Казакстан Европа Союзу менен кызматташтыкты күчөтөт

289
0

 Казакстан парламентинин жогорку палатасы Европа Союзу менен кеӊейтилген кызматташтык алакалар туурасындагы келишимди тастыктады.

 Казакстандын тышкы иштер министри Эрлан Идрисовдун айтымында, келишим саясий диалогду бекемдөөнү, тышкы саясат тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү жана тереӊдетүүнү, коопсуздукту, космостук коопсуздукту, массалык кыргын куралдарын таркатууга каршы күрөшүүнү, жаӊжалдардын алдын алууну жана антитеррорду камтыйт.

 Министрдин билдиришинче, жаңы келишимдин документинде “европалык өнөктөштөр үчүн туруктуулуктун кошумча кепилдиктерин камсыздоочу соода бөлүмү Казакстанга чет өлкөлүк инвесторлорду дагы да көбүрөөк тартууга шарт түзөт”.

Туркистон: 

Батыш Россияга карата же жалпысынан мамлекеттер бири-бирине карата эки фронтто, эки түрдүү мамиледе иш алып барышат.

Биринчиси, дүйнөлүк исламий мабдаий аракетке каршы. Мында алар кызматташтыкта, бири-бирин толтуруучу параллел операциялар жана жалпы кызыкчылык негизиндеги стратегиялар негизинде аракеттенишет. Мисалы, Сириядагы мусулмандардын ынкылаптык аракеттерине каршы биригишкени сыяктуу. Же кичинекей мамлекеттерге – экстремизм жана терроризм деп атап алышкан исламий аракеттерге каршы күрөшүү үчүн жана исламий баалуулуктар өнүгүшүнүн алдын алуу үчүн – бериле турган каражаттар топтоло турган дүйнөлүк фонддор аркылуу иш алып барышат. Бул фонддор алардын баарынын макулдугу жана ыраазылыгы негизинде чогултулат жана исламий мамлекеттеги малай бийликтерге берилип турат.

Экинчисинде болсо, ар бири өз кызыкчылыктарынан келип чыгып, ар түрдүү жана көбүнчө бири-бирине каршы же тараптарга бөлүнүп алышып аракеттенишет. Украинаны тартып алуудагы Батыш менен Россия ортосундагы күрөш, Грузиядагы түстүү революция деп атап алышкан козголоӊдор буга мисал боло алат. Бул иштердин бардыгы куфр жетекчи мамлекеттердин бири-бирине каршы өз кызыкчылыктары жолунда топторго бөлүнүп алып жүргүзүшкөн ири операциялар түркүмүнө кирет.

Казакстандагы кол коюлуп жаткан жогорудагы келишимдер жана даярдалып жаткан стратегиялык кызматташтыктардын бардыгы колонизатор мамлекеттердин экинчи фронттогу иш-аракеттери түркүмүнөн. Муну алар бир нече жылдардан бери Россияны алсыратуу үчүн кызматташтыкта жүргүзүшкөн экономикалык жана саясий басымдардын жыйынтыктоочу бөлүгү деп айтууга болот. Т.а. АКШ баш болгон Европа Союзу мамлекеттери дээрлик бардыгы биригип Россияны экономикалык блокадага алышты. Натыйжада Россиянын болжол менен 900 миллиард долларга брабар болгон резервдик фондун түгөнүп бара жатат.

Россия алдан тайып барууда. Ал өзүнүн стратегиялык жактан маанилүү болгон колонияларындагы орундарын жоготуп барууда. Себеби, дүйнөлүк куфр системасында колонизатор мамлекет кол астындагы мамлекеттер менен ар бир тармакта кызматташа алышы, анын жакырчылык даражасына түшүп кетишине жол бербестик үчүн ага каражаттарды же жеӊилдетилген карыздарды берип турушу өтө маанилүү иштерден болуп эсептелет. Акыркы кездерде Россия тышкы колониялары эле эмес, ички экономикалык алакаларын да бир аз изден чыгарып жиберди. Европа Союзу Россиянын дал ушул абалынан пайдаланып калмакчы болот. Мындан бир аз мурда Европа Союзу Кыргызстанга да бир катар экономикалык жеӊилдиктерди берген эле. Мында да Россия чегинишинин натыйжасында ачык калып жаткан экономикалык тармактарды толтуруу мүмкүнчүлүгүнөн Европа Союзу пайдаланып алмакчы болууда.  

Мындан тышкары, Кытай да ушул күндөрдө ШКУ уюмун өз колуна алып, Россия башчылык кылган ЖККУ уюмуна каршы бир катар билдирүүлөрдү таркатты. ЖККУ уюму Орто Азия регионунда коопсуздукту камсыздоодо жетиштүү кубатка ээ эмес. Ошондуктан, Кытай ШКУнун коопсуздук тармагынын региондогу таасирин күчөтүү керек дейт.

Россия Тажикстанда калган аскерий базасын күчөтүүгө киришти. Ал азыр экономикалык, сакафий жана саясий колония кылуу тармактарында жакшы абалда эмес. Капиталисттик куфр системасынын табияты боюнча “токой мыйзамы” сыяктуу жыгылып бара жаткандарга жардам берилбейт. Тескерисинче, аларды өлтүрүүгө жана жеп алууга аракет кыла башташат.

Казакстан Россияга ишенбейт. Андан коркот. Себеби, Путин Сириядан чыга баштагандан бери менен жаңы согуш майданын издей баштады. Казакстан – кудум Украина жана Белорусия сыяктуу – согуш пайда кылуу үчүн өтө ыӊгайлуу регион болуп эсептелет. Ал жерде бүгүнкү күнгө чейин орус сакафаты сакталып калган. Ошону билген Назарбаев кирилица алфавитинен латын алфавитине өтүүгө аракет кылууда. Бул нерсе Россиянын сакафий колониясынан кутулуу үчүн негизги жана алгачкы кадамдар болуп эсептелет. Мындан тышкары, казак өкмөтү Россия телеканалдарын да чектей баштады. Эми болсо, Батыш мамлекеттерин өзүнө тартып, аларды стратегиялык өнөктөш кылып алуу менен өз аймагында алардын да кызыкчылыктары болушу үчүн аракет кылууда. Бул нерсе казактардын Россиядан тынчсыздануусун бир аз болсо да азайтат. Себеби, Европа Союзу, Кытай, АКШ сыяктуу мамлекеттер өз инвестицияларын алып киргенден кийин табигый түрдө материалдык кызыкчылыктарын коргоого аракет кылат. Эл аралык саясатта алар Россияга караганда бир топ алдыда бара жатышат. Демек, алар Россияга басым өткөрө алышат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here