбүрөөк стандарттуу көз караш жана мамилени пайда кылып алган. Сириядагы кыргындарды т.а. көбүнчө аялдар жана жаш балдардын массалык түрдө кырылып жатканын бүт дүйнө көрүп турат. Бирок, дүйнөлүк коомчулукта бул кыргын боюнча “ИШИМге же башка исламий террорчуларга каршы күрөш жүрүп жатат, буларды жок кылыш керек” деген пикир үстөм. Бейкүнөө жаш балдардын өлүмүн болсо “бул коркунучтарды жок кылууга арзый турган курмандык деп түшүнүп” жатышат. Ал тургай, исламий өлкөлөрдөгү саясатчылар да “бул кыргындарда кандайдыр  исламий кыймылдар айыптуу” деп билишет. Бул пикирди дал ушул дүйнөлүк куфр маалымат каражаттары жетекчилик кылып келе жаткан  ааламдашкан маалымат борбору пайда кылууда. Дүйнөнүн ар бир мамлекетинде ушул проблема көтөрүлүп жатат. Т.а. “исламий радикализм жана терроризм коркунучунун алдын алышыбыз керек” деп айтышат.

Бул ааламдашкан маалыматтык система дүйнөлүк куфр системасынын эң күчтүү куралы болуп эсептелет. Куфр системасы маалымат тармагын монополия кылып алды. Маалыматтык системаны өз кызыкчылыгы жана дүйнө карашы негизинде чегаралап, ушул чегара ичинде эркин аракеттенүүгө уруксат берди. Ал тургай, бирер куфр маалымат каражаты да Сириядагы кыргындын акыйкатын иликтеп ачыкка чыгара албайт. Качан АКШ Россияга каршы маалыматтык согуш ачканда гана ага каршы ушул Сириядагы кыргындар жөнүндөгү маалыматтар керектелиши мүмкүн.

Ислам дүйнөсүнүн т.а. мусулмандардын өз кызыкчылыгы жолунда иштете алуучу расмий маалымат тармагы жок. Бирер исламий маалыматтык сайт пайда болуп, мусулмандарга болуп жаткан зулумдарды ачыктай башташы менен аны “террористтик же экстремисттик сайт” деген шылтоо менен жаап коюшууда. Акыйкатта болсо, алар акыйкатты көрсөтмөкчү болушкан эле. Расмий эмес бардык исламий сайттарды да террористтик тизмеге киргизишет.

Жаш балдардын бардыгы бейкүнөө болуп эсептелишет. Бирок, учурдагы дүйнөлүк башкаруу системасы өз перзенттерине ушунчалык көңүл бурушат дейсиң, ал тургай, жаш балдардын өзүнчө бөлмөсү болбосо же аларга шарт түзүп берилбесе ата-энелерди жоопкерчиликке тартышы мүмкүн. Бирок, алар балдарына ушул шарттарды түзүп берүү мүмкүнчүлүгүнө кайдан ээ болуп жатышат?! Колония мамлекеттерден агылып кирип жаткан энергетикалык жана башка сырьёлор эмеспи! Ошол көчөлөрдө ач калып, таштын үстүндө уктаган жетимдердин акысы эмеспи!

Бирок, кафирлерден үмүттөнүү акмакчылык болуп эсептелет. Биз да өзүбүздүн маалыматтык борборубузду курушубуз керек. Мейли, кичирээк, алсызыраак жана расмий эмес болсо да. Биз мусулмандар алгач кафирлердин айла-амалдарын ачык-айкын түшүнүп алышыбыз керек. Алар Исламга каршы согуш ачышкан. Болгону Ислам жана мусулмандардан коркуп жатышканын жашыруу максатында “бул согушту радикалдарга, террористтерге, экстремисттерге каршы жүргүзүп жатабыз” деп жалган айтып жатышат. Бул жалганына бизди ишендирүү үчүн бүтүндөй маалыматтык машинасын ишке салышты. Ал тургай, алардан азыктануучу биздин маалымат каражаттарыбыз менен саясатчыларыбыз да алар тарапка өтүп алышты. Булар да эки сөзүнүн биринде “терроризм коркунучунун алдын алышыбыз керек” деп айтышат. Ал эми Сириядагы жаш балдардын өлүмү туурасында бирер макала жазмак тургай, мындай макаланы таркатып коюуну экстремизм деп баалашат.

Биздин исламий маалымат тармагыбыз дүйнө мусулмандарын туура тарапка  багыттоо негизинде иш алып барышы керек. Куфрдун эки жүздүү жана кош стандарттуу башкаруу системасынын айла-амалдарын ачыктап, нукура исламий, мабдаъий дүйнө карашты кайрадан калыптандырууга аракет кылуубуз важиб. Бул иш куфрдун маалымат каражаттарынын ыпылас аракеттерин жана жалган билдирүүлөрүн ашкере кылуу менен о.э. алардын ордуна шариятка ылайык, адилеттүү жана туура билдирүүлөрдү таркатуу менен ишке ашат.

Үммөткө айтарыбыз, кафирлер жүз миңдеген балдарыбызды кырып жиберишти. Биз Аллахтын алдына барганда, албетте бул иштерден суралабыз. Т.а. Исламий өлкөлөрдөгү бийликтерди куфр мамлекеттерге шариятка ылайык мамиле кылууга чакырбаганыбыз үчүн; мусулмандардын армияларына шаръий милдеттерин эскертип, куфрга каршы турууга чакырбай жатканыбыз үчүн; аалымдарыбыз үммөттүн куфрга (дарул харбга) каршы мамилеси кандай болушун баяндап бербей жаткандыктан, аларды мухасаба кылбаганыбыз үчүн, — кыскасы ушулардын бардыгы үчүн суралабыз.

Тыянак кылып айтсак, куфр дүйнөсү маалымат каражаттары аркылуу бизди уктатып койгондон тышкары, бизди “террорист, экстремист, радикал” деген атамалар менен атап, мусулмандардын кандайдыр бир бөлүгүн ушуга ишендире алды. Эми алар террористтерди өлтүрүп жатышат деген ойдо кадыржам жашап жатышат. Куфрдун маалымат каражаттары жүз миңдеген жаш балдардын өлтүрүлүшүн жарыя кылбай жатат. Биздикилер болсо, куфрдун маалыматына таянып калышкан. Дүйнөнү алар берген маалымат менен көрүшөт жана ошондон  таасирленишет. Биз болсо, үммөттү куфрдун маалыматтык жана сакафий чеңгелине таштап койдук.

Абдурраззак.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here