Ош милициясы Чубак ажыны тергөөгө чакырды

396
0

Кыргызстан Ички иштер министрлиги ушул кабарды тастыктап, Чубак ажы теологиялык экспертизанын натыйжасы менен таанышуу үчүн чакыртылганын маалымдады.

2015-жылы акырында Ошто “Ахмадия” агымынын бир мүчөсү өлтүрүлгөн болчу. Бул окуядан кийин маркумдун жакындары Чубак ажы Жалилов бул агымды каралап, диний жаңжалды козгоду, деген арыз менен тартип коргоочу органдарга кайрылган. Мурунку муфтий болсо “ахмадия”ларды “мусулман эмес” жамаат катары белгилеген. Бирок өзүнө карата айтылып жаткан айыптарды четке каккан.

“Ахмадия” агымынын өкүлдөрү Чубак ажы Жалилов үстүнөн жазган арызы себептүү ички иштер министрлигинин Оштогу тергөө бөлүмү иш алып барууда.

Ички иштер министрлигинин  басма сөз катчысы Бакыит Сейитовдун маалымдашынча, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы теологиялык экспертиза өткөрүп “диний душмандыкты козгоого чакырган”,- деп тыянак чыгарган.

 “Ушул экспертизанын жыйынтыгы менен өзү таанышып чыгып, ага макул же макул эместигин билүү үчүн, деп чакыртылган. Эгер ал экспертизанын жыйынтыгына нааразы болсо, тажрыйбалуу эксперттерди чакырып, комиссия тобу түзүлөт жана окуя кайтадан каралып чыгат. Ал азыр ушул үчүн гана чакыртылды. Андан башка нерсе жок. Анын айткандарында ушундай чакыруу барбы же жокпу, экспертиза даярдалган”,- деди Бакыт Сейитов.

Түркистон: 

Милициянын айтымында Чубак ажынын суракка чакырылышына, “ахмадия” жамаатына мүчө болгон адамдын үй-бүлөсү жазган арыз себеп болгон. Эскерте кетсек, 2015-жылдын “ахмадия” жамаатынын мүчөсү деп эсептелген адам атып өлтүрүлгөн.

Уламалар кеңешинин фатва бөлүмүнүн башчысы Чубак ажы, мусулмандардын суроолоруна жооп берип жатып, ахмадия агымы кайрыисламий т.а куфр агымы деп айтып өткөн. Бул фатва шаръий нусустарга негизделип айтылган. “Ахмадия” агымынын акыйдасы бузук экенин, алардын программасын окуган адам кафир экенин көрө алат. Мындан тышкары бул агымды дүйнөнүн бир дагы абройлуу аалымы мусулмандар сабына кошпогон. Алар “ахмадия” агымынын негиздөөчүсү, Мирза Гулема Ахмадды (1835 – 1908) пайгамбарыбыз (с.а.в)дын ишин улантуучу пайгамбар деп эсептешет. 

Милициянын аракеттери бул ишке башкача түс берүүнү максат кылууда. Алар, бул фатваны провакациялык баян деп, “ахмадия” жигитинин өлүмү ушул фатванын акыбетинде жүзөгө келди дешүүдө. Алар бул ишти мурунтан өздөрү уюштурушканбы же абалдан пайдаланып жатабы белгисиз болуп турат. Тагыраагы, орган кызматкерлери “ахмадия” жигитин өлтүрүүгө атайын шарт жаратып бериши мүмкүн (Чубак ажыны жогорудагы сөздөрү үчүн айыптуу кылыш максатында) же кылмышты кылгандар башка болсо да, абалдан пайдаланып калышмакчы.

Эгер орган кызматкерлеринин логикасына сала турган болсок, алар призидентти да тергөөгө чакырышы керек. Атамбаев, кара хижаб кийген аялдарды эч кандай далилсиз жардыруучу террорчулар деди. Бул коомду экиге бөлүүчү пикир болуп, илманийлик тараптагы жарандар менен ислам тараптагы мусулмандар ортосун ажыратып жиберет. Президенттин ушул сөзүнөн бул эки тайпа ортосунда материалдык карама-каршылыктар келип чыкса, президенттин сөздөрү буга себеп болот!

Бийликтин Чубак ажыга каршы алып барып жаткан аракеттери, учурунда Өзбекстан бийлиги өз уламаларына алып барган репрессиялык аракеттерин эске салат. Рашод карыны камакка алганда биз мусулмандар шалаакылык кылдык. Өкмөт, улутчул жана теңирчилердин таасирин күчөтүп, Рашод карынынын тарапкерлерин куугунтукка алган эле. Учурда, бийлик кайрадан улутчулдукту күчөтүп, мусулмандардын биримдигин бузууга, башка улуттагы имамдарды четтетүү иштерин күчөтүүгө аракет кылып жатат. Айрым уламаларыбыз бийликтин бул иштеринен пайда көрүп жаткандай болуп, алар менен кызматташа баштады.

Бирок, бийликтин үстүндө турган куфр кеңешчилер, уламалар кыргыз болсо да исламдашуудан кооптоно баштады. Эми, Рашод карыны куугунтуктоодо негизги рол ойногон өзбек бийлиги, Чубак ажыны коомдон четтетүүгө кеңеш берип жатат.

Чубак ажы кыргыз уламасы эмес, Ислам уламасы экенин эч качан унутпашыбыз керек. Ал батыл тарапта туруудан такыбаа кылып, (Аллахтан коркуп) акыйкат тарапты тандады. Сабыр менен бекем турганы үчүн ага зулум кылууга аракет кылышууда.

Хизб ут Тахрир менен Чубак ажынын ортосунда бир катар ихтилафтуу маселелер, саясий аракеттерибизде келишпөөчүлүктөр болсо да, ал Исламий улама катары урмат кылууга ылайыктуу адам. Биз бардык исламий жамааттарды, ортолорубуздагы ихтилафтуу маселелерди четке сүрүп коюп, Ислам жана мусулмандардын ички иштерине аралашып жаткан куфр пикирлерине каршы турууга чакырабыз. Аллах бизди өз шариатына ылайык жашоого жана ар бир окуяга шаръий пикир айтууга буюрган. Жогоруда болсо, акыйкат сөздү айтып жатканы үчүн бир тууганыбызды куугунтукташууда. Ар бир жамаат, шахс жана партиялар, “Ахмадийлер” тууралуу шаръий өкүмдү туура баян кылып, өз позициясын билдириши керек. Анткени, бул Чубак ажынын өкүмү эмес, Аллахтын өкүмү.

Эл ичинде, “ахмадия” агымы  Англиядан бизге кирип келишине, Кадыржан Батыровдун кызматы өтө чоң деп айтылат. Ал эми, Кара суу районунун Кашкар айылында алардын саны көбөйүшүнө, айыл тургуну Иномжан Абдурасуловдун салымы чоң болгон. Өкмөт буларды билишинен шегибиз жок. Демек, бул эл душмандарын өкмөт коргоп жатат.

Ассаламу алайкум.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here