Бишкекте кечки намаздарга азан айтууга тыюу салынды

326
0

Бишкекте кечки намаздарга азан айтууга тыюу салынды

Туркистон:

Мамлекеттик санэпидкөзөмөл кызматы жарандардан түшкөн арыздардын негизинде муфтиятка Бишкекте кечки намаздарга айтылуучу азан үн күчөткүчтөр менен айтылбасын деген эскертме берди. Ондогон жылдардан бери айтылып келе  жаткан азан бүгүнкү күнгө келип кээ бир адамдардын уйкусун буза баштаган имиш.

Атамбаев Ташкентте Каримов менен жолугушуп келгенден кийин, анын Ислам жана мусулмандарга болгон мамилеси жаман тарапка өзгөрдү. Ал мусулмандарга каршы провокациялык аракеттерди кыла баштады. Ал мусулмандардын ачуусуна тийүү менен мусулмандардын бирер ката кетиришин күтүп жатат. Жок эле дегенде, коомдогу исламий катмардын бийликке душмандыгын күчөтүү менен кырдаалды  курчутуп туруп, мусулмандардын атынан бирер мыйзамсыз иштерди уюштурганы жатат.

Биз бул сыяктуу аракеттерге Түркия жана Арменияда чоӊураак көрүнүштө, ал эми Казакстанда кичирээк көрүнүштө күбө болуп жатабыз. Бирок, бул аракеттердин артынан бир гана максат ишке ашырылат. Ал да болсо, мусулмандарды жана өздөрү үчүн ыӊгайсыз күчтөрдү жок кылуу иштерин баштоо. Кыргызстан да алардын артынан жетип алууну көздөп жатат. Булар да оппозициялык күчтөрдү жана исламий мухитти сындырып жиберүүнү көздөп жатышат. Бул үчүн аларга мусулмандардын атынан жардыруу же массалык адам өлтүрүү операциясы керек. Кырдаалды курчутуудан мындан башка максат көздөлбөйт. Шайлоо болсо жакындап калды.

Жетекчи топтун көздөгөнү,  шайлоого чейин алгач исламий мухитти тазалап алып, андан соӊ башка оппозициялык күчтөрдү сындырып жиберүү. Бирок, маселенин экинчи тарабында проблемалар бар.  Күзгө барып бюджетте таӊкыстык болору күтүлүп жатат. Киреше болсо дээрлик жокко эсе. Жыл сайын топтолуп келе жаткан кирешелер чыгашалардан артта калып кетти. Чет өлкөлөр да карыз берүүнү каалабай турушат. Россия болсо кризисте. Натыйжада, миллиондогон жарандарыбыз иши жок калып, өлкөгө кайтып келип жатышат. Бул болсо, ИДПнын өсүшү токтоп калышына жана жумушсуздар армиясы көбөйүшүнө себеп болот.

Бийлик кирип келе жаткан кризисти диктатордук режимди күчөтүү менен тосуп алууну көздөп жатат. Ал Каримов сыяктуу бир катар диктаторлордон таасирленип, алардын жалган убадаларына ишенип жатат. Алар эгерде Атамбаев баштаган иштер ийгиликсиз болуп калса, кудум түрк генералдарын сатып жибергендей, аны да сатып кетишет. Эгерде тышкы күчтөр колдоп жибербесе Атамбаевдин мынча мусулманга каршы күрөшүүгө күчү жетпейт. Ал күрөштү баштабай туруп, бул тууралуу олуттуу ойлонуп көрүшү керек.

Кыргыз саясатчыларынын арасынан ачууга алдырган миллиондогон мусулмандарды жетектеп кете турган адамдар табылат. Жетекчи мамлекеттер болсо, ар дайым күчтүүлөрү тарапта болушат. Буга Акаев жана Бакиевди мыйзамсыз болсо да кууп чыгарып жатканда президентибиздин өзү күбө болгон.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here