Сирия президенти Башар Асад мурдатан Россиянын эмес, Батыштын досу болгон. Бул тууралуу Россия тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова билдирди. Захарованын айтымында, Россия Сирия президенти Башар Асадды жеке адам катары колдоп-кубаттоо үчүн Сирия маселесине аралашкан эмес, тескерисинче Сириянын мыйзамдуу бийлигин колдоп-кубаттоо максатында Сирияга кирген.
Журналисттердин суроолоруна жооп берген Захарова “Биз колдоп-кубаттаган тарап Асаддын өзү. Асад бир кездерде биздин эмес, Батыштын досу болгондугун эч ким унутпашы керек”, – деп баса белгиледи.
Захарова сөзүн улантып: “Биз мыйзамдуу өкмөт өз ордунда калышын колдоп-кубаттоо үчүн Сирияга кирдик. Анткени, Сирияда президент кетсе, аны менен бирге өкмөт да, армия да таркап кетет болчу. Биз муну Ливия мисалында көргөнбүз”, – деди.
Захарованын айтымында, Россия аба күчтөрүн Сирияга жайгаштыруунун себеби да Сирия режими кулашынын алдын алуу жана терроризмге каршы күрөш болгон. Бирок, Захарова Сирия өкмөтүн кулоодон сактап калуу эмне үчүн Россияга керек болуп калгандыгы тууралуу кеӊири маалымат бербеди.
Ал: “Сириядагы жарандык согушта Россия Асадды колдоп кубаттоо үчүн өзүнүн аба күчтөрүн Сирияга жөнөткөндүгүн айтып жатышат. Эгерде Россия 2011-жылы же 2012-жылы т.а. жарандык согуш катары сүрөттөө мүмкүн болгон доордо өз кошуундарын Сирияга жиберген болсо, анда ошентип айтуу мүмкүн болмок. Бирок, андай болбоду”, – деп айтуу менен эле чектелди.
Туркистон:
Чындыгында эле Асад жана Сирия режими Россияга караганда көбүрөөк АКШга жакын. Асад да эч качан Россияга таянган эмес. Ал Россияны АКШ аны коргоо үчүн жалдаган сакчы катары көрөт. Асад Россияны өзү сыяктуу АКШнын чоӊ долбоорундагы бир фигура т.а. Ислам жана мусулмандарга каршы чоӊ долбоордун кичинекей жана итааткөй деталдарынын бири деп билет. Россия болгону чоӊураак жана аскерий потенциалдары жагынан да мүмкүнчүлүктөрү көбүрөөк. Бирок, эл аралык саясатта мамлекеттердин салмагы аскерий кубаты менен эле өлчөнбөйт. Ал тургай, аскерий кубат колонизатор мамлекеттердин дүйнө мамлекеттерин моюн сундуруусунда акыркы орунда турат. Алдыӊкы орунда саясий, экономикалык жана сакафий колония кылуу тармактары турат. Аскерий колония болсо, акыркы жана алсыз иш-чаралардан болуп эсептелип, бирер мамлекет аскерий кубат менен басып алынган күндө да, анын сакафий жана саясий тараптары колго алынбаса, баскынчы мамлекет үчүн өтө чоӊ проблемаларды алып келиши мүмкүн. Муну Афганистанды басып алган СССР жана кийинчерээк дагы басып алууга аракет кылган АКШ сыяктуу баскынчылардын ал жерди кандай таштап чыгып кетишинде көргөнбүз.
Захарованын жалганы болсо, “Россия ал жерге мыйзамдуулукту сактап калуу максатында же дүйнөлүк терроризмдин алдын алуу үчүн кирди” деген сөздөрүндө. Россия азыр эл аралык абалды эмес, өзүнүн ички абалын да жөнгө салышы кыйын болуп турат. Сирияга Россияны Путиндин режими алып кирип алды. Максаты, АКШ менен кызматташып жаткандай болуп көрүнүү жана Россия кризиске дуушар болуп бара жатканда, аны согуштук абалда кармап туруу. Себеби, кризис абалы жарандарда “бул абалга ким айыптуу” деген суроолорду пайда кылат.
АКШ болсо, Путиндин ушул абалынан пайдаланып аны өз кызыкчылыгы тарапка багыттай баштады. Украинадан тартып чыккан болуп көрүнүү менен Европа мамлекеттери алдында да абройго ээ болду. Сирияны Россиянын колу менен бомбалоо аркылуу Европаны качкындар проблемасына дуушар кылып, Путиндин өчүн алып берген болуп да көрүнүүдө. АКШ чындыгында эле бир ок менен бир нече коёндорду атып жатат. Бардыгы болсо анын кылып жаткан иштеринен курсант, же бардыгы коркконун жашырып жатышат.