Обама: Ислам заманбаптык менен ылайыкташтырылбаса исламий терроризм проблемасын түптөн чечип болбойт

271
0

The Atlantic журналы Жеффри Голдбергдин Обама менен узак убакытка созулган маегин басып чыкты. Жеффринин билдиришинче, Обама 2009-жыл Каир университетинде сүйлөгөн сөзүндө көздөлгөн нерселерди жүзөгө чыгарууда ийгиликсиз болгонун моюнга алат. Ал мусулмандар дуушар болгон жакырчылыктын түпкү себептери туурасындагы талкууда аларды ишендирүүгө аракет кылган. Обама мындай дейт: «Израилди Жакынкы Чыгыш проблемаларынын себепкери кылып көрсөтүүнү токтотолу деп айтмакчы элем». «Биз палестиналыктар үчүн бир мамлекетти жана кадыр-баркты жүзөгө чыгарып берүүнү каалайбыз. Бирок, ошол сөзүмдө талкуу козгоону үмүттөнгөн элем. Бул талкуу мусулмандар үчүн башкаруу тармагындагы чыныгы проблемаларга каршы туруу мүмкүнчүлүгүн берет. О.э. ушул талкуунун натыйжасында мусулмандарга заманбаптык менен ылайыкташуу үчүн ишенимдерин калыптандырууда жардам бербей турган т.а. реформа кылууга киришпеген айрым исламий агымдарга каршы күрөшүү мүмкүнчүлүгү пайда болот». Журнал муну төмөнкүдөй ачыктады: «Обама хазараттар кагышуусу жөнүндө сөз кылуудан жана мусулмандарга каршы провокация кылуудан этият болгон болсо да, бирок ушул маекте Исламды заманбаптык менен ылайыкташтырмайынча о.э. Ислам да христиандыктын өзгөрүшүнө себеп болгон реформаны басып өтмөйүнчө, исламий терроризм проблемасын түптөн чечип болбостугун моюнга алат». (Арабий 21).

Роя гезитинин комментарийи:

Америка, Батыш, Россия жана Кытай сыяктуу мамлекеттердин башчылары терроризм дегенде исламий пикирлерди назарда тутушат. Бул пикирлерди өз хазараттары, таасирлери үчүн о.э. исламий өлкөлөрдө таасирлеринин сакталып турушу үчүн коркунуч деп билишет. Анткени, бул пикирлердин вакиъси жана алардын эӊ негизгиси төмөнкүдөй; Ислам акыйкат, андан башкасы бузук, Исламды турмушта толук колдонуш керек, аны колдонуу үчүн албетте мамлекет болушу т.а. Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекети болушу шарт, бул мамлекет Исламды бүт дүйнөгө даъват жана жихад аркылуу жеткирет. Мына ушундан келип чыгып, биз Обаманын «Исламды заманбаптык менен ылайыкташтырмайынча о.э. Ислам да христиандыктын өзгөрүшүнө себеп болгон реформаны басып өтмөйүнчө, исламий терроризм проблемасын түптөн чечип болбойт» деген сөздөрүн түшүнө алабыз. Америка саясаты көптөгөн жылдардан бери муътадил ислам сыяктуу түшүнүктөрдү жаюу менен Исламды, анын түшүнүк жана пикирлерин өзгөртүү негизинде жүргүзүлүп жатат. Себеби, Американын планы Исламды өзгөртүүдөн турат. Бирок, бул планы ийгиликсиз болду жана муну Обаманын өзү да моюнга алды. Америка каршы күрөшүп жаткан жана биз жогоруда айтып өткөн пикирлер Ислам Үммөтүнүн арасында кеӊири жайылууда о.э. анын күчтүү массалык пикирге айланышына өтө жакын калды.

Роя гезитинин 2016-жыл, 16-марттагы 69-санынан

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here