Туура сөз тууганыӊа жакпайт

282
0

 “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Тазабек Икрамов 2016-жылдын 19-февралында “Эмгек кодексине” өзгөртүү киргизүү жана жума намазы үчүн түшкү тыныгууну 12:30дан 14:30га чейин узартуу туурасында мыйзам долбоорун иштеп чыккан эле. Жогорку  Кеңештин социалдык маселелер боюнча комитети 6-июндагы отурумунда Кыргызстан “светтик мамлекет” экендигин шылтоолоп жума намазы учурунда түштөнүү убагын узартуу туурасындагы мыйзам долбоорун кабыл албады.

 Кыргызстандын мурдагы муфтийи шейх Чубак ажы Жалиловдун бир мусулман катары ушул мыйзам долбооруна, аны колдогон жана каршы чыккан депутаттарга карата өзүнүн жекече пикирин билдириши коомчулукта өтө чоӊ талкууга айланып кетти.

 Чубак ажы Жалилов 7-июнь күнү Фейсбуктагы баракчасы аркылуу аталган мыйзам долбоорун колдогондор жана каршы чыккандарга карата өз позициясын билдирди.

 Мыйзам долбоорун колдогон депутаттар Садык Шер Нияз, Рыскелди Момбеков жана Тазабек Икрамовду мактап, алардын акысына дуба кылган болсо, Жанар Акаев баш болгон мыйзам долбооруна каршы чыккан алты депутатты Ислам динине каршы чыккандыкта айыптады.

 Чубак ажы Жалилов мыйзам долбооруна каршы чыккан депутаттарды сындап:

 “Мыйзам долбоорун колдобогон депутаттар менен бир дасторкондо отурбаймын. Аларга кол берип салам бербеймин. Алардын жаназасына катышпаймын жана менин жаназама келип катыша турган болуп калышса, аларды катыштырбоону мураскерлериме осуяттаймын. Булар катыша турган шайлоолордо буларга добуш бербеймин. Менин уга турган бир туугандарыма да ушул осуяттарды багыштаймын. Эгерде азирети муфтий аманатында болгонумда булардын жакшылык-жамандыктарына катышпасын деп жалпы имамдарга буйрук берген болор элем”, – деп айтып, бул сөздөрү аркылуу ар бир мусулман өз динин жана анын баалуулуктарын коргошу важиб экендигин билдирди.

 Жогорку Кеңештеги намазканага каршы чыгуу менен элге жакшы таанылган Жанар Акаев Чубак ажынын бул билдирүүсүнө жооп кайтарып, Чубак ажынын билдирүүсүн экстремисттик чакырык деп баалады.

 “Жума намазды окуганга мен эч качан каршы болбойм. Бирок эмгек кодексин өзгөртүп, бүтүндөй мамлекеттик органдардын, мектептердин, бала-бакча, оорукана айтор бардык мекемелердин иш графигин жаӊыдан иштеп,  жума намаздын убактысын өзгөртүүгө азыр ошончолук эле чоӊ муктаждык барбы. Жума намазына эч кандай тоскоолдук жок, мыйзам менен өзгөртүүнүн кереги жок деп айтып жатабыз. Кыргыз өкмөтү, профсоюздар уюму, УКМК, баары бул мыйзамга каршы корутунду берген. Бирок, ушуга карабастан элге жакшы көрүнүүнү каалаган депутаттар, аларды колдогон имамдар мына ушундай радикалдык, экстермисттик билдирүүлөр менен чыгышы туура эмес”,- деди Жанар Акаев.

Туркистон: Бул маселеде бир катар фундаменталдык каталар бар.

 Биринчиси диний дүйнө карашта. Т.а. диний катмардын өкүлдөрү парламенттик шайлоодо активдүү катышышты, белгилүү бир партиялардан үмүттөнүшүп, аларга добуш берүүгө чакырышты. Бул нерсе диний уламалардын негизги каталарынын бири болчу. Исламды коомубузга парламент аркылуу алып кирүүгө аракет кылуу сүннөткө туура келбейт жана шариятта арам амалдардан болуп эсептелет. Саясий жактан болсо, депутаттар шайлоодон өтүп алгандан кийин светтик мамлекет экендигин шылтоолоп, Исламды бир четке сүрүп коюп жатышат. Алар өз максаттарына жетишинде Ислам жана мусулмандарды бир каражат кылып берүү туура эмес эле.

 Экинчиси, өздөрүн светтик деп билген катмардын өкүлдөрү. Булардын адашуусу олуттуураак. Алар мусулманбыз деген абалда куфрду ачык эле колдоп жатышат. Жанар Акаев ушул катмардагылардын активдүүлөрүнөн. Ал Америкага чейин барып билим алып келген. Булардын дүйнө карашы жана өздөрү да светтик система үчүн негизги курал болуп эсептелишет. Бишкекте эркек аялга жабышып бийлөө акциясын өткөргөндөр, Батыштан грант алуу негизинде түзүлгөн мамлекеттик эмес уюмдар, маалымат каражаттарынын басымдуу бөлүгү да мына ушулар түркүмүнөн.

Бул катмардын өкүлдөрү жогорудагы исламий катмардын  өкүлдөрүнө чабуул кыла башташты. Алгач, Оштогу хижаб кийген кыз-келиндерге каршы кампания башташкан болсо, эми жогорудагы мыйзамды өткөрүшпөдү. Алар диний катмардын жетекчиси болгон Чубак ажыны күрөш майданына тартып чыгышты. Эми бул боордошубузду т.а. исламий аалым Чубак ажыны акаарат кыла башташты.

 Алардын максаты, муфтият менен же Чубак ажы менен күрөшүү эмес. Тескерисинче, коомубузда бузукчулукту күчөтүү үчүн кеӊири жол ачып алуу. Диний катмар болсо күчөп бара жатат. Анын артынан коом исламдашып, бузукулукту коом өзүнөн сүрүп чыгарып жиберүүдө. Бул болсо, миллиондогон доллардык гранттарды берип жаткан Батыш системасын таӊдандырып, ал тургай ачууландырып, натыйжада кол астындагы бардык малайларына басым берип жатышат. Алар Ислам идеологиясына каршы күрөш баштап жиберишти. Кыргыз коомунун исламдашуу жараянын токтотуп калуну көздөп жатышат. Ошондуктан, ишти алгач аалымдарыбызды майданга тартуу максатында аларды акаарат кылып, өздөрү тараптагы светтүүлүктү колдогон жарандар катмарын майданга тарта башташты. Эгерде светтүүлүк да исламийлик сыяктуу коомдо коолдоого ээ болсо, анда алар ошол светтүүлөр армиясы менен кеӊири маалыматтык согушту башташат.

 Жанар Акаев кумурскачалык да аброю жок бир журналист эле. Азыр ал Кыргызстандагы белгилүү исламий аалымдарга чакырык таштап жатат. Ал кайры исламий катмарда аброй алуу үчүн ушул жолду тандады. Бирок, бул жолдо Акаев кумурскачалык аброюн да жок кылып алат, инша Аллах.

 Мусулман боордошторго кайрылып айтарыбыз. Куфр Исламга, анын баалуулуктарын кадырлап  жаткан мусулмандарга, аны коргоп жаткан аалым-уламаларга чабуул баштады. Тагыраак айтканда, чабуулун күчөттү. Алар алгач “террорист, экстремист, радикал” деп, бир катар ыймандуу боордошторубузду коомдон четтетишти. Алардын кээ бирлерин камакка алган болсо, кээ бирлери чет өлкөгө чыгып кетүүгө мажбур болушту. Биз ошондо унчукпай, сүкүт сактап тура бердик

Эми кезек өзүбүзгө жетип келет. Аалымдарыбыз ыймандан келип чыгып сүйлөшсө, аларга басым өткөрүшөт. Жанар сыяктуу акмак саясатчылар Чубак ажыны экстремист деди, аны кылмыш жоопкерчилигине тартыш керек деди. Эгерде биз бир дене болуу позициясын жоготсок, террорист деп да атайт.. Бири-бирибизге карата душмандык жана агрессивдүү аракеттерибизди куфрдун пикир жана аракеттерине каршы коюшубуз керек. Ислам жана мусулмандарга өтө чоӊ кооп-коркунуч келе жатат. Мындай абалда ортобуздагы кээ бир келишпестиктерди бир четке сүрүп коюп, бир жакадан баш чыгаруу менен куфр баалуулуктарына каршы күрөшүү важиб.

Куфрдун Ислам жана мусулмандарга каршы күрөшү коомдо исламий урп-адаттар жайылып бара жатканын көрө албастыгынан улам келип чыгууда. Демек, биз ушул исламий үрп-адаттарды жайылтуу жана куфр үрп-адаттарын жок кылуу негизинде күрөшүүбүз керек. Алар хижабга каршы күрөшү ийгиликсиз болгону үчүн Бишкекте куфр оюндарын уюштурушту. Мына ушул нерсе пикирлерибизге далил болот.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here