Чехия компаниялары менен чакан ГЭСтерди куруу боюнча келишимге кол коюлду

228
0

 Мурда кабар бергенибиздей, Чехия парламентинин депутаттар палатасынын төрагасы Ян Гамачек эки күндүк расмий сафар менен Кыргызстанга келди. 16-март күнү Бишкекке келген Ян Гамачекти президент Алмазбек Атамбаев жана премьер-министр Темир Сариевдер кабыл алышты.

 Кыргызстандын премьер-министри Темир Сариев Ян Гамачек башчылыгындагы делегация менен жолугушуу учурунда Чехиянын эки компаниясы менен чакан ГЭСтерди куруу жаатында келишимге кол коюлушун билдирди. Анын айтымында, долбоордун жалпы баасы 190 миллион долларга барабар.

 Мындан тышкары, Сариев Прага-Бишкек-Сеул авиакаттамын ачуу, туризм тармагында кызматташтыкты өнүктүрүү маселесин көтөрдү.

 Чехиянын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Элишка Жигова Чехия Кыргызстан менен кызматташтыкты кеӊейтүүгө кызыкдар экендигин айтып, соода-экономика, маданий жана туризм тармактарындагы долбоорлорду талкуулоого даяр экендигин билдирди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here