АКШ: Биздин тиешебиз жок
Аскерий төңкөрүшкө аракет болгондон кийин Түркияда АКШга карата терс мамиле күчөп бара жатат. Кээ бир саясатчылар бул окуяда АКШны айыптап чыгышты.
Эмгек жана социалдык камсыздоо министри Сулейман Сойлу аскерий төңкөрүш боюнча түздөн-түз АКШны айыптады.
Сулейман Сойлу: “Бул аскерий төңкөрүштүн демөөрчүсү Америка, мунун артында Америка турат”, – деди.
Ал-Жазиранын түркчө бөлүмүнүн башкы директору Гуркан Зенгин да төңкөрүш демилгеси АКШнын иши экендигин баса белгиледи. Гуркандын айтымында, төңкөрүш башталган түндө хунтачылар тарабынан берилген билдирүү Мисир Хунтасы Ас-Сиси мамлекеттик төңкөрүштөн кийин берген билдирүүнүн дал өзү.
О.э. “Жумушчулар” партиясынын жетекчиси Догу Перинчек бул төңкөрүштө АКШнын колу бар экендигин билдирип: “Россия учагын атып түшүргөндөр да мына ушулар, бул анык маалымат”, – деди.
Дагы бир саясатчы Огузхан Асилтурк аскерий төңкөрүш демилгеси тууралуу: “Бул төңкөрүштүн артында Америка башчылыгындагы тышкы күчтөр бар”, – деп билдирүү берди.
Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым болсо журналисттерге берген интервьюсунда Фатхулла Гуленге баш баанек берген ар бир мамлекет Түркиянын душманы болушун айтты. А бирок, министр АКШны ачык айтпады.
Өз кезегинде мындай билдирүүлөр АКШны тынчсыздандыра баштады. АКШ “Түркиядагы төңкөрүшкө болгон аракеттин артында АКШ турат” деген билдирүүлөрдү четке кагып, бул айыптоо Түркия менен АКШ ортосундагы алакаларга зыян жеткиришинен эскертүүдө.
АКШ мамлекеттик департаментинин маалымат катчысы Жон Кирби Вашингтон мындай билдирүүлөрдөн тынчсызданып жаткандыгын билдирди. Кирбинин айтымында, АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри Түркия тышкы иштер министри Мавлют Чавушоглу менен телефон аркылуу байланышып, бул төңкөрүштө АКШнын колу бар деп айтылып жаткан сөздөр жалган экендигин о.э. мындай билдирүүлөр АКШ-Түркия алакасына зыян жеткиришин билдирген.