Исламий коалициянын өкүлдөрү Эр-Риядда чогулушту

299
0

Саудия башчылыгында түзүлгөн жана “террорго каршы Исламий биримдик” деп аталган аскерий коалицияга мүчө болгон мамлекеттердин армия башчылары Саудиянын борбору Эр-Рияд шаарында чогулушту. Бул тууралуу Саудиянын экинчи мураскор шахзадасы, учурдагы коргоо министри Мухаммад бин Салман бин Абдулазиз билдирди.

Саудия маалымат агенттиги “SPA”нын кабар беришинче, Саудиянын коргоо министри Мухаммад бин Салман аскерий коалицияга мүчө болгон мамлекеттердин армия башчылары менен өз-өзүнчө жолугушкан. Жолугушуу учурунда терроризмге каршы күрөш туурасында Ислам өлкөлөрү ортосундагы стратегиялык кызматташтык маанилүү экендиги баса белгиленген.

Ушул жолугушууда мыйзамдуулук, көз карандысыздык жана кызматташтык маселелери о.э. массалык маалымат каражаттары, финансылык, аскерий жана интеллектуалдык демилгелер жардамында экстремисттик идеяларга каршы күрөшүү маселелери каралгандыгы айтылууда.

Жыйында сөзгө чыккан Саудия коргоо министринин кеӊешчиси генерал-лейтенант Ахмад бин Хасан Ашири Исламий коалицияга мүчө мамлекеттердин өздөрүнөн талап болбосо, террорго каршы аскерий операцияга тартылбастыгын баса белгиледи.

Ал: “Коалицияга мүчө мамлекеттер разведка тармагында маалымат алмашышат жана эч бир мамлекет өзүнүн талабы болмоюнча, аскерий операцияга тартылбайт”, – деди.

Ашири “душман”га каршы пикирий, финансылык, аскерий жактардан жана маалымат каражаттары аркылуу күрөшүү маанилүү экендигин баса белгиледи. Анын айтымында, бул багытта ийигиликке жетүү үчүн коалицияга мүчө мамлекеттер жакындан кызматташуусу керек.

“Террорчу уюмдар маалымат каражаттарынан натыйжалуу пайдаланып жатышат. Ошондуктан да террорчу уюмдар тарабынан таркатылып жаткан пикирлерге каршы күрөштө коалициянын пикирий жана массалык маалымат каражаттары стратегиясын өнүктүрүү табигый. Финансылык жактан болсо террорчу уюмдардын финансылык булактарын аныктап, аларды жок кылуу назарда тутулат. Аскерий жактан болсо, Эр-Рияд шаарында коалициянын операцияларын ылайыкташтыруучу борбор түзүү жана ал үчүн бюджеттен каражат бөлүү жөнүндө талкуу жүрүп жатат”, “Эӊ оболу коалицияга мүчө мамлекеттер операция борборунда түзүлгөн маалыматтар базасында башка мамлекеттер менен разведка маалыматтарын алмашат. Ар кандай коркунучка дуушар болгон учурда башка мамлекеттерден жардам алат”, – деди Хасан Ашири.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here