Бийлик Ислам жана мусулмандарга каршы күрөштө “балта сапты өзүнөн чыгарганы жатат”

237
0

 Россия экономикалык жактан начарлап, Борбор Азиядагы саясий жана экономикалык таасири азая баштаган соӊ, АКШ бул региондо, айрыкча, Кыргызстанда өзүнүн саясий жана сакафий таасирин кеңейтүүгө олуттуу кирише баштады. Мында АКШ негизинен, Исламды система катары кабыл алуунун жайылышына тоскоолдук кылууга аракет кылып жатат.

 Бишкек шаарында 12-апрелде “Диний абалды изилдөө борборунун” ачылышы АКШнын бул максатты көздөй таштаган кадамдарынын бири болду. Бул борбордун милдети  эл аралык жана диний уюмдар менен активдүү кызматташуу аркылуу коомдун ичинде Ислам дини нукура абалда жүзөгө чыгышына жол бербестен, бул максат жолунда ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан исламий уюмдарга тоскоолдук кылуудан турат. Мындан тышкары, 2012-2020-жылдарга болжолдонгон Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын ишке ашыруу жолунда коомчулуктун арасында “муътадил ислам” түшүнүгүн кеӊири жаюу, нукура Исламга чакырган диний уюмдарды террорчу жана экстремистке чыгаруу боюнча олуттуу аракеттер башталды о.э. бул жолдо мечит имамдарынан жана уламалардын кызматынан пайдалана баштады.

Имамдар мектептерге жана жогорку окуу жайларга барып, куфрдун өлчөөсү боюнча муътадилдикке туура келбей турган исламий кыймылдарды жаштарга жаманатты кылып көрсөтүү иштерин баштап жиберишти.

Ушундай жолугушуулардын бири, 13-апрель күнү Бишкек шаарынын Ленин районундагы 77-орто мектепте болуп өттү. Ал жолугушууда “Нур-ул Харамайн” мечитинин имам-хатиби Юсуп ажы Сайпиев окуучулар менен жолугушуп, аларга түшүндүрүү лекциясын окуду.

 “Албетте, келечек жаштардын колунда эмеспи, андыктан жаштарыбыз сөзсүз түрдө туура Исламды билиши керек”, – деди Юсуп ажы Сайпиев.

 Ооба, өсүп келе жаткан жаш муун Ислам дини тууралуу туура жана толук маалыматка  ээ болушу керек. Бирок, бул тууралык колонизатор мамлекеттер жана учурдагы өкмөт тарабынан эмес, Аллах жана пайгамбары тарабынан белгилениши керек! Өкмөттүн өлчөөсүнө ылайык келе турганы туура да, ылайык келбей турганы ката болуп калбайт. Аллах Таала айтат:

 “Эй момундар, толук Ислам динине киргиле! Жана шайтандын артынан ээрчибегиле! Шексиз, ал силердин ачык-айкын душманыңар(2: 208)

 Ушундай болгон соӊ мечиттердин имам-хатибдери жана элдин арасында таасири бар болгон уламалар жаштар менен болгон жолугушууларда Ислам жөнүндө толук маалымат бериши керек. О.э. Ислам динин ибадат жана адеп-ахлак эле эмес, жашоонун бардык тармактарына жооп бере турган өзүнүн түзүмү бар система катары таанытышы керек. Антпесе, пайгамбарыбыз Мухаммад саллаллаху алайхи ва салламдан калган мураска кыянат кылган болушат.

Абу Дарда разияллоху анхудан риваят кылынат. Расулуллах с.а.в.: Албетте, уламалар пайгамбарлардын мураскорлору. Алар динар да, дирхам да мурас кылып калтырышпады. Алар илимди мурас кылып калтырышты. Эми, ким илим алса, андан чоң насипке ээ болуптур,-деген. (Абу Давуд жана Термизий риваяттары)

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here