Мисирде бир жылдын ичинде 840 адам дайынсыз жоголгон

444
11

Адам укуктарын коргоочу уюмдар Мисирде 2015-жылдын март айынан бери 840 адам дайынсыз жоголгондугу тууралуу отчёт сунуштады. Отчётко ылайык, бийликтин саясатына каршы болгон адамдарды жок кылуу өкмөттүн расмий коопсуздук саясатына айланган. Кээ бир укук коргоочу уюмдардын билдиришинче, Межди Абдул Гаффар ички иштер министр болуп дайындалгандан кийин мындай абалдар кескин көбөйүп кеткен.

Учурда Мисирде адам укуктарын коргоо иштери менен алектенип келе жаткан “Надеем” борбору саламаттыкты сактоо негизи боюнча жаап коюлган. Бул мекеме Мисирде кеӊири жайылган кыйноо, адам өлтүрүү жана камактагы эң жаман абалдар боюнча маанилүү маалыматтарды ачыктаган эле.

Мисирде ишмердүүлүгүн жүргүзүп келе жаткан бир нече жарандык коомдор өткөн жылдын ичинде бир нече адамдын дайынсыз жоголушунда аскерийлердин жана разведка кызматынын колу бар деп эсептешет. Мисирдин ички иштер министри Абдул Гаффар болсо бул айыптоолорду четке кагып “90 миллион калкы бар өлкөдө 200 адамдын дайынсыз жоголушу адаттагы эле көрүнүш” деп билдирди.

Мисирде адам укуктары тебелениши боюнча билдирүү берген Хьюман райтс вотч уюмунун жетекчиси Жо Сторк: “Адамдардын дайынсыз жоголушу туурасындагы абалдарды үйрөнүп чыгууда Мисир прокуратурасы ийгиликсиздикке жүздөнгөн. Сиси өкмөтүнүн өзүмбилемдик менен токтомдорду чыгара бериши болсо эч кимге жашыруун сыр эмес”, – деди.

11 COMMENTS

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here