ЖИНДИНИ ДАРЫЛАСА БОЛОБУ?

285
0

بسم الله الرحمن الرحيم

ЖИНДИНИ ДАРЫЛАСА БОЛОБУ?

Демократияда ар бир адам үчүн эркиндиктер толук камсыздалышы шарт. Ушул кооз сөз элди акмак кылууда. Муну бизге алып киргендер ушунун негизинде конституция түзүп беришти. Анда эркиндиктер төмөнкү:

1) Ишеним эркиндиги.

2) Пикир эркиндиги.

3) Мүлк эркиндиги.

4) Жеке адам эркиндиктеринде өз көрүнүшүн тапкан.

 Бирок, бул эркиндиктер элдин баары үчүн эмес. Мисалы, мусулмандардын “салттуу Ислам” деп аталган исламдан т.а. алардын саясатына ылайыкташтырылган чегарадан чыгышына тыюу салышат. Буга кулак салбастан, ишеними боюнча жашай бергендерге карата камакка алуу, куугунтуктоо же оозуна “кулпу салуу” сыяктуу тосуктарды коюшат. Бул сөзүбүзгө хизб жигиттерин, устаз Рашод кары жана устаз Чубак ажыларды о.э. быйылкы айт намазын окууда жалпы мусулмандардын укуктары тебеленишин далил келтирүүгө болот.

Ал эми кумсаларга, ар-намысын саткандарга же калкты алдап, колонизатор кафирлерге көз каранды кылуучуларга эркиндиктер кепилденген. Себеби, бул демократия! Чыккынчылар өз калкына кыянат кылышса, аларга эч кандай тоскоолдук жок. Себеби, иштерди өлчөй турган өлчөө “пайда жана зыян”,  мында эмнени пайдалуу деп билсе, ошону кылат да. Бир жолку кыянат менен кол койгондугу үчүн жүз миңдеген арам акчалар келип турса, андан баш тартуу акмакчылык эмеспи?! Аларда ар-намыс же Аллахтан коркуу, Кыямат күнү жооп берүү деген сөздөр жок, себеби, динди турмушка аралаштыруу мүмкүн эмес!

Эми жигиттер эрге тийгенди кааласа, жол ачык. Кыздар денесин сатуу жолуна түшсө, кореецке же кытайга турмушка чыгууну кааласа, тоскоолдук жок. Себеби, бул демократияда шерменделиктер тууралуу сөз кылуу караӊгылык болуп эсептелет! Ал эми педофилдер башты ооруттубу? Алардын кылмышын көпчүлүк адамдар өлүмгө татыктуу деп мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү талап кылып жатышабы?!  Алар кайдан келип калышты деп ойлонуп жатасыӊарбы? Алар да башкалар катары эле ыпылас каалоосун жаштар менен кандырганы жатышат да. Өлүм жазасын мыйзамга киргизсек, бейкүнөө адамдардын өлүп кетиши ойлондуруп жатабы?! Себеби, мыйзамды аткаруучулар да иштерин “пайда-зыян” негизинде алып барышат. Ошондуктан, күнөөсүз адамды кылмышкер кылып, кылмышкерди болсо актап коюу адаттагы көрүнүшкө айланып калды.

Мен бийликтегилерге же депутаттарга айтып жаткан жокмун, себеби, алар бардык нерсени жакшы билишет. Алардын болгон кайгысы байлыгын көбөйтүү, миллиондорун миллиарддарга жеткирүү. Эгерде кылмыштары ачыла турган болуп калса, карапайым элге колдонулуп жаткан мыйзамдар аларга колдонулбайт, алар мурункулардай эле өлкөдөн качып кетишет. Аларды өз калкынын тагдыры кызыктырбайт. Бейкүнөө камалып  жаткандар, укуктары тебеленип жаткандар, ач-жылаӊачтар, оор шартта жашап жаткандар менен алардын иши жок. Коом кандай абалга карай бара жатканы тууралуу айтпасам деле белгилүү. Амеркалык жазуучу, коом таануучу Джек Лондон (1876-1916) айткандай: Алар “күчтүү жана акылдуу” адамдар болуп, “демократия-акмактардын арзуусу” деп карапайым демократтарды шылдыӊдап күлүшөт жана анын “арзуу” бойдон калышын каалашат.

“Бул сөзүн кайдан алды экен” деп интернеттен издеп убара болбогула. Өзүбүздүн жакынкы тарыхка бир назар таштоонун өзү жетиштүү. Мына чейрек кылымдан бери “арзуулар” менен күндөр, айлар, жылдар өтүп жатат. Президенттер алмашты, министрлер, премьер-министрлер удаама-удаа алмашып жатат. Депутаттар ар түрдүү “терилерди” жамынып келип жатышат. Бирок, эмне өзгөрдү?! Туура, бардыгы эле төмөндөп кетишпеген. Акыйкатты издеп жаткандары да аз эмес. Мисалы: Турсунбай Бакир уулу “Чубак ажыны өлгөнгө чейин коргоймун” деп акыйкатты калкка жеткирип жаткан адам үчүн  күйүгүп жатканын баарыбыз билебиз.

Бирок, демократия деп өмүрү өтүп бара жаткан бечаралардын жакындарына өтө чоӊ жоопкерчилик жүктөлүп жатат. Сокурдук менен ашык болуп калышкан “демократия”нын акыйкаттарын түшүндүрүү дос-туугандарынын, жакындарынын мойнунда. “Токтот! Аны ташта, ушунча алданганыӊ жетишер!” – деп талап кылуу, “демократия”дан кайтып, тообо кылганга чейин аларга катуу туруу, тез-тез зыярат кылып туруу чыныгы достук болот. Ал эми жиндилик кылып туруп алса, ушунча балээлерден кийин да, дүйнөдөгү саясий окуялардан, айрыкча, Сирияда, Мисирде демократиянын чыныгы жүзү ачылгандан кийин да, бизге демократиясын алдоо жолу жана күч менен тыгыштырып жаткандардын канчалык жырткыч адамдар экендигин, алар бир гана пайданы көздөп жүрүшүн, пайдалуу деп билишсе бизди да эч бир экиленбестен балээлерге кириптер кылышын билип туруп да демократияны таштабаймын деп туруп алса, андайларга дааба жок.

“Демократия”  сөзү – грек тилинен алынган “demos” – “эл”, “cratos” – “бийлик” деген сөздөр болуп, “элдик бийлик” деген маанини түшүндүрөт. Чындыгында бийлик элдикиби?! Элдин талабы ушулбу?! Кумтөрдөн бизге эч нерсе тийбесе да канадалыктар ташып кете берсин, пайдасын АКШ көрсүн деп жатабы?! Күн өткөрүүгө эч кандай иш таба албастан базарга барып, бир сындырым нан табуу үчүн аракет кылып жаткандарга жардам берүүнүн ордуна алардан налог алууну эл талап кылып жатабы?! Газыбызды башкаларга арзан баада сатып, өзүбүгө калган болор-болбос газга Европанын  баасында акча төлөөнү, же өздүк наркы 10-15 тыйынга барабар болгон электр энергиясына бир нече эсе акча төлөп жетекчилерди миллиардер кылууну эл каалап жатабы?! Калк “биз башка мамлекеттерге барып кулдук кылгыбыз келип жатат, алардын акаараттарын угуп, үй-бүлөдөн, жакындарыбыздан алыста жашоону каалайбыз, балдарыбыз болсо көчөдө жүрүп эле чоӊоюп калышат” деп депутаттарды мажбурлап жатабы?! Калк кумсаларды көрүп, “жаңы көчөт” Батыш тараптан бизге да келип калыптыр, аларды абайлап өстүрөлү, башка шаар жана айылдарга да көбөйтүү үчүн алардын “укуктарын” коргойлу  деп жатабы?! Исламды кандай болсо, ошондой бойдон, адамдарды алдабастан жеткирип жаткандарды калк “террорист”, “экстремист” деп жатабы. Калкыбыз “аларды камаш керек, болбосо жашаган жерлерибиз кооптуу болуп бара жатат, жок эле дегенде ооздорун жабыш керек, бизге өзүӊөр иштеп чыккан жасалма Ислам да боло берет, себеби, биз жасалма нерселерге, таштанды нерселерге үйрөнүп калган элбиз” деген талапты коюп жатабы?! “Жаштарыбызды мектептен баштап эле бузукчулукка көндүрүп баралы, бойго жеткенге чейин окуп, турмушка даяр болушу туурасында изденбесеӊер да, хижаб кийүүсүнө каршы туралы” деп ата-энелер мажбурлап жатабы?! Жок, жок, жок! Бул калкыбыздын каалоосу эмес. (Акыйкатты издеп жаткандарга айтыла турган сөздөрдү кийинкиге калтырдым).

Гариб.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here