КМШ өкмөт башчыларынын кеңеши саммитине катышуу үчүн Бишкекке келген Россиянын премьер-министри Дмитрий Медведев жыйындын алдында Кыргызстандын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков менен жолугушту.
“Ала-Арча” резиденциясында болуп өткөн жолугушууда эки мамлекеттин өкмөт башчылары экономикалык жана башка тармактардагы кызматташтыкты талкуулашты.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында 7 келишимге кол коюлду. Ушулардын бири нефть жана нефть продукцияларын ташып келүү маселеси. Документте нефти продукцияларынан бажы төлөмдөрүн алып салуу жөнүндө айтылган.
Мындан тышкары, Медвдев “Газпром” мамлекеттик компаниясы Кыргызстандын газ тармагына инвестиция салууну пландаштырып жаткандыгын билдирди.
“Бул жерде өтө чоң пландар бар. 2030-жылга чейин Кыргызстандын газ жеткирүү жана бөлүштүрүү системасына 100 миллиард рубль инвестиция салуу пландалып жатат. Анын үчтөн бир бөлүгү жакынкы эки жылдын ичинде келет. Бул албетте өз кезегинде өлкөнү газ менен камсыз кылууну жакшыртат” – деди Медведев.
Туркистон:
Москвадагы Rus Energy компаниясынын өнөктөшү жана аналитиги Михаил Крутихин 2016-жылдын башында “Азаттык” радиосуна интервью берип, Россиянын экономикалык кризис себептери тууралуу жана эмне себептен Россия мойнуна алган милдеттерди аткара албай жатканы тууралуу айтып берди.
Крутихин: “Баса белгилей кетүүчү нерсе, Россияда өтө оор финансылык абал жүз берүүдө. Өкмөт мамлекеттеги бардык финансылык мүмкүнчүлүктөрүн ишке салып бюджетти толтурууга аракет кылууда. Ушул максаттан келип чыгып, ири долбоорлор токтотулуп, аларды каржылоо иштери жокко чыгарылууда. Биринчи кезекте чет өлкөлөр менен кол коюлган долбоорлор токтотулат. Кыргызстандагы эле эмес, бардык мамлекеттер менен иштелип чыккан жана каржылоо керек болгон долбоорлор токтотулат. Россия бардык тышкы инвестициясын токтотууга мажбур, себеби акча жок, жетишпей жатат. Менин оюмча Бишкек да Россиянын ушул абалынан келип чыгып чечим кабыл алышы керек”, – деди.
Крутихин “Азаттыктын” кабарчысына, жакынкы келечекте Россияда реформа болушунан үмүт жок экендигин илимий жол менен жана учурдагы абалдан келип чыгып түшүндүрүп берген эле.
Кыргызстан, “Газпромдон” жыл сайынн 1 миллиард кубдун тегерегинде газ сатып алат. Бул нерсе “Газпромго” жылына болжол менен Кыргызстандан 2 миллиард доллар акча түшөт. Бул акчанын жарымы газдын чыгымдарына жумшалган күндө да, “Газпром” жыл сайын Кыргызстандын өзүнөн болжол менен 1 миллиард доллар пайда көрөт.
Медведев Кыргызстандын газ тармагына 2030-жылы жумшоого убада кылып жаткан каражат 100 миллиард рубль азыркы курс менен эсептегенде 1.6 миллиард доллар болот экен. Бул “Газпром” биздин өзүбүздөн тапкан бир жарым жылдык киреше эмеспи? Инвестицияны эмнегедир 14 жылдан кийин алып кирет имиш. Бул нерсе “саясий популизм” деп аталат.
Крутихиндин аналитикасы өтө туура. Россия тышкарыда эле эмес, ички финансылык тармагында да кризиске учурап барууда. Медведев жана Жээнбековдордун бири-бири менен қучакташып, бардык иш жакшы дегендей көрүнүшү, саясий популисттик аракеттер болуп эсептелет. Алардын ар бири өз жарандарын мүмкүн болушунча көбүрөөк убакыт алдап туруу үчүн айла жоктон күлүп жатышат. Аларга “ооруну жашырсаӊ, өлүм ашкере кылат” деген сөз туура келет.