Колонизаторлор жоголсун, террорго чек коюлсун

330
0

Хизб ут-Тахрир – Түркия вилаяты “Колонизаторлор жоголсун, террорго чек коюлсун” деген аталышта кампания баштаганын жарыя кылды. Расмий сайттар аркылуу кабар берилгендей, бул кампания 18-24-апрель күндөрү болуп өтөт. Кампания алкагында расмий зыяраттар, социалдык тармактар аркылуу талкуулар болот. Буга чейин кабар бергенибиздей, 22-апрелде Анкарада өткөрүлүшү пландаштырылган “Терроризм маселеси жана мындагы чыныгы айыптуулар” деген аталыштагы конференция да ушул кампания түркүмүнө кирет. Учурда терроризм колонизатор батыш мамлекеттери тарабынан ойлоп табылган ыпылас ыкма экендиги о.э. алар саясий кызыкчылыктары үчүн террордон кандай пайдаланып жатканы ачыкталууда.

Хизб ут-Тахрир жигиттери кампанияны активдүү көрүнүштө алып барышып, расмий зыяраттар менен эле чектелбестен, АКШ жана Англиянын Анкарадагы элчиканаларына бардык мусулмандардын атынан ачык кат тапшырышты. Түркия жана башка Исламий өлкөлөрдө уюштурулуп жаткан террордук актылардын чыныгы уюштуруучусу болгон АКШ жана Англиянын элчилери Жон Басс жана Ричард Мурдан мамлекеттен тез арада чыгып кетүү талап кылынды.

Элчиканаларга тапшырылган ачык катта жалпысынан: “Эй колонизатор мамлекеттердин элчилери! Мамлекетиӊерге кайткыла жана жолдон адашкан башчыларыӊарга сөздөрүбүздү жеткиргиле! Ушул кат Хизб ут-Тахрир – Түркия вилаяты тарабынан силер жана башчыларыӊар үчүн эскертүү. Кандуу чабуулдар, башаламандыктар жана кыргындар менен канга бөлөп жаткан жерлерибизден чыгып кеткиле.  Террор уясына айланган элчиканаӊарды жапкыла, зулумдарыӊарды токтоткула. Анткени, Ислам өлкөлөрү силердин террордук аракеттериӊер себептүү башаламандык жана чачырандылыкты жетиштүү даражада башынан өткөрдү. Эми бул жерлерде силерге орун жок”, – деп айтылат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here