Кыргызстанда турак жай жана автоунаалар милдеттүү камсыздандыруудан өткөрүлөт

348
0

Кыргызстанда 7-февралдан тарта автоунаа жана турак жайларды милдеттүү камсыздандыруу башталат. Турак жайлар мамлекетке караштуу компаниялар тарабынан камсыздандырылат. Ал эми автоунаалар болсо жеке менчик 10 компания тарабынан камсыздандырылат. Камсыздандыруу компаниялары менен келишим түзүп алууга бир ай убакыт берилет. Андан кийин күч түзүмдөрү тарабынан жарандарга 1000 сом өлчөмүндө штраф салынышы мүмкүн. Бул мыйзам жарандардын нааразылыгына себеп болуп жаткандыгына карабастан, депутаттар аны дээрлик бир добуш менен кабыл алышты.

Мыйзамга ылайык, эгерде камсыздандыруудан өткөн үй табигый кырсыктан жапа чексе, мамлекеттик компания 500 миң сом төлөп берет, шаар жергесинде бул көлөм 1 млн. сомго чейин жетет, автоунаалар үчүн 500 000 сомго чейинки өлчөмдө акча берилиши мүмкүн. Өкмөткө караштуу маалымат каражаттары “кыргызстандыктардын бул мыйзамга карата ыраазы болгондору менен нааразы болгондору бирдей эле өлчөмдө” деген маанини берүүгө аракет кылып жатышат. Чындыгында болсо, бүтүндөй калк бул ишке нааразы.

Бирок, акыйкатта абал андай эмес. Кыргыз калкынын абалы начар жана келечекте мындан да жаман болушу мүмкүн. Муну ал тургай өкмөт башчынын өзү да тастыктады. Жарандардын ушундай оор абалын көрүп-билип туруп да, аларды талап-тоноо максатында ушул сыяктуу мыйзамдардын ушундай күндөрдө ишке ашырылышы өтө жаман көрүнүш. Ооба, баарыбызды оор абалдар күтүп жатат. Бул абалга келип калышыбызга дал ушул өкмөттөр айыптуу. Бирок, бул кризисте өкмөт өзүн гана ойлооо менен коррупциялашкан режиминин кызыкчылыгы үчүн элдин үстүнө ар түрдүү салыктарды салуучу о.э. карапайым калкты талап-тоноочу мыйзамдарды ойлоп таба бериши алардын ачкөздүгүн далилдеп турат.

Өкмөт коррупцияга белчесинен батып болду. Демек, ушул абалында милдеттүү камсыздандыруу тармагын да көзөмөл кыла албайт. Министрлер өкмөттүн алсыз абалынан пайдаланып ушул камсыздандыруу аркылуу өтө чоң экономикалык шылуундуктарды ойлоп табышкан. Алар  бюджеттеги дефицитти кантип жабуу тууралуу баш катырып жатып, ушул камсыздандыруу ишин, кумарканаларды кайрадан ачуу маселесин, ГЭСтерди бирөөлөргө сатуу долбоорлорун карап чыгышат. Бирок, бул тармактардан түшүүчү каражаттарды көзөмөлдөөчү органдардын дээрлик бардыгы коррупцияга батып болушкан. Алар бул акчаларды кантип бөлүштүрүп алуу жөнүндө гана пикирлешет.

Камсыздандыруу шариятта арам иштерден болуп эсептелет. Ошондуктан, буга чейинки ыктыярдуу камсыздандыруу компанияларына дээрлик эч ким барган эмес. Эми аны мусулмандарга милдеттүү түрдө жүктөп жатышат. Бул тууралуу ислам аалымдары пикирлерин айтышы керек.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here