Эрдоган: Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөлөрү арасында мусулман мамлекеттин жоктугу адилетсиздик
Өткөн ишемби күнү Түркия президенти Режеп Таййип Эрдоган «Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөсү болгон беш мамлекеттин бардыгы христиан мамлекеттер, алардын арасында бир да мусулман мамлекети жок, бул болсо адилеттүүлүк эмес» деди. О.э. «Биз адилеттик өкүмдар болгон дүйнөнү жаратуу үчүн күрөшөбүз жана ушуга аракет кылабыз» деди.
Түркия президенти «БУУ уюмунун учурдагы иштөө механизмин реформа кылуу керектигин айтып, адамзат бардык континенттер жана диний жамааттарды өзүндө бириктирген эл аралык коопсуздук кеңешине муктаж экендигин» баса белгиледи.
Эрдоган Стамбулдагы бир нече долбоорлордун ачылышында Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөлөрүнө ишара кылып, дүйнө бул беш мамлекеттен чоӊураак экендигине көӊүлдү бурду. Андан соӊ «дүйнөдөгү 196 мамлекеттин тагдырын ушул беш мамлекеттин колуна тапшырып коюу мүмкүн эмес. Бул нерсе балким биринчи дүйнөлүк согуш учурунда мүмкүн болгондур. А бирок, азыр мүмкүн эмес», – деп кошумчалады. (Арабий 21).
Роя гезитинин комментарийи:
Эгерде Эрдоган адилеттүү өкүмдар бар болгон дүйнөнү жаратуу үчүн чындап эле олуттуу күрөшкөн болсо, анда Түркияда Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетин жарыя кылат болчу. Себеби, ушул мамлекет гана Исламды колдонуу менен дүйнөдө адилеттүүлүк орнотот. Бирок, Эрдоган кайдан олуттуу болмок эле, себеби, ал илманий программаны мойнуна алган эмеспи?
Эрдоган Коопсуздук Кеңешиндеги проблема ага бирер исламий мамлекеттин мүчө болбой калышында эместигин, тескерисинче бул кеңештин колонизатор мамлекеттер, айрыкча Америка колундагы куурчактыгында экенин билбейби? О.э. Коопсуздук Кеңешиндеги проблема анын ушул мамлекеттердеги адилетсиз мыйзамдарга таянышында экендигин, Түркия жана башка бирер мамлекеттин Коопсуздук Кеңешине мүчө болуп калышы менен эч нерсе өзгөрбөстүгүн түшүнбөйбү?
О.э. Түркияда АКШ кошуундары үчүн Инжирлик базасын ачып берген, яхудийлер мамлекети менен алака орнотуп келе жаткан, Батыш саясатын ишке ашыруучу куурчактардын бири болгон бул Эрдоган, кудум Батыш мамлекеттерине жана алардын исламий дүйнөгө аралашуусуна каршы тургандай о.э. күчтүү позицияга ээ болуу максатында Коопсуздук Кеңешине мүчө болууну каалап жаткандай сүйлөп жатат.
Коопсуздук Кеңеши колонизатор Батыш мамлекеттери колундагы бир куурчак уюм экенин түшүнгөн жана анын өкүмдарлыгынан кутулууну каалап жаткан ар бир адам бул уюмду реформа кылууга аракет кылбашы керек. Тескерисинче, аны жок кылып, колонизатор мамлекеттер өкүмдарлык кыла албай турган жаңы дүйнөлүк уюмга алмаштыруу үчүн ага каршы эл аралык коомдук пикир пайда кылышы керек. Бул жаңы уюм бүткүл дүйнөлүк уюм болуп, зулумдун алдын алууга жана мазлумга жардам берүүгө негизделиши о.э. бүтүндөй адамзат ортосунда адилеттүүлүк орнотушу керек. Ал бирер мамлекеттин пайдасына аракет кылбай турган, тескерисинче бүтүндөй адамзаттын кызыкчылыгы үчүн аракет кыла турган бүткүл дүйнөлүк уюм болгондуктан моралдык күчкө ээ болот, эл аралык коомчулук да аны колдоп-кубаттап, ага ишеним көргөзөт.
Роя гезитинин 2016-жыл, 13-апрелдеги 73-санынан