БУУ: Биз муну билгенбиз

249
0

Асад жана Хизбулла күчтөрү тарабынан курчоого алынган Мадая шаарында ачарчылык башталышынан БУУнун кабары болгон. Бул тууралуу БУУнун Дамашктагы өкүлчүлүгүндө иштеген кызматкер билдирди. Коопсуздук себептүү атын ачыктабаган өкүлдүн айтымында, БУУ ар бир иштен кабардар болсо да, бирок, Асад режими менен жакшы мамиледе болууну негизги багыт кылып белгилеген.

“Өткөн октябрь айында Мадая шаарында 1000 жаш баланын ачтыктан өлүү коркунучу тууралуу БУУ кызматкерлери тарабынан отчёт даярдалган эле. А бирок, бул отчёттон бир нече аптага чейин эч кимдин кабары болбоду. Себеби, бул отчёт БУУ өкүлчүлүгүнөн тышкарыга чыгарылбады. Көпчүлүгү жаш балдардан турган 23 адам декабрь айында ачарчылык себептүү өлгөндөн кийин жана бул маеле массалык маалымат каражаттарына жетип баргандан кийин аракетке өтүшүбүз мүмкүн болду. БУУ сүкүт сактаган кезде, башка уюмдар да гуманитардык жардам жөнөтө албады. Жардамдарды Фуа жана Кафрия регионуна гана жөнөтөт элек. Акыйкатта болсо, Мадаяда адамдар ачтыктан өлүп жаткан учурда Фуа жана Кафрияда эч кандай өлүм коркунучу жок эле. Мадаяда болсо адамдар дарактардын жалбырагын жеп жатышкан эле”, – деди БУУнун кызматкери.

 БУУнун өкүлү баса белгилегендей, режим менен мамилелерин кармап калуу үчүн БУУ Асаддын талаптарын аткарып келген. Ал тургай, Сирия режиминин талабы менен БУУ отчётунун кээ бир жерлерине өзгөртүүлөр киргизилген.

Ал: “Согуштар жүз берген жана миллиондогон адамдар жардамга муктаж абалда жашап жаткан аймактарга БУУ тарабынан бир баштык ун да жеткирилбеди. Асад режими оппозициянын кол астында болгон аймактарга барышыбызды каалабайт. Оппозициялык күчтөр жардам алып баруучулардын коопсуздугун камсыздоого убада беришет. А бирок, режимдин басымы себептүү бул аймактарга кире албайбыз”, “Отчёттун бир нече жерлеринде “курчоо астындагы жерлер”, деген сөздөр бар эле. Бул сөздөр режимдин кутурушуна себеп болду жана бул сүйлөмдөрдү алып таштоону талап кылды, биз болсо аларды алып салдык”, – деп кошумчалады.

Күбөлөрдүн билдиришинче, БУУнун Дамашктагы өкүлчүлүгү адамдар ачарчылыктан өлүп жаткан Мадая шаарынан 15 мүнөттүк аралыкта жайгашкан. Ушундай болушуна карабастан, БУУ Асадды нааразы кылбастык үчүн ачтыктан өлүп жаткан жаш балдар жана аялдарды көрмөксөн болуп келген.

Туркистон:

Хизб-ут-Тахрир эл аралык уюмдар жана алар тарабынан белгиленүүчү укуктук номалар жана мыйзамдар тууралуу мындай дейт: Дүйнөдө эл аралык уюмдар болушу мүмкүн. Бирок, алар жалаң гана моралдык басым өткөрүү укугуна гана чектелиши керек. Себеби, эл аралык мыйзамдар болушу мүмкүн эмес. Эл аралык мыйзамдар болушу үчүн дүйнөлүк мамлекет болушу керек. Антпесе, эл аралык мыйзамдар чоң жана кудуреттүү мамлекеттер тарабынан аткарылышы керек болот. Кичинекей жана алсыз мамлекеттер тарабынан эл аралык мыйзамдар бузулса, чоң мамлекеттер аларды дароо жазалашат. Ал эми чоң жана кудуреттүү мамлекеттер мыйзамды бузушса, аларды ким жазалай алат.

Жогорудагы БУУ уюму да, дүйнөнүн чоң жана ири мамлекеттери ортосундагы келишим негизинде түзүлгөн эл аралык уюм болуп эсептелет. Бул уюм да өз кожоюндары жана демөөрчүлөрүнө моюн сунуудан чыга албайт. Ушул уюмда ыктыяр, эркин аракет, калыстык… деген нерселер жок. Проблема эл аралык уюмдун өз мүчөлөрү ортосунда адилеттүүлүк кыла албай жаткандыгында болгону менен, проблеманын негизи, эл аралык системаны өз колунда кармап келе жаткан жана аны бири-бири менен талашып келе жаткан ири, жетекчи куфр мамлекеттеринде.

Жетекчи жана кудуреттүү мамлекеттер миңдеген адамдарды курман кылып жиберишсе, БУУ сыяктуу уюмдар, өз ишканаларын сактап калуу үчүн ошол миңдеген адамдарга террорист, экстремист деген сыяктуу тамгаларды жабыштырып, жетекчи ири мамлекеттердин канкордугуна мыйзамдуу түс берип келишет. БУУнун бар болуп турушунан көздөлгөн максат өзү ушул. Кокустан аларга ошол согуштарда жаш балдар, наристелер, карылар жана аялдар өлтүрүлүп жатканы тууралуу фактылар келтирилсе, алар каникулга чыгып кеткен болушат, же болбосо эч кандай аралашуусуз көрүүчүлөргө айланып алышат.

23-январь күнү АКШнын вице президенти Джо Байден Түркиянын премьер-министри менен жолугушуудан кийин: “Биз Сирияда тынчтык сүйлөшүүлөргө жетишебиз деген үмүттөбүз. Эгерде андай болбосо, биз ал жерде аскерий аралашуу жолу менен проблемаларды чечүүгө киришебиз”, – деди. Ал дагы: “Биз Түркия менен бирге Асад режимине каршы күрөшүп жаткан сунний муътадил кыймылдарга жардам берүүнү улантабыз”, –  деди.

Демек, АКШ Мадаядагы ачарчылык менен кыргын уюштурулган курчоону Асаддын колу менен атайылап өзү ишке ашырды. Алар Сауддар кыянаты менен түзүлүп жаткан сунний мамлекеттерден жана исламий уюмдардан түзүлүп жаткан уюмга кошулбаган мусулмандарга кандай абалга салып коюшу мүмкүн экендигин көрсөтүп коймокчу болушту. Куфр системасы бул аркылуу Шамдагы ынкылаптык аракеттерди “кырдаал биздин колубузда, кааласак жардам келүүчү бардык жолдорду жаап коёбуз” деп коркутту. “Силер ишенген айланадагы исламий мамлекеттер жана жамааттардын бардыгы биздин колубузда. Алар биз каалабасак силерге ал тургай нан да бере алышпайт”, – деген маанидеги вакиъни иш жүзүндө көрсөтүп коймокчу болушту. Көрсөтүп да коюшту.

Бирок, алар ушунча зулумду чокусуна алып чыгуу менен да мусулмандардын исламий мухитин буза алышпады. Тескерисинче, куфр системасынын бул зулуму бүт дүйнө мусулмандарынын көздөрү ачылышына кызмат кылды. Куфр дүйнөсү материалдык жактан кыйноо аркылуу биррер кызыкчылыкка ээ болдум деп, рухий жана моралдык жактан ийгиликсиздикке дуушар болуп жатат. Куфр чындыгында материалдык согушка киришкен жок. Ал алгач идеологиялык согушта бизди алсыратып алмакчы. Эгерде куфр системасы бизди идеологиябыздан чалгытып, бири-бирибизди жаман көрө турган, бири-бирибизге каршы курал көтөрө турган кылып албаса, жакынкы күндөрдө өзү жеңилет.

Ошондуктан, бүт куфр дүйнөсү ал тургай алардын кол астындагы исламий өлкөлөр да Мадаядагы мусулмандардын абалына жок эле дегенде оозеки болсо да раддия билдире алышпады. Алар Шам ынкылапчыларын коркутушмакчы. Алар өздөрүн кудайлык сыпат менен сыпатташып, кудум тагдырыбыз алардын колунда тургансып, биздин рухубузду сындырышмакчы.

Эң өкүнүчтүүсү, биздин жетекчилерибиз жана кээ бир саясий аң-сезимсиз мусулмандар дагы деле бул куурчак БУУдан жакшылыктарды күтүп, андан үмүттөнүп, жардам суроодон тыйылбай жатышат. Эл аралык системанын ээси болгон жогорудагы АКШ сыяктуу мамлекеттер башыбызга түшүп жаткан кырсыктардын уюштуруучулары экендигин билип туруп да алардан жардам күтүп жатышат.

Тыянак кылып айта турган болсок, мусулмандар куфрдан үмүттөнүшү башынан эле туура эмес болчу. Бүгүнкү күнгө келип, ошол таянган куфр системасы чыныгы жүзүн көрсөтө баштады. Алардын жырткычтыгына чек жок. Болгону алар өз жырткычтыгына өздөрүнүн дүйнө карашынан келип чыгып мыйзамдуу түс беришсе, биз мусулмандар да алардын куфр негизинде берген жалпы бааларынан таасирленип, коркуп же сүкүт сактап, канааттанып жаткандай болуп жатабыз. Жок деп айтуунун убагы келди! Биз силерден эмеспиз! Биз акыретте силер менен бирге тирилүүнү каалабайбыз!

Куфр системасын өлкөлөрүбүздө негиз кылып, мыйзам жана программаларыбызды куфр мабдаъсы негизинде иштеп чыгып, аларды турмуштук проблемалардын чечими катары кармап келген соң, биз Мадаяга зулум кылгандарга билген же билбеген абалда жардам берип жаткан болобуз. Проблеманын чечими куфрдун борбору болгон БУУда эмес, тескерисинче дүйнө мусулмандарынын куфрду колдонуп, исламий системаны таштап коюшкандыгында. Исламды турмушубузга Мабдаъ (система) катары кайрадан алып келбесек, анда башыбызга кырсыктарды алып келип жаткан куфрдун өзүнөн жардам суроо менен убара болуп жүрө беребиз.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here