АКШнын демилгеси менен кечээ күнү Барак Обама жана Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөштү.
Бул сүйлөшүүдө мамлекет башчылар Сириядагы ок атууну токтотуу, гуманитардык жардамга шарт түзүү о.э. Украинадагы кырдаал жөнүндө талкуулашкан. Айрыкча, Барак Обама Сириянын өкмөттүк кошуундары оппозицияга каршы жүрүштөрүн токтотушу керектигин жана мында Россия Башар Асадга басым өткөрүшү керектигин баса белгилеген.
Ошону менен бирге ок атууларды токтотуу маселеси менен параллел көрүнүштө саясий өзгөрүштөрдү да ишке ашыруу жараянын баштоо баса белгиленген.
Путин болсо “муътадил” оппозициянын “ИШИМ” жана “Жабхат ан-Нусра” террорчу топторунан айырмасын тезирээк аныктоо керектигин о.э. Сириянын Түркия менен болгон чегарасын жабуу керектигин айтып өткөн.
Мындан тышкары, эки мамлекеттин башчылары Украинадагы кырдаалды да талкуулашып, АКШ президенти Москваны Украина чыгышындагы кагышууларды токтотуу үчүн чараларды көрүүгө чакырган. Минск келишимин ишке ашыруу зарыл экендиги айтылган.
Туркистон:
Сирияда АКШ менен Россия кызматташтыкта иш жүргүзүп жатканы акыркы кездерде ачыкка чыгып барууда. Жогоруда Обама Асаддын оппозициялык күчтөр тарапка жүрүшүн токтотуп турушу керектигин Путинден суранып жатат. Эмне үчүн Асаддын өзүнөн эмес. Себеби, Асаддын режиминде аскерий кубат дээрлик калган эмес. Аны орус аскерлери жана жалданма аскерлер тобу коргоп жатышат. Иштин башы да Путиндин жалданма жашыруун армиясынын колунда. Ошондуктан, Обама Путинден аскерий жүрүштөрдү убактылуу токтотуп турушун талап кылууда.
Украина маселеси жана “Минск” келишими жөнүндө эскертип жатканы болсо, шантаж сыяктуу бир абал. Обама Путинге – эгерде талаптарды өз убагында ишке ашырбаса – басышы мүмкүн болгон жаралуу жерин эскертип койду.
Америка Россияны кооптуу атаандаш деп билбей койду. Алар бири-бири менен өнөктөш болуп көрүнүп жатышканы менен, түпкүлүгүндө, АКШ башчылыгындагы дүйнөлүк куфр армиясына Россия кошулуп алды. Акыркы ядролук куралдануу туурасындагы дүйнөлүк конференцияга Россиянын чакырылбаганы буга далил болот. Россия Обаманын жогорудагы көрсөтмөлөрүн аткарууга мажбур. Ага азыр Асад режимин коргоо милдети жүктөлгөн. Бирок, мүмкүнчүлүктөрү болуп туруп да, душман тарапка бир кадамга жыла албайт. Бул сыяктуу иштер АКШнын буйругу менен гана ишке ашырылат.
cheap lasuna pill – cheap himcolin without prescription where to buy himcolin without a prescription
voveran drug – buy diclofenac tablets cheap nimodipine without prescription
ozobax for sale online – piroxicam pills feldene 20mg tablet
order meloxicam 7.5mg generic – buy rizatriptan 5mg generic toradol 10mg
order metronidazole 400mg pills – metronidazole 200mg for sale generic cenforce
cabergoline 0.5mg uk – order generic premarin 0.625mg order generic alesse
プレドニン処方 – г‚ўгѓўг‚г‚·гѓ« еЂ¤ж®µ г‚ўг‚ёг‚№гѓгѓћг‚¤г‚·гѓійЊ 500mg еј·гЃ•