Кыргызстанда жаш балдардын өз өмүрүнө кол салуу кооптуу даражага жетип барды

282
0

Кыргызстанда жаш балдардын өз өмүрүнө кол салуу абалы дүйнөлүк стандарттар боюнча өтө кооптуу даражага жетип барды. Парламентте болсо мындай иштер ого бетер күчөшүнө шарт түзүүчү мыйзам долбоору сунушталып жатат

Кыргызстан парламентинин 27-майдагы отурумунда  жаш балдардын өлүмү туурасындагы статистикалык маалымат айтып өтүлдү. Маалыматка ылайык, 2015-жылы 102 бала өз өмүрүнө кол салган. 2016-жылдын башынан бери 49 бала өз жанын кыйган. Ушул акыркы май айында эле 10 бала өз өмүрүн өзү кыйган. Депутаттар бул абалды кырсыктуу деп жар салышты.

Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районунан келген бир баланын атасынын арызы окуп берилди. Анда “балам өз жанын кыюудан мурда милицияга чакырылган эле, тергөөдөгү коркутуулардан кийин үйгө кайтып келип өз жанын кыйды” деп жазылган.

Акыркы кездерде социалдык тармактар аркылуу КСДП партиясынын депутаты Кыянбек Сатыбалдиев тарабынан сунушталган мыйзамга каршы акция жүрүп жатат. Ал сунуштаган мыйзам долбоорунда балдарды 14 жаштан баштап кылмыш жоопкерчилигине тартуу көздөлгөн. Жаш балдар өлүмүнүн статистикалык көрсөткүчтөрү дагы бир нече эсеге көбөйүп кетишинин алдын алуу  үчүн бул акция уюштурулуп жатат. Бул мыйзам кабыл алынса кандай натыйжаларга алып барышын карапайым калк жакшы сезип жатат. Бул мыйзам орган кызматкерлери арасындагы бузуку адамдар үчүн кошумча киреше булагы болуп калат.

Көнүл буруңуз, акыркы май айында эле 10 бала өз жанын кыйды. Акыркы айларда бул мыйзамды шылтоолоп орган кызматкерлери тынымсыз рейддерди уюштура баштаганы жашыруун сыр эмес. Алар компютердик клубдардан, ресторан жана көчөлөрдөн жаш балдарды кармап кетишип, ата-энелерине штраф сала башташты. Көрүп турганыбыздай ошол эле учурда өз жанын кыюу абалы дароо көбөйдү. Эгерде парламент жана президент бул мыйзамды кабыл алса, бул мыйзам кандай натыйжаларга алып барышы мүмкүн? Булар статистиканы келтирип жатышат. Ушул сыяктуу ыпылас ниет менен сунушталып жаткан мыйзам бир балабызды жоготууга арзыйбы. Эгерде перзентибиз ал тургай бирер кылмыш кылганда да, абакта анын кийинки жашоосу эмне болот? Абактар жаш балдарды туура жолго сала турган абалдабы? Буга бирер мисал келтире аласыӊарбы?

Бул мыйзам күч түзүмү кызматкерлеринин талабын аткаруу максатында гана сунушталган эле. Алар экстремисттерди шылтоо кылышты. Бирок, бул бир шылтоо гана болчу. Алардын максаттары бузук. Ата-эне баласы үчүн акыркы нанын да бере тургандыгын алар жакшы билишет. Орган кызматкерлери мусулман жарандардын акыркы мал-дүйнөсүн тартып алуу ыкмасын иштеп чыгышты. Кээ бир атын ачыктоодон коркуп жаткан адамдар балдарын абактан сактап калуу максатында банктардан кредиттерди алып жатышат.

Эй мусулман боордоштор, бул сыяктуу жийиркеничтүү ыкмалар баарыбыз үчүн өтө чоӊ  кырсыктарды алып келет. Ага каршы күрөшүп жаткан аракеттерге кошулгула. Өкмөт алдан тайып барууда. Алар (айрыкча салык жана күч түзүмү кызматкерлери) эми, карапайым жарандардын акыркы жемишин болсо да тартып алууга аракет кыла башташат. Колдорундагы биз берген бийлик жана ыйгарым-укуктардан пайдаланып, биздин үстүбүздө ар түрдүү мыйзамдарды иштеп чыга башташат. Сак бололу. Себеби, биз мусулмандарды алардын эч кимиси коргобойт. Алар бизди “террорист, экстремист” деген куфрдун атамалары менен атап, бүт мусулмандардын үстүнө зулум эшигин ачып берүүчү шарттарды жаратып алышууда. Бизди алсыратып алуу үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдаланып жатышат. Биздин алсыздыгыбыз чачыранды болуп турганыбызда жана ынтымагыбыздын жоктугунда. Муну куфр дүйнөсү да өтө жакшы билет. Кубатыбыз болсо биригүү жана бири-бирибизге мээримдүү болушубузда. Бул исламий идеология гана аткара ала турган иш болуп, “Ла илаха иллаллах Мухаммадур Расулуллах” негизиндеги, Расулуллах С.А.В.дын сүннөтү менен жашоого умтулуунун артынан келет, инша Аллах.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here