Россия менен кызматташтыктын жаңы планы кабыл алынды

281
0

 Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев 2-март күнү Москвага кылган иш сапарынын алкагында Россия президенти Владимир Путин менен жолугушуп, Кыргызстан-Россия кызматташтыгы, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана Евразиялык интеграцияны өнүктүрүү маселелерин талкуулашкандыгы айтылууда.

 Москвада болуп өткөн жолугушууда тараптар бири-биринин ишенимдүү, стратегиялык өнөктөштөр экендигин белгилеп өтүштү.

 Жолугушууда Владимир Путин Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болгондон бери эки тараптуу кызматташтык кеӊейгендигин, миӊдеген кыргыз жарандары Россияда иштеп, жайгашып калуусу алаканын жакшы көрсөткүчү экендигин айтып өттү.

 “Биздин алакаларыбыздын мүнөзүн баса белгилөөнүн деле кереги жок. Кыргызстан стратегиялык мамиледеги биздин ишенимдүү өнөктөш. Евразия экономикалык биримдиктин алкагындагы кызматташуу көрсөткүчтөр аркылуу эле берилбей реалдуу жашоого, экономиканын өнүгүшүнө, социалдык тармакка таасирин тийгизет деп үмүттөнөм. Байланышыбыз бекемделип жатканын белгилегим келет. Буга Кыргызстандын Орусияда жашап, иштеп жаткан кыргыз жарандарынын саны мисал болот”, – деген Путин, Россия Кыргызстандын эң негизги соода-экономикалык өнөктөшү экендигин баса белгиледи.

 Өз кезегинде Алмазбек Атамбаев да бул жолугушуу кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү жакшы мүмкүнчүлүк экендигин айтып өттү.

 Атамбаев: “Биздин өлкөлөр ортосундагы бардык актуалдуу маселелерди дагы бир жолу талкуулап алууга мүмкүнчүлүк түзүлүп жатканына кубанычтамын. Биздин өлкөлөр ортосунда ири соода-экономикалык катнаштар орун алгандан тышкары биз – эң оболу стратегиялык өнөктөшпүз. Ушул боюнча эле каларыбызга үмүттөнөм. Бул эң башкысы”, – деди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here