Кыргызстанга Бириккен Араб Эмираттарынын делегациясы келди

326
1

 Кыргызстанга 13-апрель күнү кечинде Бириккен Араб Эмираттарынын энергетика министри Сухейл Аль Мазруи баштаган делегация келди. Аларды экономика министри Арзыбек Кожошев тосуп алды.

Делегациянын курамында 29 адам болуп, ага министрлик жана мекемелердин кызматкерлеринен тышкары ири ишкерлер жана инвесторлор да кошулган.

 Бул делегациянын иш сапары, Алмазбек Атамбаевдин аталган өлкөгө 2014-жылдагы расмий сапары маалында жетишилген макулдашуулардын алкагында өтүп жатат.

 Сапардын алкагында Кыргызстандын жогорку жетекчилиги, бир катар министрлик жана мекемелердин жетекчилери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү пландаштырылган.

 О.э. эки мамлекеттин ишкер чөйрөлөрүнүн катышуусунда Кыргызстан-БАЭ экономикалык форумун өткөрүү да пландаштырылган.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here