Кыргызстан премьер-министринин орун басары Олег Панкратов Россия санкцияларына дуушар болгон түрк бизнесин кабыл алууга убада берди.
Панкратовдун айтымында, Россия түрк компанияларына карата санкция киргизгени себептүү алардын Россия базарына чыгышы кыйын болуп калган жана Кыргызстан бул боштукту толтурушу мүмкүн. “Биз өзүбүздө ишканаларды жайгаштырышыбыз мүмкүн. Мындан тышкары, түрк бизнеси Россиянын курулуш секторуна активдүү катышкан. Биздин курулуш компанияларыбыз түрк компанияларынын ордуна Россия базарына кирүүнү каалайт”, – деди Панкратов.
Панкратовдун билдиришинче, түрк инвесторлору Кыргызстанга алда качан эле киришкен жана жарым жылдын ичинде кездеме чыгаруучу фабриканы ишке түшүрүшөт. “Бул түрк компаниясы Өзбекстанда көптөн бери иштейт, ал жерде мамлекет аларга акысыз жер жана бир катар жеңилдиктерди берген. Бул инвестор бизге келүүгө токтом кылды, себеби, биз көбүрөөк керектөө базарына ээбиз. Эми түрк компаниясы Кыргызстанда чыгарылган продукцияны ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге бажы төлөмүсүз жеткирет”, – деди Панкратов.