УКМКнын имаратында өрт чыкты

239
0

  Бишкек шаарындагы УКМКнын имаратында 4-март күнү кечинде өрт чыкты. Өрттүн  себеби аныкталган жок, а бирок, коопсуздук мекемесинин сегиз кызматкери жараат алганы айтылууда.

 Өрт 4-март күнү кечки саат 22:00дө башталган. Окуя болгон жерге эки даана өрт өчүрүүчү машина жетип барып өрттү өчүрүшкөн.

Тез жардам борборунан кабар берилишинче, УКМКнын 8 кызматкери ууланган. Алардын алтоосу ооруканага жаткырылып, экөөнүн абалы оор. Ал эми дагы эки кызматкер болсо ооруканага жатуудан баш тарткан.

 Айрым ЖМКлар жана социалдык тармактын колдонуучулары билдиргендей, өрттүн чыгышына жардыруу себеп болгон. УКМКнын маалымат катчысы Рахат Сулайманов мындай кабарларды четке кагып, өрттүн чыгышына электр тогу себеп болгонун айтты.

 “Азаттык” радиосунун маалыматына ылайык, өрттөн үч бөлмө олуттуу зыян тарткан. Мындан тышкары, УКМКнын тергөө изоляторунда жаткан адамдар жана алардын ден соолугу тууралуу кабар берилген эмес.

Туркистон:

Мындан бир аз мурда Жалал-Абад прокуратурасы өрттөнүп кеткени тууралуу айтылган эле. Эми Бишкектеги УКМКнын имараты өрттөнүп кеткен имиш.

Кыргыз бийлиги өзүнүн кылмыштарын далилдеши мүмкүн болгон документтерди түп-тамыры менен тазалоо иштерин баштап жиберди.

Алар эки жолу бийлик алмашуусу менен кыргыз элитасы жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери бир айланып дагы кайрадан башкаруу иштерине келип кала бериши мүмкүн экендигин көрүштү. Ошондуктан, алар этияттык үчүн бийлик кулагандан кийинки абалдарга даярдык көрө башташты.

№50-абакта болуп өткөн операция Акаев жана Бакиевдерди бийликтен кетирген Аксы окуясынан да кооптуураак жана жийиркеничтүүрөөк операция болгон эле. Бишкекте, мындай жасалма операциялар көп жолу ишке ашырылды. Бийлик кулашы менен бүгүнкү күндө чектен чыгып бара жаткан чиновниктер бул кылмыштары себептүү куугунтуктала баштайт. Бүгүн бийлик алардын колунда турганда бир нече документтерди жана күбөлөрдү жок кылууга аракет кылышы табигый көрүнүш.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here